Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 104
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · ст. 104Статус: действует

Статья 104. Вспомогательные репродуктивные методы и технологии

1.

Искусственное оплодотворение (экстракорпоральное оплодотворение, подсадка эмбриона, искусственная инсеминация) осуществляется в организациях здравоохранения с письменного согласия супругов либо женщины, не состоящей в браке. При этом не допускается выбор пола будущего ребенка, за исключением случаев, когда выявляется высокая вероятность наследования заболеваний. При наличии медицинских показаний может быть проведена редукция, заключающаяся в выполнении медицинского вмешательства по уменьшению числа эмбрионов.

2.

Граждане по медицинским показаниям имеют право на родительство с использованием метода суррогатного материнства. Использование метода суррогатного материнства возможно только на основании нотариально удостоверенного договора.

3.

Договор заключается между лицами/лицом, желающими/желающим иметь ребенка, и женщиной (суррогатной матерью), давшей согласие на имплантацию эмбриона в целях вынашивания плода и рождения ребенка. В случае если суррогатная мать состоит в браке, необходимо согласие ее супруга на заключение договора. Организация здравоохранения, имеющая соответствующую лицензию, заключает нотариально удостоверенный договор с суррогатной матерью, по которому берет на себя обязательства по оздоровлению суррогатной матери в период беременности, родов и послеродовой период.

4.

Суррогатной матерью может быть женщина в возрасте от 20 до 35 лет, имеющая не менее одного собственного здорового ребенка, прошедшая медико-генетическое консультирование и предоставившая письменное информированное добровольное согласие на медицинское вмешательство.

5.

Суррогатная мать обязана встать на медицинский учет на раннем сроке беременности (до 12 недель), регулярно наблюдаться и строго выполнять рекомендации врача, постоянно следить за состоянием своего здоровья, соблюдать иные условия договора.

6.

Лицо/лица, давшие согласие на имплантацию эмбриона суррогатной матери, несут материальные расходы, связанные с ее оздоровлением в период беременности, родов и послеродовой период, в соответствии с договором. В этих целях открывается банковский счет, куда зачисляются денежные средства, предназначенные для оздоровления и иных расходов суррогатной матери.

7.

Лицо/лица, заключившие договор на имплантацию эмбриона другой женщине в целях его вынашивания, в случае рождения ребенка записываются его родителем/родителями в книге записей актов гражданского состояния.

8.

Лицо/лица, заключившие договор с суррогатной матерью, не вправе отказываться от ребенка до момента его регистрации на свое имя в книге записей актов гражданского состояния.

9.

В случае рождения мертвого ребенка либо отказа от ребенка лица/лиц, заключивших договор с суррогатной матерью, они не вправе требовать от суррогатной матери возмещения каких-либо материальных затрат, связанных с оплатой медицинских услуг суррогатной матери, а также сумму вознаграждения при наличии такового.

10.

Половые клетки, ткани репродуктивных органов и эмбрионы человека не могут быть использованы для коммерческих, военных и промышленных целей.

11.

Порядок и условия использования вспомогательных репродуктивных технологий, противопоказания и ограничения к их применению, донорства половых клеток утверждаются Кабинетом Министров и проводится организациями здравоохранения, имеющими лицензию на данный вид медицинской деятельности.

12.

На территории Кыргызской Республики и в сети Интернет запрещается:

1) реклама организаций здравоохранения и других организаций и физических лиц, сопровождающих суррогатное материнство, не зарегистрированных в Кыргызской Республике и не имеющих лицензий на данный вид деятельности;

2) поиск граждан в качестве суррогатной матери для иностранных граждан, проживающих за пределами Кыргызской Республики.

