Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 7
Закон КР от 21 июля 1997 года № 57 "О государственном пенсионном социальном страховании" · ст. 7Статус: действует

Статья 7. Уровни пенсий

1.

Общая пенсия по государственному пенсионному социальному страхованию состоит из солидарной (базовой и страховых пенсий) и накопительной частей, за исключением случаев, предусмотренных настоящим Законом.

2.

Базовая часть пенсии - гарантированная государством часть пенсии лицам, страховая часть пенсии которых на дату назначения пенсии не превышает величины трех прожиточных минимумов пенсионера (фактически сложившейся за предыдущий год). При этом сумма доведения базовой части пенсии определяется как разница между полной базовой частью пенсии и размером общей пенсии за вычетом величины трех прожиточных минимумов пенсионера (фактически сложившейся за предыдущий год).

Размер базовой части пенсии устанавливается Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

3.

Страховая часть пенсии - часть пенсии, устанавливаемая застрахованным по государственному пенсионному социальному страхованию лицам с учетом страхового стажа и среднемесячной заработной платы или накопленных страховых взносов и исчисляемая в соответствии с пунктом 3 статьи 22 настоящего Закона.

3-1.

Накопительная часть пенсии - часть пенсии, устанавливаемая застрахованному лицу от суммы пенсионных накоплений, учтенных в накопительной части личного страхового счета, и исчисляемая в соответствии со статьей 22 настоящего Закона.

4.

В целях обеспечения защиты интересов пенсионеров проводится индексация базовой и страховых частей пенсии. Условием для проведения индексации базовой части пенсии является рост величины средней заработной платы по республике за предыдущий календарный год, предшествующий индексации. Базовая часть пенсии поддерживается на уровне не ниже 12 процентов средней заработной платы (фактически сложившейся в республике за предыдущий год) путем индексации, если общий размер пенсии ниже величины прожиточного минимума пенсионера (фактически сложившейся за предыдущий календарный год). Условием проведения индексации страховых частей пенсии является рост величины средней заработной платы и индекса потребительских цен, сложившихся за календарный год, предшествующий индексации.

Коэффициент индексации размеров страховых частей пенсий составляет величину не менее среднего значения от суммы индекса потребительских цен и роста среднемесячной заработной платы, сложившихся за предыдущий календарный год. При этом размер индексации составляет не менее роста величины прожиточного минимума пенсионера за предыдущий календарный год.

Индексация пенсий проводится ежегодно в пределах средств, предусмотренных в бюджете Социального фонда. Порядок индексации пенсий определяется Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 15 июля 2009 года № 218, 26 июля 2011 года № 128, 6 мая 2017 года № 76, 6 мая 2017 года № 77, 26 апреля 2023 года № 93, 10 мая 2024 года № 84)

Кыргызча
Пенсиялардын деңгээли 1. Ушул Мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу боюнча жалпы пенсия бириктирилген (базалык жана камсыздандыруу пенсиялары) жана топтолуучу бөлүктөрдөн турат. 2. Пенсиянын базалык бөлүгү - пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгү алардын пенсиясы дайындалган датага карата пенсионердин үч жашоо минимумунун чоңдугунан (өткөн жылда иш жүзүндө түзүлгөн) ашпаган адамдарга пенсиянын мамлекет тарабынан кепилденген бөлүгү. Мында пенсиянын базалык бөлүгүнүн жеткирилген суммасы пенсиянын толук базалык бөлүгү менен пенсионердин үч жашоо минимумунун чоңдугун (өткөн жылда иш жүзүндө түзүлгөн) кемитип салгандан кийинки жалпы пенсиянын өлчөмүнүн ортосундагы айырма катары аныкталат. Пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. 3. Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандырылган адамдарга камсыздандыруу стажын жана орточо айлык акыны же топтолгон камсыздандыруу салымдарын эске алуу менен белгиленген жана ушул Мыйзамдын 22-статьянын 3-пунктуна ылайык эсептелген пенсиянын бир бөлүгү пенсиянын камсыздандыруучу бөлүгү болуп эсептелет. 3-1. Пенсиянын топтолуучу бөлүгү - жеке камсыздандыруу эсебинин топтолуучу бөлүгүндө эсепке алынган жана 22-статьяга ылайык эсептелүүчү пенсиялык топтоолордун суммасынан камсыздандырылган адамга белгиленүүчү пенсиянын бөлүгү. 4. Пенсионерлердин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрүнө индексация жүргүзүлөт. Индексациялоодон мурдагы өткөн календардык жылда республика боюнча орточо эмгек акынын чоңдугунун көлөмүнүн өсүшү пенсиянын базалык бөлүгүнө индексациялоо жүргүзүү үчүн шарт болуп саналат. Эгерде пенсиянын жалпы өлчөмү пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунан (өткөн календардык жылда иш жүзүндө түзүлгөн) төмөн болсо, пенсиянын базалык бөлүгү индексация аркылуу орточо эмгек акынын (республикада өткөн жылда иш жүзүндө түзүлгөн) 12 пайызынан төмөн эмес деңгээлде кармалат. Орточо эмгек акынын чоңдугунун жана индексациянын алдындагы календарлык жылы калыптанган керектөө бааларынын индексинин өсүшү пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоо шарты болуп саналат. Пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүн индексациялоонун коэффициенти керектөө бааларынын индексинин суммасынын жана мурдагы календардык жылы калыптанган орточо айлык эмгек акынын өсүшүнүн орточо маанисинен кем эмес чоңдугун түзөт. Мында индексациянын өлчөмү өткөн календардык жыл үчүн пенсионердин жашоо минимумунун чоңдугунун өсүшүнүн кем эмесин түзөт. Пенсияларды индексациялоо Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун бюджетинде каралган каражаттардын чектеринде жыл сайын жүргүзүлөт. Пенсияларды индексациялоо тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 15-июлундагы № 218, 2011-жылдын 26-июлундагы № 128, 2017-жылдын 6-майындагы № 76, 2017-жылдын 6-майындагы № 77, 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 93, 2024-жылдын 10-майындагы № 84 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)