Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 15
Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении" · гл. 3Статус: действует

Статья 15. Права и обязанности лиц в сфере профилактики и борьбы с туберкулезом

1.

Лица, заболевшие туберкулезом, имеют право:

1) на получение информации о своих правах и характере имеющегося у них заболевания и применяемых методах лечения;

2) на получение лечения в государственных и муниципальных организациях здравоохранения первичной медико-санитарной и специализированной медицинской помощи в соответствии с ПГГ;

3) при вызове или направлении на консультацию в противотуберкулезные организации - на бесплатный (туда и обратно) проезд за счет средств республиканского и местного бюджетов;

4) при временной утрате трудоспособности вследствие заболевания туберкулезом - на сохранение места работы и занимаемой должности на срок до установления группы инвалидности либо до клинического выздоровления в соответствии с трудовым законодательством;

5) на бесплатные обязательные лабораторно-диагностические исследования в соответствии с ПГГ;

6) на противоэпидемические мероприятия в местах проживания больных туберкулезом в соответствии с настоящим Законом;

7) если являются официальными безработными, на период поиска работы, включая период временной нетрудоспособности, - на пособие по безработице в соответствии с законодательством в сфере содействия занятости населения.

2.

Дети, получающие профилактическое лечение, имеют право на обучение по образовательным программам в соответствии с государственными образовательными стандартами в организациях образования независимо от форм собственности.

3.

Контактные лица с заболевшим туберкулезом имеют право:

1) на бесплатные обязательные лабораторно-диагностические исследования для выявления лиц, представляющих риск заражения окружающих туберкулезом, а также на медицинское обследование с периодичностью, определяемой уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения;

2) на профилактические мероприятия в местах проживания больных туберкулезом.

4.

Лица, заболевшие туберкулезом, обязаны:

1) встать на учет в организациях здравоохранения по месту фактического проживания;

2) выполнять рекомендации медицинского работника по поведению в быту и на производстве;

3) являться в организацию здравоохранения по вызову медицинского работника;

4) оберегать от заражения туберкулезом окружающих его людей, не препятствовать проведению противоэпидемических и профилактических мероприятий, мер по укреплению здоровья в местах их фактического проживания;

5) при смене места жительства в десятидневный срок встать на учет в организациях здравоохранения по месту фактического проживания.

5.

Контактные лица с заболевшим туберкулезом обязаны:

1) проходить лабораторно-диагностические исследования для выявления лиц, представляющих риск заражения окружающих туберкулезом, а также медицинское обследование с периодичностью, определяемой уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения;

2) проходить профилактическое лечение, определяемое уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения;

3) являться в организацию здравоохранения по вызову медицинского работника.

Кыргызча
Адамдардын кургак учуктун алдын алуу жана ага каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү укуктары жана милдеттери 1. Кургак учук менен ооруган адамдар төмөнкүлөргө укуктуу: 1) өздөрүнүн укуктары жана алардын ооруларынын мүнөзү жана дарылоонун колдонулуучу методдору жөнүндө маалыматтарды алууга; 2) алгачкы медициналык-санитардык жана адистештирилген медициналык жардамдын мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында МКПга ылайык дарыланууга; 3) кургак учукка каршы уюмга чакырууда же кеңешүүгө жөнөтүүдө - республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен акысыз (барыш-келиши) жол жүрүүгө; 4) кургак учук оорусунун кесепетинен эмгекке жарамдуулугун убактылуу жоготкондо - эмгек мыйзамдарына ылайык майыптык тобу аныкталганга чейинки же болбосо клиникалык айыкканга чейинки мөөнөткө иштеген ордунун жана ээлеген кызматынын сакталышына; 5) МКПга ылайык акысыз милдеттүү лабораториялык-диагностикалык текшерилип турууга; 6) ушул Мыйзамга ылайык кургак учук менен ооругандар жашаган жерлерде эпидемияга каршы иш-чараларга; 7) эгерде расмий түрдө жумушсуз болуп саналса, жумуш издөө мезгилине, анын ичинде эмгекке убактылуу жарамсыздык мезгилине калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жумушсуздук боюнча жөлөкпулга. 2. Профилактикалык дарыланып жаткан балдар мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында билим берүү программалары боюнча окууга укуктуу. 3. Кургак учук менен ооругандар менен байланышта болгон адамдар төмөнкүлөргө укуктуу: 1) айланасындагыларга кургак учук жугузуу тобокелдиги бар адамдарды аныктоо үчүн акысыз милдеттүү лабораториялык-диагностикалык текшерүүлөргө, ошондой эле саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу мезгилде медициналык жактан текшерилип турууга; 2) кургак учук менен ооругандар жашаган жерлерде алдын алуучу иш-чараларга. 4. Кургак учук менен ооруган адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) иш жүзүндө жашап жаткан жери боюнча саламаттык сактоо уюмдарында каттоого турууга; 2) турмуш-тиричиликте жана өндүрүштө жүрүм-туруму боюнча медициналык кызматкердин сунуштамаларын аткарууга; 3) медициналык кызматкердин чакыруусу боюнча саламаттык сактоо уюмуна келүүгө; 4) айланасындагы адамдарга кургак учук жугузуудан сактанууга, алар иш жүзүндө жашаган жерлерде эпидемияга каршы жана профилактикалоо иш-чараларын, ден соолукту чыңдоо боюнча чараларды жүргүзүүгө тоскоолдук кылбоого; 5) жашаган жерин алмаштырганда он күндүк мөөнөттө иш жүзүндө жашап жаткан жери боюнча саламаттык сактоо уюмдарында каттоого турууга. 5. Кургак учук менен ооруган адам менен байланышта болгон адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) айланасындагыларга кургак учук жугузуу тобокелдиги бар адамдарды аныктоо үчүн акысыз милдеттүү лабораториялык-диагностикалык текшерүүлөргө, ошондой эле саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу мезгилде медициналык жактан текшерилип турууга; 2) саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу профилактикалык дарылануудан өтүүгө; 3) медициналык кызматкердин чакыруусу боюнча саламаттык сактоо уюмуна келүүгө.