Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 138
Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" · гл. 27Статус: действует

Статья 138. Порядок рассмотрения Жогорку Кенешем вопроса о даче согласия на привлечение депутата к уголовной ответственности

1.

Решение о возбуждении уголовного дела в отношении депутата Жогорку Кенеша принимается Генеральным прокурором только с согласия большинства от общего числа депутатов Жогорку Кенеша.

Для получения согласия на возбуждение уголовного дела в отношении депутата Жогорку Кенеша Генеральный прокурор незамедлительно вносит в Жогорку Кенеш соответствующее представление.

2.

Постановление следователя о привлечении депутата Жогорку Кенеша в качестве обвиняемого, в том числе и по ранее возбужденным делам, утверждается Генеральным прокурором только после получения согласия большинства от общего числа депутатов Жогорку Кенеша.

Для получения согласия на привлечение депутата Жогорку Кенеша в качестве обвиняемого, в том числе и по ранее возбужденным делам, Генеральный прокурор вносит в Жогорку Кенеш соответствующее представление.

3.

При поступлении представления Генерального прокурора, суда в случаях, предусмотренных настоящим Регламентом и законом о статусе депутата Жогорку Кенеша, Жогорку Кенеш в течение 48 часов во внеочередном порядке рассматривает вопрос о создании специальной депутатской комиссии.

Специальная депутатская комиссия рассматривает представление не позднее чем в месячный срок. При необходимости от Генерального прокурора и суда могут быть истребованы дополнительные материалы.

Специальная депутатская комиссия при рассмотрении вопроса обязана заслушать депутата, в отношении которого решается вопрос, представителя прокуратуры, суда или заявителя (частного обвинителя) и в проекте решения ограничиться интерпретацией, оценкой или уточнением только указанных в представлении фактов.

По итогам рассмотрения представления Генерального прокурора или суда специальная депутатская комиссия направляет в Координационный совет справку и проект решения комиссии для включения в повестку дня ближайшего заседания Жогорку Кенеша.

4.

Рассмотрение вопроса Жогорку Кенешем начинается с доклада представителя специальной комиссии о результатах ее деятельности и проводится по процедуре полного обсуждения.

В прениях по вопросу принимают участие представители фракций, депутатских групп, депутаты, избранные по одномандатным округам и не вошедшие во фракции и депутатские группы, и депутат Жогорку Кенеша, в отношении которого решается вопрос о даче согласия на привлечение его к уголовной ответственности.

5.

Решение Жогорку Кенеша об удовлетворении представления Генерального прокурора или суда считается принятым, если за него проголосовало большинство от общего числа депутатов Жогорку Кенеша.

6.

Генеральная прокуратура и суд извещаются в 3-дневный срок о принятии мотивированного постановления Жогорку Кенеша.

Жогорку Кенеш при наличии оснований может пересмотреть свое решение.

7.

Генеральный прокурор или суд в 3-дневный срок со дня окончания производства по делу обязан сообщить Жогорку Кенешу о результатах расследования или рассмотрения дела.

8.

Отказ Жогорку Кенеша дать согласие на привлечение депутата Жогорку Кенеша к уголовной ответственности является обстоятельством, исключающим производство по уголовному делу в отношении данного депутата.

Кыргызча
Депутатты кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө маселенин Жогорку Кеңеш тарабынан каралышынын тартиби 1. Жогорку Кеңештин депутатына карата кылмыш ишин козгоо жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана Башкы прокурор тарабынан кабыл алынат. Жогорку Кеңештин депутатына карата кылмыш ишин козгоого макулдук алуу үчүн Башкы прокурор токтоосуз түрдө Жогорку Кеңешке тиешелүү сунушту киргизет. 2. Жогорку Кеңештин депутатын айыпкер, анын ичинде мурда козголгон иштер боюнча айыпкер катары тартуу жөнүндө тергөөчүнүн токтому Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугун алгандан кийин гана Башкы прокурор тарабынан бекитилет. Жогорку Кеңештин депутатын айыпкер, анын ичинде мурда козголгон иштер боюнча айыпкер катары тартууга макулдук алуу үчүн Башкы прокурор Жогорку Кеңешке тиешелүү сунушту киргизет. 3. Ушул Регламентте жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамда каралган учурларда Башкы прокурордун, соттун сунушу келип түшкөндө Жогорку Кеңеш атайын депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө маселени 48 сааттын ичинде кезексиз тартипте карайт. Атайын депутаттык комиссия сунушту бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен карайт. Зарыл болгондо Башкы прокурордон жана соттон кошумча материалдар талап кылып алынышы мүмкүн. Атайын депутаттык комиссия маселени кароодо маселеси чечилип жаткан депутатты, прокуратуранын, соттун же арыз ээсинин (жеке айыптоочунун) өкүлүн угууга жана чечимдин долбоорунда чечмелөө, баа берүү же сунушта көрсөтүлгөн фактыларды гана тактоо менен чектелүүгө милдеттүү. Башкы прокурордун же соттун сунушун кароонун жыйынтыктары боюнча атайын депутаттык комиссия Жогорку Кеңештин жакынкы жыйналышынын күн тартибине киргизүү үчүн маалымдаманы жана комиссиянын чечиминин долбоорун Координациялык кеңешке жөнөтөт. 4. Жогорку Кеңеш тарабынан маселени кароо атайын комиссиянын өкүлүнүн анын ишинин натыйжалары жөнүндө баяндамасы менен башталат жана толук талкуулоо жол-жобосу боюнча жүргүзүлөт. Маселе боюнча жарыш сөздөргө фракциялардын, депутаттык топтордун өкүлдөрү, бир мандаттуу округдар боюнча шайланган жана фракциялар менен депутаттык топторго кирбеген депутаттар жана өзүнө карата кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө маселе чечилип жаткан Жогорку Кеңештин депутаты катышат. 5. Эгерде Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү аны жактап добуш берсе, Башкы прокурордун же соттун сунушун канааттандыруу жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими кабыл алынган болуп эсептелет. 6. Башкы прокуратура жана сот Жогорку Кеңештин жүйөлөштүрүлгөн токтому кабыл алынгандыгы жөнүндө 3 күндүк мөөнөттө кабарландырылат. Негиздер болгондо Жогорку Кеңеш өз чечимин кайра карай алат. 7. Башкы прокурор же сот иш боюнча өндүрүш аяктаган күндөн тартып 3 күндүк мөөнөттө ишти териштирүүнүн же кароонун натыйжалары жөнүндө Жогорку Кеңешке кабарлоого милдеттүү. 8. Жогорку Кеңештин депутатын кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн Жогорку Кеңештин баш тартышы бул депутатка карата кылмыш- жаза иши боюнча өндүрүштү жокко чыгаруучу жагдай болуп саналат.