Кыргызча
Көмөкчү репродуктивдик методдор жана технологиялар 1. Жасалма жол менен уруктандыруу (экстракорпоралдык уруктандыруу, эмбрионду отургузуу, жасалма инсеминация) саламаттык сактоо уюмдарында жубайлардын же болбосо никеде турбаган аялдын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүзөгө ашырылат. Мында оорулардын тукум куушунун жогорку ыктымалдуулугу аныкталган учурларды кошпогондо, болочоктогу баланын жынысын тандоого жол берилбейт. Медициналык көрсөткүчтөр болгон учурда эмбриондордун санын азайтуу боюнча медициналык кийлигишүүнү аткарууну камтыган редукция жүргүзүлүшү мүмкүн. 2. Жарандар медициналык көрсөткүчтөр боюнча карын энелик методду пайдалануу менен ата-эне болууга укуктуу. Карын энелик методду пайдалануу нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн келишимдин негизинде гана мүмкүн болот. 3. Келишим балалуу болууну каалаган адамдардын/адамдын жана түйүлдүктү көтөрүп жүрүү жана баланы төрөө максатында эмбрионду салууга макулдук берген аялдын (карын эненин) ортосунда түзүлөт. Эгерде карын эне никеде турса, келишим түзүүгө анын жубайынын макулдугу керек. Саламаттык сактоонун тийиштүү лицензияга ээ болгон уюму карын эне менен нотариалдык күбөлөндүрүлгөн келишим түзөт, ал келишим боюнча карын эне кош бойлуу учурунда, төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки мөөнөттө анын саламаттыгын чыңдоо боюнча милдеттенмени өзүнө алат. 4. Жашы 20дан 35ке чейинки курактагы, өзүнүн бирден кем эмес дени сак баласы болгон, медициналык-генетикалык консультациядан өткөн жана медициналык кийлигишүүгө маалымдалган жазуу жүзүндөгү ыктыярдуу макулдугун берген аял карын эне боло алат. 5. Карын эне кош бойлуулуктун эрте мөөнөтүндө (12 жумага чейин) медициналык катталуудан өтүүгө, үзгүлтүксүз көрүнүп турууга жана врачтын сунуштамаларын так аткарууга, өзүнүн ден соолугунун абалына дайыма кам көрүүгө, келишимдин башка шарттарын сактоого милдеттүү. 6. Карын энеге эмбрионду имплантациялоого макулдук берген адам/адамдар келишимге ылайык кош бойлуу, төрөт мезгилинде жана төрөттөн кийинки мезгилде анын ден соолугун чыңдоого байланышкан материалдык чыгымдарды көтөрөт. Бул максатта банктык эсеп ачылат, ага карын эненин ден соолугун чыңдоо жана башка чыгымдар үчүн багытталган акча каражаттары салынат. 7. Боюна көтөрүп жүрүү максатында башка аялга эмбрионду имплантациялоого келишим түзгөн адам/адамдар бала төрөлгөн учурда жарандык абалдын актыларын жазуу китебине анын ата-энеси/ата-энесинин бири болуп жазылат. 8. Карын эне менен келишим түзгөн адам/адамдар баланы жарандык абалдын актыларын жазуу китебине оз атына каттаган учурга чейин андан баш тартууга укугу жок. 9. Бала өлүү төрөлгөн учурда, же болбосо карын эне менен келишим түзгөн адам/адамдар баладан баш тарткан учурда, алар карын энеден ага медициналык кызмат көрсөтүүлөрдү төлөөгө байланышкан кандайдыр бир материалдык чыгымдардын, ошондой эле, андай бар болсо, сыйакынын суммасынын ордун толтуруп берүүнү талап кылууга укуксуз. 10. Адамдын жыныс клеткалары, репродуктивдик органдарынын ткандары жана эмбриондору коммерциялык, аскердик жана өнөр жайлык максаттар үчүн колдонулушу мүмкүн эмес. 11. Көмөкчү репродуктивдик технологияларды пайдалануунун тартиби жана шарттары, аларды колдонууга карата каршы көрсөтмөлөр жана чектөөлөр, жыныс клеткаларынын донорлугу Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет жана медициналык иштин ушул түрүнө лицензиясы бар саламаттык сактоо уюмдары тарабынан жүргүзүлөт. 12. Кыргыз Республикасынын аймагында жана Интернет түйүнүндө төмөнкүлөргө тыюу салынат: 1) Кыргыз Республикасында катталбаган жана иштин бул түрүнө лицензиясы болбогон саламаттык сактоо уюмдарынын жана башка уюмдардын жана жеке жактардын карын энеликти коштогон жарнамасына; 2) Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары жашаган чет өлкөлүк жарандар үчүн карын эне катары жарандарды издөөгө.