Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 8
Закон КР от 21 июля 1997 года № 57 "О государственном пенсионном социальном страховании" · ст. 8Статус: действует

Статья 8. Страховой стаж

1.

В страховой стаж для назначения пенсии засчитываются только те периоды времени, за которые застрахованным лицом (или за него) уплачивались взносы по государственному пенсионному социальному страхованию, а также время обучения в образовательных организациях начального профессионального образования, среднего профессионального образования, высшего и послевузовского профессионального образования, на курсах повышения квалификации и переподготовки кадров, до 19 февраля 1999 года без истребования документов об уплате страховых взносов за этот период.

2.

В страховой стаж наравне с периодами, предусмотренными в пункте 1 настоящей статьи, засчитываются периоды:

а) прохождения военной и приравненной к ней службы, службы в органах национальной безопасности, внутренних дел, Государственной противопожарной службы, военизированной охраны, специальной связи, в частях гражданской обороны, таможенной инспекции и финансовой полиции независимо от ведомственной принадлежности;

б) ухода за каждым ребенком до достижения им возраста трех лет, но не более девяти лет в общей сложности;

в) получения пособия по государственному социальному страхованию в период временной нетрудоспособности, беременности и родам;

г) получения пособия по безработице и участия в оплачиваемых общественных работах;

д) ухода, осуществляемого трудоспособным лицом за инвалидом I группы, ребенком-инвалидом до достижения им возраста 18 лет или престарелым лицом, достигшим 80 лет;

ж) содержания под стражей лиц, необоснованно привлеченных к уголовной ответственности, необоснованно репрессированных и впоследствии реабилитированных, и период отбывания наказания этими лицами в местах лишения свободы и ссылке.

з) в том числе день голосования гражданами на выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики."

3.

Периоды, предусмотренные пунктом 2 настоящей статьи и приобретенные после введения персонифицированного (индивидуального) учета граждан Кыргызской Республики для целей обязательного государственного социального страхования (с 1 января 1996 года), засчитываются в страховой стаж в том случае, если им предшествовали и (или) за ними следуют периоды уплаты страховых взносов не менее 12 месяцев.

4.

Исчисление страхового стажа, необходимого для назначения пенсии, производится в календарном периоде по всем основаниям, предусмотренным в пунктах 1 и 2 настоящей статьи.

Периоды страхового стажа для назначения пенсий лицам, указанным в пункте 1 статьи 9 настоящего Закона, не имеющим стажа после введения персонифицированного учета, а также пенсий на льготных условиях, за особые условия труда, по инвалидности, по случаю потери кормильца, предусмотренные пунктами 1, 2 настоящей статьи и приобретенные до введения персонифицированного (индивидуального) учета граждан Кыргызской Республики для целей обязательного государственного социального страхования, подсчитываются на основании документов, выдаваемых в установленном порядке работодателем или компетентным органом.

Периоды страхового стажа, предусмотренные в пунктах 1 и 2 настоящей статьи и приобретенные после введения персонифицированного (индивидуального) учета граждан Кыргызской Республики для целей обязательного государственного социального страхования, подсчитываются на основании личных страховых счетов.

Основным документом, подтверждающим страховой стаж работы до введения персонифицированного учета, для назначения пенсий лицам, указанным в пункте 1 статьи 9 настоящего Закона, не имеющим стаж после введения персонифицированного учета, а также пенсий на льготных условиях, за особые условия труда, по инвалидности, по случаю потери кормильца, является трудовая книжка.

В случае обнаружения неточностей в записях трудовой книжки до введения персонифицированного учета Социальный фонд и его территориальные органы обязаны запрашивать у работодателей и в компетентных органах информацию уточняющего характера.

К числу неточностей в записях трудовой книжки относятся:

- расхождения в написании фамилии, имени, отчества (при наличии такового) и дате рождения в трудовой книжке и паспорте;

- отсутствие в трудовой книжке печати (штампа) работодателя и подписи ответственного лица, даты приема и увольнения;

- несоответствие наименования организации работодателя в записи трудовой книжки и удостоверяющей ее печати (штампе) организации работодателя;

- отсутствие в записях трудовой книжки наименования должности, которую занимал заявитель.

При отсутствии в трудовой книжке записей о некоторых периодах трудовой деятельности для назначения пенсий лицам, указанным в пункте 1 статьи 9 настоящего Закона, не имеющим стаж после введения персонифицированного учета, а также пенсий на льготных условиях, за особые условия труда, по инвалидности, по случаю потери кормильца, до введения персонифицированного учета для исчисления страхового стажа от застрахованного лица принимаются архивные справки или документы, подтверждающие страховой стаж от страхователей или компетентных органов.

