Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 14
Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении" · гл. 3Статус: действует

Статья 14. Права и обязанности граждан при осуществлении иммунопрофилактики

1.

Граждане при осуществлении иммунопрофилактики имеют право:

1) на получение от медицинских работников полной и объективной информации о необходимости профилактических прививок, последствиях отказа от них, возможных ПППИ;

2) на получение бесплатных профилактических прививок, включенных в Календарь профилактических прививок, в соответствии с ПГГ в государственных организациях здравоохранения;

3) на получение платных профилактических прививок, не включенных в Календарь профилактических прививок, в организациях здравоохранения независимо от форм собственности;

4) в соответствии с ПГГ на получение профилактических прививок по эпидемиологическим показаниям при угрозе возникновения и распространения инфекционных болезней;

5) на бесплатный медицинский осмотр, а при необходимости и медицинское обследование перед профилактическими прививками в государственных организациях здравоохранения;

6) на бесплатное лечение в государственных организациях здравоохранения при возникновении ПППИ;

7) на социальную защиту при возникновении ПППИ;

8) на отказ от профилактических прививок, если иное не предусмотрено другими нормативными актами.

2.

Перечень работ, выполнение которых связано с высоким риском заболевания инфекционными болезнями и требует обязательного проведения профилактических прививок, устанавливается Кабинетом Министров.

3.

На медицинских работников, осуществляющих иммунопрофилактику, распространяются права и обязанности, предусмотренные законодательством об охране здоровья. Медицинские работники обязаны в двухдневный срок письменно проинформировать соответствующее территориальное подразделение уполномоченного органа по защите детей об умышленном отказе родителей и лиц, их заменяющих, от профилактических прививок ребенку, предусмотренных Календарем профилактических прививок, а также случаях наступления вреда здоровью ребенку вследствие отказа родителей и лиц, их заменяющих, от профилактических прививок ребенку, предусмотренных Календарем профилактических прививок.

4.

При осуществлении иммунопрофилактики граждане обязаны:

1) выполнять предписания и рекомендации медицинских работников;

2) выполнять предписания и рекомендации медицинских работников в отношении обязательной или рекомендованной вакцинации;

3) в письменной форме подтверждать отказ от профилактических прививок.

5.

Отказ от профилактических прививок с указанием последствий оформляется записью в медицинских документах, в том числе в электронном формате, и подписывается лицом, отказавшимся от профилактических прививок и медицинским работником. В случае отказа от подписания такого отказа, осуществляется соответствующая запись об этом в медицинских документах, в том числе в электронном формате, и подписывается медицинским работником.

6.

Территориальные подразделения уполномоченного органа по защите детей вносят в установленном порядке на рассмотрение комиссий по делам детей случаи умышленного отказа родителей и лиц, их заменяющих, от профилактических прививок ребенку, предусмотренных Календарем профилактических прививок, для последующего принятия решений по защите ребенка.

7.

Родители и лица, их заменяющие, умышленно отказавшиеся от профилактических прививок ребенку, предусмотренных Календарем профилактических прививок, повлекшее наступление вреда здоровью ребенку, несут ответственность в порядке, установленном законодательством Кыргызской Республики.

8.

При умышленном отказе родителей и лиц, их заменяющих, от профилактических прививок ребенку, предусмотренных Календарем профилактических прививок, а также в случаях выявления наступления вреда здоровью ребенку в связи с отказом родителей и лиц, их заменяющих, от профилактических прививок ребенку, предусмотренных Календарем профилактических прививок, медицинские работники не несут ответственности.

