Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 13
Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении" · гл. 3Статус: действует

Статья 13. Общие права и обязанности человека и гражданина в сфере общественного здравоохранения

1.

Каждый имеет право:

1) на уважительное и гуманное отношение, исключающее унижение человеческого достоинства в связи с заболеванием;

2) на благоприятную среду обитания, факторы которой не оказывают вредного воздействия на человека;

3) на свободный выбор врача, организаций общественного здравоохранения независимо от форм собственности;

4) на получение информации о правах, характере имеющегося заболевания и применяемых услугах общественного здравоохранения;

5) на получение достоверной информации о заболеваниях и мерах профилактики;

6) получать информацию о санитарно-эпидемиологической обстановке, состоянии среды обитания, качестве и безопасности продукции;

7) осуществлять общественный контроль за выполнением требований технических регламентов в сфере охраны здоровья и санитарно-эпидемиологического благополучия населения;

8) вносить в государственные органы, местные государственные администрации, органы местного самоуправления и организации общественного здравоохранения предложения об обеспечении охраны и укрепления здоровья населения;

9) на возмещение в полном объеме вреда в соответствии с гражданским законодательством, причиненного их здоровью или имуществу вследствие нарушения другими гражданами, физическими и юридическими лицами законодательства в сфере общественного здравоохранения, а также при выполнении профилактических мероприятий;

10) обращаться с заявлениями (жалобами) в организации службы общественного здравоохранения по вопросам неудовлетворительного состояния объектов, качества продукции и услуг;

11) получать информацию о здоровом образе жизни, укреплении здоровья на протяжении всей жизни и профилактике заболеваний.

2.

Каждый обязан:

1) выполнять требования настоящего Закона, нормативных правовых актов в сфере охраны здоровья, санитарно-эпидемиологических правил и нормативов, минимальные санитарные требования;

2) заботиться о собственном здоровье, а также о здоровье и гигиеническом воспитании и обучении своих детей;

3) не осуществлять действия, влекущие за собой нарушение прав других граждан на охрану здоровья и благоприятную для здоровья среду обитания;

4) выполнять рекомендации медицинского работника по вопросам общественного здравоохранения.

(В редакции Закона КР от 29 октября 2025 года № 245 )

Кыргызча
Адамдын жана жарандын коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү жалпы укуктары жана милдеттери 1. Ар бир адам төмөнкүлөргө укуктуу: 1) ооруга байланыштуу адамдын кадыр-баркын кемсинтүүнү болтурбоочу сый-урматтуу жана гумандуу мамиледе болууга; 2) факторлору адамга зыяндуу таасирин тийгизбеген жагымдуу жашоо чөйрөсүнө; 3) врачты, менчигинин түрүнө карабастан коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарын эркин тандоого; 4) укуктары, учурдагы оорусунун мүнөзү жана коомдун саламаттыгын сактоо боюнча көрсөтүлүүчү кызматтар тууралуу маалыматтарды алууга; 5) оорулары жана алдын алуу чаралары жөнүндө анык маалыматтарды алууга; 6) санитардык-эпидемиологиялык кырдаал, жашоо чөйрөсүнүн абалы, продукциялардын сапаты жана коопсуздугу жөнүндө маалымат алууга; 7) калктын саламаттыгын коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү техникалык регламенттердин талаптарын аткарууга коомдук контролдоо жүргүзүүгө; 8) мамлекеттик органдарга, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана коомдун саламаттыгын сактоо уюмдарына калктын саламаттыгын коргоону жана чыңдоону камсыз кылуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө; 9) башка жарандар, жеке жана юридикалык жактар тарабынан коомдун саламаттыгын сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуусунан улам, ошондой эле алдын алуу иш-чараларын аткарууда ден соолугуна же мүлкүнө келтирилген зыянды жарандык мыйзамга ылайык толук көлөмүндө ордун толтуруп алууга; 10) объекттердин канааттандырбаган абалы, продукциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапаты маселелери боюнча коомдун саламаттыгын сактоо кызматынын уюмдарына арыздар (даттануулар) менен кайрылууга; 11) сергек жашоо мүнөзү, өмүр бою ден соолугун чыңдоо жана оорулардын алдын алуу жөнүндө маалыматтарды алууга. 2. Ар бир адам төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) ушул Мыйзамдын, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин талаптарын, минималдуу санитардык талаптарды аткарууга; 2) өзүнүн ден соолугуна, ошондой эле өз балдарынын ден соолугуна, аларга гигиеналык тарбия берүүгө жана окутууга кам көрүүгө; 3) башка жарандардын ден соолукту коргоого жана ден соолук үчүн жагымдуу жашоо чөйрөсүнө болгон укуктарын бузууга алып келүүчү иш-аракеттерди жасабоого; 4) коомдун саламаттыгын сактоо маселелери боюнча медициналык кызматкердин сунуштамаларын аткарууга. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)