В случае если трудовая деятельность осуществлялась на основании трудового договора, контракта или иных соглашений с работодателем, в страховой стаж для назначения пенсий лицам, указанным в пункте 1 статьи 9 настоящего Закона, не имеющим стаж после введения персонифицированного учета, а также пенсий на льготных условиях, за особые условия труда, по инвалидности, по случаю потери кормильца, засчитывается весь период такой деятельности при условии уплаты страховых взносов.

В случае отсутствия сведений на личных страховых счетах после введения персонифицированного учета за отдельные периоды трудовой деятельности Социальный фонд запрашивает у работодателей и в компетентных органах сведения об уплате страховых взносов с последующим внесением в личные страховые счета.

Порядок подтверждения страхового стажа устанавливается Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

5.

Иностранным гражданам и лицам без гражданства, постоянно проживающим в Кыргызской Республике, пенсии назначаются при условии уплаты страховых взносов по государственному социальному страхованию наравне с гражданами Кыргызской Республики, если международными договорами не предусмотрено иное.

Лицам, прибывшим в Кыргызскую Республику из государств-участников Содружества Независимых Государств, в трудовой стаж засчитываются периоды трудовой деятельности до 31 декабря 1995 года, выработанные на территории любого из этих государств при условии уплаты страховых взносов по месту прежнего жительства.

6.

Страховой стаж за период проживания и работы в условиях высокогорья исчисляется в полуторном размере.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 11 февраля 1999 года № 22, 4 мая 2001 года № 37, 4 ноября 2003 года № 220, 18 июля 2005 года № 108, 13 марта 2006 года № 76, 28 декабря 2006 года № 218, 27 апреля 2018 года № 43, 26 апреля 2023 года № 93, 10 мая 2024 года № 84, 28 июля 2026 года № 136 )

