Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 134
Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" · гл. 27Статус: действует

Статья 134. Досрочное прекращение полномочий депутата

1.

Основанием для досрочного прекращения полномочий депутата Жогорку Кенеша являются:

1) подача им письменного заявления о сложении депутатских полномочий;

2) выход из гражданства либо приобретение иного гражданства;

3) отзыв депутатского мандата;

4) переход на работу или неоставление им работы, не совместимой с выполнением депутатских полномочий;

5) признание выборов недействительными;

6) выезд на постоянное жительство за пределы Кыргызской Республики;

7) признание депутата судом недееспособным;

8) вступление в законную силу обвинительного приговора суда в отношении него;

9) отсутствие на заседаниях Жогорку Кенеша без уважительных причин 10 рабочих дней в течение одной сессии;

10) вступление в законную силу решения суда об объявлении его безвестно отсутствующим или умершим;

11) смерть депутата.

2.

Досрочное прекращение полномочий депутата Жогорку Кенеша по указанным в части 1 настоящей статьи основаниям осуществляется решением Центральной избирательной комиссии, принятым не позднее 30 календарных дней со дня возникновения основания.

3.

Центральная избирательная комиссия рассматривает вопрос о досрочном прекращения полномочий депутата на основании соответствующего заявления или представления.

4.

Представление о досрочном прекращении полномочий депутата представляется Центральной избирательной комиссии в 5-дневный срок со дня установления соответствующего основания:

1) соответствующим государственным органом - в случаях, предусмотренных пунктами 2, 6 и 11 части 1 настоящей статьи;

2) судом - в случаях, предусмотренных пунктами 5, 7-8 и 10 части 1 настоящей статьи;

3) Жогорку Кенешем - в случаях, предусмотренных пунктами 3, 4 и 9 части 1 настоящей статьи.

Кыргызча
Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу 1. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу үчүн төмөнкүлөр негиз болуп саналат: 1) депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткону жөнүндө анын жазуу жүзүндө арыз берүүсү; 2) жарандыктан чыгуу же болбосо башка жарандыкты алуу; 3) депутаттык мандатты кайра чакыртып алуу; 4) башка ишке өтүү же депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган иштен кетпегендиги; 5) шайлоону жараксыз деп таануу; 6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакка туруктуу жашоого кетүү; 7) сот тарабынан депутатты аракетке жөндөмсүз деп таануу; 8) ага карата соттун айыптоо өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө кириши; 9) бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында жүйөлүү себепсиз 10 жумуш күнү жок болушу; 10) анын дайынсыз жок же каза болду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечиминин мыйзамдуу күчүнө кириши; 11) депутаттын каза болушу. 2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздер боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу негиз пайда болгон күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алынган Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен жүзөгө ашырылат. 3. Борбордук шайлоо комиссиясы депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени тиешелүү арыздын же сунуштаманын негизинде карайт. 4. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунуш Борбордук шайлоо комиссиясына тиешелүү негиздер белгиленген күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттө төмөнкүлөр тарабынан берилет: 1) тиешелүү мамлекеттик орган тарабынан - ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2, 6 жана 11-пункттарында каралган учурларда; 2) сот тарабынан - ушул берененин 1-бөлүгүнүн 5, 7-8 жана 10-пункттарында каралган учурларда; 3) Жогорку Кеңеш тарабынан - ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3, 4 жана 9-пункттарында каралган учурларда.