Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 111
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · ст. 111Статус: действует

Статья 111. Ограничение маркетинга обозначенных продуктов

1.

Производителям и распространителям обозначенных продуктов запрещается:

1) осуществлять продвижение обозначенных продуктов, в том числе в местах оптовой и розничной торговли, а также в организациях здравоохранения;

2) финансировать и спонсировать мероприятия, конкурсы, встречи, семинары, курсы повышения квалификации, конференции, кампании или программы, связанные с репродуктивным здоровьем, беременностью, родами, кормлением детей грудного и раннего возраста или смежными темами;

3) консультировать любыми способами мероприятия, предназначенные для беременных и кормящих женщин;

4) безвозмездно оказывать услуги организациям здравоохранения, имеющим отношение к использованию обозначенного продукта;

5) дарить обозначенные продукты организациям здравоохранения, за исключением учреждений социального обеспечения;

6) продавать обозначенные продукты организациям здравоохранения и учреждениям социального обеспечения по цене ниже восьмидесяти процентов по сравнению с розничной ценой;

7) передавать беременным женщинам, матерям младенцев и детей раннего возраста или другим членам их семей образцы обозначенных продуктов или иные предметы, которые могли бы способствовать применению этих продуктов;

8) передавать организациям здравоохранения в качестве дара или пожертвований материалы и оборудование, на которых могут быть указаны наименование производителя или его условное обозначение, а также название торговой марки обозначенных продуктов;

9) предлагать или предоставлять любые подарки, пожертвования, спонсорство, пособия, финансовые или иные средства, представляющие какую-либо ценность для работника здравоохранения или ассоциации работников здравоохранения, занимающихся вопросами здоровья матери и ребенка;

10) прямо или косвенно устанавливать взаимоотношения с родителями и другими лицами, осуществляющими уход за детьми.

2.

Работникам здравоохранения или ассоциациям работников здравоохранения, занимающимся вопросами здоровья матери и ребенка, запрещается:

1) принимать какие-либо подарки, пожертвования, спонсорство, выгоды - финансовые или любой другой ценности, от производителя или дистрибьютора, или любого лица от его или ее имени;

2) принимать или передавать образцы обозначенных продуктов любому лицу;

3) распространять обозначенные продукты, а также получать за это вознаграждение в денежной или в какой-либо иной форме;

4) демонстрировать использование обозначенных продуктов.

Демонстрация обозначенных продуктов законным представителям детей и иным членам семьи может осуществляться только медицинскими или социальными работниками в случаях, когда по медицинским и социальным показаниям детям рекомендованы обозначенные продукты. В таких случаях необходимо давать четкое объяснение рисков использования детской смеси.

3.

Запрещаются продажа или иное отчуждение обозначенных продуктов в аптеках при организациях здравоохранения.

4.

Обозначенные продукты предоставляются и используются в организациях здравоохранения и учреждениях социального обеспечения только для тех детей, которые вынуждены получать искусственное питание.

Кыргызча
Белгиленген азыктардын маркетингин чектөө 1. Белгиленген азыктарды өндүрүүчүлөргө жана таратуучуларга төмөнкүлөргө тыюу салынат: 1) белгиленген азыктарды, анын ичинде дүң жана чекене соода жайларында, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарында илгерилетүүнү жүзөгө ашырууга; 2) репродуктивдик саламаттык, кош бойлуулук, төрөт, эмчек эмген жана эрте жаштагы балдарды тамактандыруу же жакын темалар менен байланышкан иш-чараларды, конкурстарды, жолугушууларды, семинарларды, квалификацияны жогорулатуу курстарын, конференцияларды, кампанияларды же программаларды каржылоого жана демөөрчүлүк кылууга; 3) кош бойлуулар жана бала эмизген энелер үчүн арналган иш-чараларда кандай болбосун ыкмалар менен консультация берүүгө; 4) белгиленген азыкты пайдаланууга тиешеси бар саламаттык сактоо уюмдарына кызматтарды бекер көрсөтүүгө; 5) социалдык камсыздоо мекемелерин кошпогондо, саламаттык сактоо уюмдарына белгиленген азыктарды тартуулоого; 6) белгиленген азыктарды саламаттык сактоо уюмдарына жана социалдык камсыздоо мекемелерине чекене баага салыштырмалуу сексен пайыздан төмөн баада сатууга; 7) кош бойлуу . аялдарга, ымыркайлардын жана эрте жаштагы балдардын энелерине же алардын башка үй-бүлө мүчөлөрүнө белгиленген азыктардын үлгүлөрүн же ушул азыктарды колдонууга түрткү бериши мүмкүн болгон башка предметтерди берүүгө; 8) белгиленген азыктардын өндүрүүчүсүнүн аталышы же анын шарттуу белгиси, ошондой эле соода маркасынын аталышы көрсөтүлүшү мүмкүн болгон материалдарды жана жабдууларды саламаттык сактоо уюмдарына белек же кайрымдуулук катары өткөрүп берүүгө; 9) эненин жана баланын саламаттыгы маселелери менен алектенген саламаттык сактоо кызматкери же саламаттык сактоо кызматкерлеринин ассоциациялары үчүн кандайдыр бир баалуулукту түзгөн кандай болбосун белектерди, кайрымдуулуктарды, демөөрчүлүктү, жөлөкпулду, финансылык же башка каражаттарды сунуштоого же берүүгө; 10) ата-энелер жана балдарга кам көрүүнү жүзөгө ашырып жаткан башка адамдар менен өз ара мамилелерди түз же кыйыр түрдө түзүүгө. 2. Эненин жана баланын саламаттыгынын маселелери менен алектенген саламаттык сактоо кызматкерлерине же саламаттык сактоо кызматкерлеринин ассоциацияларына төмөнкүлөргө тыюу салынат: 1) өндүрүүчүдөн же дистрибьютордон, же анын атынан кандай болбосун адамдан кандайдыр бир белектерди, кайрымдуулуктарды, демөөрчүлүктү, пайданы -финансылык же кандай болбосун башка баалуулукту кабыл алууга; 2) белгиленген азыктын үлгүлөрүн кабыл алууга же кайсы болбосун адамга берүүгө; 3) белгиленген азыктарды таратууга, ошондой эле бул үчүн акчалай же кандайдыр бир башка түрдө сыйлык алууга; 4) белгиленген азыктардын колдонулушун көрсөтүүгө. Белгиленген азыктарды балдардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө же башка үй-бүлө мүчөлөрүнө көрсөтүү белгиленген азыктар балдарга медициналык жана социалдык көрсөткүчтөр боюнча сунушталган учурларда медициналык же социалдык кызматкерлер тарабынан гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Мындай учурларда балдардын тамак-аш аралашмаларын колдонуудагы тобокелдиктерге так түшүндүрмө берүү керек. 3. Белгиленген азыктарды саламаттык сактоо уюмдарына караштуу дарыканаларда сатууга же башкача жол менен берүүгө тыюу салынат. 4. Белгиленген азыктар саламаттык сактоо уюмдарында жана социалдык камсыздандыруу мекемелеринде жасалма азык алууга мажбур болгон балдар үчүн гана берилет жана колдонулат.