Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 135
Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" · гл. 27Статус: действует

Статья 135. Рассмотрение Жогорку Кенешем предложения о досрочном прекращении полномочий депутата

1.

Комитет, ведающий вопросами регламента, в случаях, предусмотренных пунктами 4 и 9 части 1 статьи 134 настоящего Регламента, рассматривает вопрос о досрочном прекращении полномочий депутата. Предложение о досрочном прекращении полномочий депутата по данным основаниям также вправе внести на рассмотрение комитета фракция или депутатская группа, членом которой является депутат. Рассмотрение вопроса проводится в течение 10 дней со дня поступления соответствующей информации или заявления.

2.

При рассмотрении этого вопроса комитет изучает документы, заслушивает представителей фракции или депутатской группы, депутата, в отношении которого внесено предложение о досрочном прекращении полномочий.

3.

Комитет принимает решение и направляет его в Координационный совет для внесения вопроса о досрочном прекращении полномочий депутата по указанным основаниям в повестку дня заседания Жогорку Кенеша для рассмотрения во внеочередном порядке.

4.

Жогорку Кенеш рассматривает вопрос по процедуре полного обсуждения. Постановление о досрочном прекращении полномочий депутата по указанным основаниям принимается Жогорку Кенешем большинством голосов от общего числа депутатов и направляется в Центральную избирательную комиссию не позднее 3 дней после принятия.

Кыргызча
Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунушту Жогорку Кеңеш тарабынан кароо 1. Регламенттин маселелери карамагында болгон комитет ушул Регламенттин 134-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4 жана 9-пункттарында каралган учурларда депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени карайт. Ушул негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунушту ошондой эле депутат мүчөсү болуп саналган фракция же депутаттык топ комитеттин кароосуна киргизүүгө укуктуу. Маселени кароо тиешелүү маалымат же арыз түшкөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде жүргүзүлөт. 2. Бул маселени кароодо комитет документтерди изилдейт, фракциянын же депутаттык топтун өкүлдөрүн, өзүнө карата мөөнөтүнөн мурда ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө сунуш киргизилген депутатты угат. 3. Комитет чечим кабыл алат жана көрсөтүлгөн негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени кезексиз тартипте кароо үчүн Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизүү үчүн аны Координациялык кеңешке жөнөтөт. 4. Жогорку Кеңеш маселени толук талкуулоо жол-жобосу боюнча карайт. Көрсөтүлгөн негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом Жогорку Кеңеш тарабынан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана кабыл алынгандан кийин 3 күндөн кечиктирбестен Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.