Кыргызча
Камсыздандыруу стажы 1. Пенсияны дайындоо үчүн камсыздандыруу стажына камсыздандырылган адам тарабынан (же ал үчүн) мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча төгүмдөр төлөнгөн мезгил, ошондой эле 1999-жылдын 19-февралына чейин кесиптик башталгыч билим берүү, кесиптик орто билим берүү, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү уюмдарында, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча курстарда окуган мезгилдер гана ушул мезгилге карата камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө жөнүндө документтерди талап кылбастан кошуп эсептелет. 2. Ушул статьянын 1-пунктунда каралган мезгилдер менен катар төмөнкүдөй учурлар да камсыздандыруу стажына эсептелет: а) аскердик жана ага теңештирилген кызматты өтөө, улуттук коопсуздук, ички иштер, аскерлештирилген күзөт, атайын байланыш органдарында, Мамлекеттик өрткө каршы кызматында жарандык коргонуу бөлүктөрүндө, ведомстволук тиешелүүлүгүнө карабастан, бажы инспекциясында жана финансы полициясында кызмат өтөө; б) ар бир баланы ал үч жашка толгонго чейин багуу, бирок жалпысынан алганда тогуз жылдан ашпаган; в) убактылуу эмгекке жарамсыз, кош бойлуу жана төрөт мезгилинде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча жөлөкпул алып турган; г) жумушсуздук боюнча жөлөкпул алып турган жана акы төлөнүүчү коомдук иштерге катышкан; д) эмгекке жарамдуу адамдын I топтогу майыпты, майып баланы 18 жашка толгонго чейин же 80 жашка толгон улгайган адамды баккан; ж) жазык жоопкерчилигине негизсиз тартылган адамдардын, негизсиз куугунтукка алынган жана кийин акталган адамдардын камакта отурган мезгили жана ушул адамдардын эркиндигинен ажыратуу жайларында жана сүргүндө жүргөн мезгили. з) анын ичинде жарандардын Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо добуш берүү күнү. 3. Ушул статьянын 2-пунктунда каралган жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу киргизилгенден кийин (1996-жылдын 1-январынан тартып) алынган мезгилдер, эгерде алардын алдында жана (же) алардан кийин кеминде 12 ай камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн мезгилдер болсо, камсыздандыруу стажына эсептелет. 4. Пенсия дайындоо үчүн зарыл болгон камсыздандыруу стажын эсептөө ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралган бардык негиздер боюнча календардык мезгилде жүргүзүлөт. Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн, жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин стажы жок адамдарга пенсия, ошондой эле жеңилдетилген шарттардагы, эмгектин өзгөчө шарттары үчүн, майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсияларды дайындоо үчүн ушул статьянын 1, 2-пункттарында каралган жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу киргизилгенге чейин алынган камсыздандыруу стажынын мезгилдери жумуш берүүчү же компетенттүү орган тарабынан белгиленген тартипте берилүүчү документтердин негизинде эсептелет. Ушул статьянын 1 жана 2-пункттарында каралган жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында Кыргыз Республикасынын жарандарын жекече (индивидуалдык) эсепке алуу киргизилгенден кийин алынган камсыздандыруу стажынын мезгилдери жеке камсыздандыруу эсептеринин негизинде эсептелинет. Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн, жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин стажы жок адамдарга пенсия, ошондой эле жеңилдетилген шарттардагы, эмгектин өзгөчө шарттары үчүн, майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсияларды дайындоо үчүн жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин камсыздандыруу иш стажын ырастоочу негизги документ болуп эмгек китепчеси саналат."; Эмгек китепчесинде жекече эсепке алуу киргизилгенге чейин так эмес жазуулар байкалган учурда, Социалдык фонд жана анын аймактык органдары жумуш берүүчүлөрдөн жана компетенттүү органдардан тактоо мүнөзүндөгү маалыматтарды суратып алууга милдеттүү. Эмгек китепчесиндеги жазуулардын так эместигине төмөнкүлөр кирет: - эмгек китепчесинде жана паспортунда фамилиясынын, атынын, атасынын атынын (эгерде мындайлар болсо) жазылышындагы жана туулган датасындагы айырмачылыктар; - эмгек китепчесинде жумуш берүүчүнүн мөөрүнүн (штампынын) жана жооптуу адамдын кол тамгасынын, кабыл алынган жана иштен бошотулган датанын жоктугу; - эмгек китепчесиндеги жазууларда жумуш берүүчү уюмдун аталышынын жана аны күбөлөндүрүүчү мөөрдүн (штамптын) бири-бирине дал келбеши; - эмгек китепчесиндеги жазууларда арыздануучу ээлеген кызмат ордунун аталышынын жоктугу. Ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн, жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин стажы жок адамдарга пенсияларды, ошондой эле жеңилдетилген шарттардагы, эмгектин өзгөчө шарттары үчүн, майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсияларды дайындоо үчүн эмгек китепчесинде камсыздандыруу стажын эсептөө үчүн жекече эсепке алуу киргизилгенге чейинки иштеген ишинин айрым мөөнөттөрү жөнүндө жазуулар жок учурда, камсыздандырылган адамдан архивдик маалымкаттар же камсыздандыруучулардан же компетенттүү органдардан камсыздандырылган стажын тастыктоочу документтер кабыл алынат. Иштеген иши эмгек келишиминин, контракттын же жумуш берүүчү менен башка макулдашуулардын негизинде жүзөгө ашырылган учурда, ушул Мыйзамдын 9-статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн, жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин стажы жок адамдарга пенсияларды, ошондой эле жеңилдетилген шарттардагы, эмгектин өзгөчө шарттары үчүн, майыптыгы боюнча, баккан адамынан айрылгандыгы боюнча пенсияларды дайындоо үчүн камсыздандыруу стажына, камсыздандыруу төгүмдөрү төлөнгөн шарттарда, мындай иштин бүтүндөй мезгили эсептелет. Жекече эсепке алуу киргизилгенден кийин, жеке камсыздандыруу эсебинде эмгек ишмердигинин айрым мезгилдери тууралуу маалыматтар жок болгон учурда, Социалдык фонд жумуш берүүчүлөрдөн жана компетенттүү органдардан камсыздандыруу төгүмдөрүн төккөнү тууралуу маалыматтарды суратып алат, андан кийин аны жеке камсыздандыруу эсебине киргизет. Камсыздандыруу стажын тастыктоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. 5. Кыргыз Республикасында туруктуу жашап жаткан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу акыларын төлөгөн болсо, эгерде эларалык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей пенсия дайындалат. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттерден Кыргыз Республикасына келишкен адамдардын иштегенине бул мамлекеттердин кайсынысынын аймагында болбосун 1995-жылдын 31-декабрына чейинки мезгилдеги эмгек стажы эсептелинет, эгерде мурдагы жашаган жеринде камсыздандыруу акысын төлөгөн болсо. 6. Бийик тоолуу шарттарда жашаган жана иштеген мезгили үчүн камсыздандыруу стажы бир жарым эселеген өлчөмдө эсептелет. (Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 11-февралындагы № 22, 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220, 2005-жылдын 18-июлундагы № 108, 2006-жылдын 13-мартындагы № 76, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 218, 2018-жылдын 27-апрелиндеги № 43, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93, 2024-жылдын 10-майындагы № 84, 2026-жылдын 28-июлундагы № 136 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) II бөлүм Курагы боюнча пенсия