Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 109
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · ст. 109Статус: действует

Статья 109. Оказание медицинской помощи детям и несовершеннолетним

1.

Забота о физическом, духовном, моральном воспитании и привитии здорового образа жизни детям является обязанностью родителей, а государственные органы, работодатели обеспечивают развитие сети специальных медицинских и детских реабилитационных, оздоровительных организаций и создают необходимые условия для их деятельности.

2.

Дети и несовершеннолетние находятся под активным периодическим медицинским наблюдением, медицинская помощь им оказывается медико-санитарными и медико-социальными учреждениями, на льготных условиях в рамках Программы государственных гарантий Кыргызской Республики в виде профилактических медицинских осмотров и динамического наблюдения, лечения, лекарственного обеспечения, оздоровления и вакцинации.

3.

Дети раннего возраста обеспечиваются в установленном порядке детским питанием, в том числе бесплатным, детям предоставляются бесплатные путевки в санатории, а кормящая мать ребенка до одного года жизни обеспечивается бесплатным питанием в медицинской организации на весь период пребывания по уходу за ребенком.

4.

Дети и несовершеннолетние, имеющие недостатки в физическом или психическом развитии, содержатся за счет государства в домах ребенка, детских домах и других специализированных детских учреждениях, а перечень медицинских показаний для направления детей и подростков в дома ребенка, детские дома и учебно-воспитательные учреждения утверждается уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения.

5.

Дети школьного возраста в период длительного нахождения в организациях здравоохранения (оздоровление, реабилитация, санаторное лечение), получают непрерывное образование в порядке, определенном уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения совместно с уполномоченным государственным органом в сфере образования. Организации здравоохранения, оказывающие медицинскую помощь детям, создают условия для игр, отдыха и проведения воспитательной работы.

Кыргызча
Балдарга жана жашы жете электерге медициналык жардам көрсөтүү 1. Балдарга дене бойлук, руханий, моралдык жактан тарбия берүү жана сергек жашоо образын үйрөтүү жөнүндө кам көрүү ата-энелердин милдети болуп саналат, ал эми мамлекеттик органдар, жумуш берүүчүлөр атайын медициналык жана балдардын реабилитациялык, ден соолукту чыңдоочу уюмдардын түйүнүн өнүктүрүүнү камсыз кылат жана алардын иштөөсү үчүн зарыл болгон шарттарды түзөт. 2. Балдар жана жашы жете электер жигердүү мезгилдүү медициналык байкоо алдында болушат, аларга медициналык жардам Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында жеңилдетилген шарттарда медициналык-санитардык жана медициналык-социалдык мекемелер тарабынан алдын алуучу медициналык текшерүүлөр жана динамикалык байкоо жүргүзүү, дарылоо, дары-дармектер менен камсыздоо, ден соолугун чыңдоо жана эмдөө түрүндө көрсөтүлөт. 3. Эрте жаштагы балдар белгиленген тартипте балдар тамагы менен, анын ичинде акысыз камсыз кылынат, балдарга санаторийлерге акысыз жолдомолор берилет, ал эми бир жашка чейинки баланы эмизген эне медициналык уюмда баланы карап багуу боюнча жүргөн толук мезгилдин ичинде акысыз тамак менен камсыздалат. 4. Дене бойлук же психикалык жактан өнүгүүсүндө кемчиликтери бар балдар жана жашы жете электер мамлекеттин эсебинен наристелер үйлөрүндө, балдар үйлөрүндө жана башка адистештирилген балдар мекемелеринде багылат, ал эми балдарды жана өспүрүмдөрдү наристелер үйлөрүнө, балдар үйлөрүнө жана окуу-тарбиялоо мекемелерине жөнөтүү үчүн медициналык көрсөтмөлөрдүн тизмеги саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет. 5. Мектеп курагындагы балдар саламаттык сактоо уюмдарында узак убакыт болгон мезгилде (ден соолукту чыңдоо, реабилитация, санаториялык дарылоо) билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен биргеликте саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте үзгүлтүксүз билим алышат. Балдарга медициналык жардам көрсөтүүчү саламаттык сактоо уюмдары ойноо, эс алуу жана тарбиялоо иштери үчүн шарттарды түзүшөт.