Кыргызча
Иммунопрофилактиканы ишке ашырууда жарандардын укуктары жана милдеттери 1. Жарандар иммунопрофилактиканы ишке ашырууда төмөнкүлөргө укуктуу: 1) медициналык кызматкерлерден алдын ала эмдөөлөрдүн зарылдыгы, алардан баш тартуунун кесепеттери, мүмкүн болгон ИККТ жөнүндө толук жана объективдүү маалыматтарды алууга; 2) мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында МКПга ылайык Алдын ала эмдөөлөрдүн календарына киргизилген акысыз алдын ала эмдөөлөрдү алууга; 3) менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдарында Алдын ала эмдөөлөрдүн календарына киргизилбеген акы төлөнүүчү алдын ала эмдөөлөрдү алууга; 4) МКПга ылайык жугуштуу оорулардын келип чыгуу жана таркап кетүү коркунучу болгондо, эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча алдын ала эмдөөлөрдү алууга; 5) акысыз медициналык кароодон өтүүгө, зарыл болгондо мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдарында алдын ала эмдөөлөрдүн алдында медициналык жактан текшерилүүгө; 6) ИККТ келип чыкканда саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдарында акысыз дарыланууга; 7) ИККТ келип чыкканда социалдык коргонууга; 8) эгерде башка ченемдик актыларда башкача каралбаса, алдын ала эмдөөлөрдөн баш тартууга. 2. Аткарылышы жугуштуу оорулар менен ооруп калуунун жогорку тобокелдиги менен байланышкан жана алдын ала эмдөөлөрдү милдеттүү жүргүзүүнү талап кылган жумуштардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. 3. Иммунопрофилактиканы жүзөгө ашыруучу медициналык кызматкерлерге саламаттык сактоону коргоо жөнүндө мыйзамдарда каралган укуктар жана милдеттер жайылтылат. Медициналык кызматкерлер эки күндүк мөөнөттө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын тиешелүү аймактык бөлүмүнө ата-энелердин жана аларды алмаштыруучу адамдардын Алдын ала эмдөөлөрдүн календарында каралган алдын алуучу эмдөөлөрдү баланын алуусунан атайылап баш тарткандыгы, ошондой эле ата-энелердин жана аларды алмаштыруучу адамдардын Алдын ала эмдөөлөрдүн календарында каралган алдын алуучу эмдөөлөрдү баланын алуусунан баш тарткандыгынын натыйжасында баланын ден соолугуна зыян келген учурлар жөнүндө жазуу жүзүндө маалымдоого милдеттүү. 4. Иммунопрофилактиканы жүзөгө ашырууда жарандар төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) медициналык кызматкерлердин эскертүүлөрүн жана сунуштамаларын аткарууга; 2) милдеттүү же сунушталган вакцинациялоого карата медициналык кызматкерлердин эскертүүлөрүн жана сунуштамаларын аткарууга; 3) алдын ала эмдөөлөрдөн баш тартууну жазуу жүзүндө ырастоого. 5. Алдын ала эмдөөлөрдөн баш тартуунун кесепеттерин көрсөтүү менен медициналык документтерге, анын ичинде электрондук форматта жазуу менен таризделет жана алдын ала эмдөөлөрдөн баш тарткан адам жана медициналык кызматкер тарабынан кол коюлат. Мындай баш тартууга кол коюудан баш тарткан учурда бул жөнүндө медициналык документтерге, анын ичинде электрондук форматта тиешелүү жазуу жүргүзүлөт жана медициналык кызматкер тарабынан кол коюлат. 6. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү балдарды коргоо боюнча чечимдерди кийин кабыл алуу үчүн ата-энелердин жана аларды алмаштыруучу адамдардын Алдын ала эмдөөлөрдүн календарында каралган алдын алуучу эмдөөлөрдү баланын алуусунан атайылап баш тартуу учурларын белгиленген тартипте балдар иштери боюнча комиссиялардын кароосуна киргизет. 7. Алдын ала эмдөөлөрдүн календарында каралган алдын алуучу эмдөөлөрдү баланын алуусунан атайылап баш тарткан ата-энелер жана аларды алмаштыруучу адамдар, баланын ден соолугуна зыян келтирилгенде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартышат. 8. Ата-энелер жана аларды алмаштыруучу адамдар Алдын ала эмдөөлөрдүн календарында каралган алдын алуучу эмдөөлөрдү баланын алуусунан атайылап баш тартканда, ошондой эле ата-энелер жана аларды алмаштыруучу адамдар алдын алуучу эмдөөлөрдү баланын алуусунан баш тарткандыгына байланыштуу баланын ден соолугуна зыян келгендиги табылган учурларда, медициналык кызматкерлер жоопкерчилик тартпайт.