Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 110
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · ст. 110Статус: действует

Статья 110. Требования к обозначенным продуктам

1.

Обозначенные продукты должны соответствовать требованиям безопасности, устанавливаемым в технических регламентах.

2.

Любой обозначенный продукт может распространяться только в случае, если информация на его упаковке или этикетке соответствует требованиям данного Закона к обозначенным продуктам. Каждая партия завозимого обозначенного продукта подлежит оценке (подтверждению) соответствия.

3.

Фотографии, рисунки или другие графические изображения, а также тексты на этикетках обозначенных продуктов предназначены только для ознакомления со способами их приготовления.

4.

Упаковка и информация на этикетках обозначенных продуктов, кроме бутылочек, сосок-пустышек, должны соответствовать следующим требованиям:

1) наличие инструкции по надлежащему приготовлению и использованию в словесной и легко воспринимаемой графической форме;

2) указание цифрами возраста, с которого обозначенный продукт рекомендуется к употреблению;

3) предупреждение об опасности для здоровья в случаях неправильного использования, приготовления или хранения, а также введения продукта до достижения рекомендованного возраста;

4) перечень ингредиентов и декларация пищевой ценности в соответствии с соответствующими техническими регламентами или в соответствии с международными стандартами;

5) условия хранения до и после вскрытия, с учетом климатических условий;

6) номер партии, дата изготовления и дата, до которой продукт должен быть употреблен, с учетом климатических условий и условий хранения;

7) название страны, наименование, местонахождение (адрес) изготовителя, упаковщика, экспортера, импортера.

5.

Иные требования к упаковке и информации на этикетках обозначенных продуктов устанавливаются Кабинетом Министров.

6.

Производитель или распространитель не должен предлагать к продаже или продавать обозначенный продукт, если его маркировка содержит любое заявление о здоровье или питании, или любое представление, которое утверждает или предполагает, что существует связь между продуктом или его компонентом и здоровьем, включая физиологическую роль питательного вещества в росте, развитии и нормальных функциях организма.

Кыргызча
Белгиленген азыктарга карата талаптар 1. Белгиленген азыктар техникалык регламенттерде белгиленген коопсуздук талаптарына шайкеш келүүгө тийиш. 2. Белгиленген кандай болбосун азык анын таңгагындагы же этикеткасындагы маалыматтар белгиленген азыктарга карата ушул Мыйзамдын талаптарына дал келген учурда гана жайылтылышы мүмкүн. Белгиленген азыктын ташып келинген ар бир партиясы шайкештикке бааланууга (ырасталууга) тийиш. 3. Белгиленген азыктардын этикеткаларындагы фотосүрөттөр, сүрөттөр же башка графикалык сүрөттөлүштөр, ошондой эле тексттер аларды даярдоонун ыкмалары менен таанышуу үчүн гана багытталган. 4. Бөтөлкөлөрдөн, бош упчулардан тышкары, белгиленген азыктардын таңгагы жана этикеткаларындагы маалымат төмөнкүдөй талаптарга шайкеш келүүгө тийиш: 1) сөз жүзүндөгү жана оңой түшүндүрүлүүчү графикалык түрдө; талаптагыдай даярдоо жана пайдалануу боюнча нускаманын болушу; 2) белгиленген азыкты колдонуу сунушталган жаш куракты сандар менен көрсөтүү; 3) азыкты туура эмес колдонууда, даярдоодо же сактоодо, ошондой эле сунушталган жаш курагына чыкканга чейин берген учурда ден соолук үчүн коркунучу тууралуу эскертүү; 4) ингредиенттердин тизмеги жана азыктын баалуулугунун декларациясы тиешелүү техникалык регламенттерге ылайык же эл аралык стандарттарга ылайык; 5) климаттык шарттарды эске алуу менен, ачканга чейинки жана ачкандан кийинки сактоо шарттары; 6) партиянын номери, даярдалган датасы жана климаттык шарттарды жана сактоо шарттарын эске алуу менен азык ошого чейин колдонулууга тийиш болгон датасы; 7) өлкөнүн аталышы, даярдоочунун, таңгактоочунун, экспорттоочунун, импорттоочунун аталышы, жайгашкан жери (дареги). 5. Белгиленген азыктардын таңгагына жана этикеткаларындагы маалыматтарга карата башка талаптар Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. 6. Эгерде белгиленген азыктын маркировкасы ден соолук же азык жөнүндө кандай болбосун билдирүүнү, же азыктын же анын компонентинин жана ден соолуктун ортосунда байланыш бар экенин ырастаган же болжолдогон кандай болбосун түшүнүктү, анын ичинде азыктандыруучу заттын организмдин өсүшүнө, өөрчүшүнө жана ченемдеги функциялары үчүн физиологиялык ролун камтыса, өндүрүүчү же таратуучу белгиленген азыкты сатууга сунуш кылбоого же сатпоого тийиш.