Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 108
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · ст. 108Статус: действует

Статья 108. Обеспечение дородового ухода и помощи при родах и в послеродовом периоде женщине и новорожденному

1.

Каждая женщина в период подготовки к беременности, беременности, во время и после родов обеспечивается необходимой медико-санитарной помощью в организациях здравоохранения первичной медико-санитарной помощи и акушерских отделениях стационаров.

2.

Женщине необходимо до 12 недель беременности встать на учет для наблюдения в организациях первичной медико-санитарной помощи по месту жительства или приписки, что значительно снижает риски для своего здоровья и плода во время беременности и в послеродовом периоде.

3.

Женщина может запланировать беременность при наличии противопоказаний для беременности, но, в этом случае она полностью берет на себя ответственность за все риски осложнений беременности и родов как для матери, так и новорожденного.

4.

Разработка, пересмотр, утверждение и строгое соблюдение клинических протоколов на доказательной основе при выявлении осложнений беременности и родов, а также своевременное перенаправление и безопасная транспортировка новорожденных и родильниц в соответствующий стационар для оказания неотложной медицинской помощи, проводится руководителями организаций здравоохранения и контролируется уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения.

5.

Инструмент конфиденциального материнского и перинатального аудита для выявления, анализа причин материнской и детской смертности, разрабатывается и утверждается уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения и является обязательным инструментом улучшения качества для всех организаций здравоохранения.

6.

Допускается присутствие отца ребенка или иного члена семьи при рождении ребенка на бесплатной основе с согласия женщины (партнерские роды) при наличии в организации здравоохранения соответствующих условий (индивидуальных родовых залов) и отсутствии у отца или иного члена семьи инфекционных заболеваний, за исключением случаев оперативного родоразрешения.

7.

Организации здравоохранения обязаны обеспечить:

1) наличие необходимого медицинского персонала, оборудования и санитарных условий для дородового ухода и помощи при родах;

2) оказание помощи в медицинском учреждении как минимум в течение 24 часов после неосложненных родов через естественные родовые пути и послеродовой осмотр опытным медицинским работником (дома или в медицинском учреждении) после родов;

3) в случае наличия у беременной инфекционных заболеваний, предпринимать все доступные меры в целях недопущения передачи инфекции от матери ребенку.

Кыргызча
Төрөткө чейинки кароо, аялды жана ымыркайды төрөт учурунда жана төрөттөн кийинки мезгилде жардам менен камсыз кылуу 1. Ар бир аял кош бойлуулукка даярдануу, кош бойлуу мезгилинде, төрөт учурунда жана төрөттөн кийин саламаттык сактоонун алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүү уюмдарында жана стационарлардын акушердик бөлүмдөрүндө зарыл болгон медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылынат. 2. Аял жашаган же катталган жери же боюнча алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү уюмдарда көзөмөлдө болуп туруу үчүн кош бойлуулуктун 12 жумасына чейин эсепке катталууда турушу керек, бул кош бойлуу жана төрөттөн кийинки мезгилде өзүнүн жана түйүлдүктүн саламаттыгы үчүн тобокелдиктерди кыйла азайтат. 3. Аял кош бойлуулук үчүн каршы көрсөтмөлөр болгон учурда кош бойлуулукту пландай алат, бирок мындай учурда ал эне үчүн да, ымыркай үчүн да кош бойлуулуктун жана төрөттүн өтүшүп кетүү тобокелдиктеринин бардыгы үчүн жоопкерчиликти өзүнө алат. 4. Кош бойлуулукта жана төрөттө өтүшүп кетүү аныкталган учурда далилдүү негизде клиникалык протоколдорду иштеп чыгуу, кайра кароо, бекитүү жана так аткаруу, ошондой эле кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү үчүн ымыркайларды жана төрөгөн аялдарды тиешелүү стационарга өз учурунда жөнөтүү жана коопсуз жеткирүү саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери тарабынан жүргүзүлөт жана саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан контролдонот. 5. Эненин жана баланын өлүмүнүн себептерин аныктоо, талдоо үчүн купуя энелик жана перинаталдык аудит инструменти саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет жана саламаттык сактоонун бардык уюмдары үчүн сапатты жакшыртуунун милдеттүү инструменти болуп саналат. 6. Төрөткө ыкчам уруксат берүү учурларын кошпогондо, бала төрөлүп жаткан учурда аялдын макулдугу менен (өнөктөш төрөт), саламаттык сактоо уюмунда тиешелүү шарттар (жеке төрөт залдары) болгондо жана атасында же үй-бүлөнүн башка мүчөсүндө инфекциялык оорулар жок болгон учурда, баланын атасынын же үй-бүлөнүн башка мүчөсүнүн акысыз негизде катышуусуна жол берилет. 7. Саламаттык сактоо уюмдары төмөнкүлөрдү камсыз кылууга милдеттүү: 1) төрөткө чейинки кароо жана төрөт учурундагы жардам үчүн зарыл болгон медициналык персоналдын, жабдуулардын жана санитардык шарттардын болушу; 2) табигый төрөт жолдору аркылуу татаал эмес төрөттөн кийин кеминде 24 сааттын ичинде медициналык мекемеде жардам көрсөтүү жана тажрыйбалуу медициналык кызматкер тарабынан (үйдө же медициналык мекемеде) төрөттөн кийинки кароо; 3) кош бойлууда инфекциялык оорулар болгон учурда, инфекциянын энеден балага берилишине жол бербөө максатында бардык жеткиликтүү чараларды көрүү.