Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 112
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · ст. 112Статус: действует

Статья 112. Информация и просвещение в сфере грудного вскармливания

1.

Уполномоченный государственный орган в сфере здравоохранения обеспечивает проведение соответствующих информационных и образовательных курсов для беременных женщин и кормящих матерей.

2.

Информационные и образовательные материалы по питанию младенцев и детей раннего возраста, представленные в письменной, аудио- или визуальной форме и предназначенные для распространения среди беременных женщин, матерей младенцев и детей раннего возраста, должны быть написаны на государственном и официальном языках и должны:

1) содержать только достоверную и актуальную информацию и не должны использовать никакие изображения или тексты, которые поощряют искусственное вскармливание или использование бутылочек для кормления, или препятствуют грудному вскармливанию;

2) не создавать впечатление или убеждение, что указанный продукт эквивалентен, сопоставим или превосходит грудное молоко или грудное вскармливание;

3) не содержать фирменного наименования или логотипа какого-либо обозначенного продукта, а также какого-либо производителя или дистрибьютора обозначенного продукта, а также четко и наглядно объяснять каждый из следующих подпунктов:

а) преимущества и приоритетность грудного вскармливания;

б) ценность исключительного грудного вскармливания в течение 6 месяцев с последующим продолжением грудного вскармливания в течение двух лет или более;

в) как начать и поддерживать исключительное грудное вскармливание;

г) трудности, возникающие при возврате к грудному вскармливанию;

д) важность введения прикорма в возрасте шести месяцев;

ж) причины отрицательного влияния введения искусственного питания или раннего введения прикорма, на грудное вскармливание, а также возможность приготовления прикорма в домашних условиях из местных продуктов;

4) предоставлять следующую информацию об искусственном вскармливании или использовании бутылочек для кормления:

а) инструкции по правильному приготовлению, хранению и использованию продукта, включая очищение и стерилизацию посуды для кормления;

б) разъяснения по кормлению детей из чашки;

в) риски для здоровья при искусственном вскармливании, использовании бутылочек для кормления и неправильном приготовлении продукта;

г) предупреждение об отсутствии стерильности порошкообразной смеси и возможности ее загрязнения патогенными микроорганизмами в процессе производства или в процессе приготовления.

3.

Медицинские образовательные организации могут использовать предоставленные производителями и дистрибьюторами научные и фактические данные об обозначенных продуктах в образовательных программах после оценки качества данных уполномоченным органом.

Кыргызча
Эмчек эмизип багуу чөйрөсүндөгү маалымат жана агартуу 1. Саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кош бойлуу аялдар жана бала эмизген энелер үчүн тийиштүү маалыматтык жана окутуу курстарын өткөрүүнү камсыз кылат. 2. Ымыркайларды жана эрте жаштагы балдарды тамактандыруу боюнча жазуу, аудио же визуалдык түрдө берилген жана кош бойлуу аялдардын, ымыркайлардын жана эрте жаштагы балдардын энелеринин арасында таратуу үчүн багытталган маалыматтык жана билим берүү материалдары мамлекеттик жана расмий тилдерде жазылууга тийиш жана: 1) анык жана актуалдуу маалыматты гана камтышы керек жана жасалма тамактандырууну же тамактандыруу үчүн бөтөлкөлөрдү пайдаланууну өбөлгөлөгөн, же эмчек эмизүүгө тоскоол болуучу эч кандай сүрөттөрдү же тексттерди пайдаланбоого тийиш; 2) көрсөтүлгөн азык эмчек сүтү же эмчек эмизип багуу менен бирдей, салыштырууга болот же андан артыкчылыктуу деген ой-пикирди же ишенимди жаратпоого тийиш; 3) кандайдыр бир белгиленген азыктын, ошондой эле белгиленген азыктын кандайдыр бир өндүрүүчүсүнүн же дистрибьюторунун фирмалык аталышын же логотибин камтыбоого, ошондой эле төмөнкүдөй пунктчалардын ар бирин так жана көрүнөө түшүндүрүүгө тийиш: а) эмчек эмизип багуунун артыкчылыктарын жана алдыда экендигин; б) 6 айдын ичинде эмчек эмизип гана багуунун, андан ары эки же андан көп жылдын ичинде эмчек эмизип багууну улантуунун баалуулугун; в) эмчек эмизип гана багууну кантип баштоо жана колдоо керектигин; г) эмчек эмизип багууга кайткан учурда келип чыгуучу кыйынчылыктарды; д) алты айлык куракта кошумча тамакты киргизүүнүн маанилүүлүгүн; ж) жасалма тамактандырууну киргизүүнүн же кошумча тамакты эрте киргизүүнүн эмчек эмизип багууга терс таасиринин себептери, ошондой эле кошумча тамакты үй шарттарында жергиликтүү азыктардан даярдоо мүмкүнчүлүгү; 4) жасалма тамактандыруу же тамак берүү үчүн бөтөлкөлөрдү пайдалануу жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды берүүгө тийиш: а) азыкты туура даярдоо, сактоо жана колдонуу, анын ичинде тамак берүү үчүн идишти тазалоо жана стерилизациялоо боюнча нускамаларды; б) балдарды чөйчөктөн тамактандыруу боюнча түшүндүрмөлөрдү; в) жасалма тамактандыруу учурунда, тамак берүүдө бөтөлкөлөрдү колдонууда жана азыкты туура эмес даярдоодо ден соолук үчүн тобокелдиктерди; г) күкүм түрүндөгү аралашманын стерилбенбегендиги жана өндүрүү процессинде же даярдоо процессинде анын патогендик микроорганизмдер менен булгануу мүмкүндүгү жөнүндө эскертүү. 3. Медициналык билим берүү уюмдары өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор тарабынан берилген белгиленген азыктар тууралуу илимий жана иш жүзүндөгү маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан маалыматтардын сапаты баалангандан кийин билим берүү программаларында пайдалана алат.