Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 136
Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" · гл. 27Статус: действует

Статья 136. Порядок рассмотрения Жогорку Кенешем предложения об отзыве депутатского мандата

1.

Жогорку Кенеш рассматривает вопрос об отзыве депутатского мандата.

2.

Не позднее 3 дней со дня поступления соответствующего заявления об отзыве депутатского мандата Жогорку Кенеш во внеочередном порядке рассматривает вопрос об образовании временной депутатской комиссии. Срок рассмотрения заявления не превышает одного месяца.

3.

Временная комиссия при рассмотрении вопроса заслушивает депутата, в отношении которого рассматривается вопрос об отзыве мандата, назначенных собранием избирателей представителей, представителя, подавшего заявление, дает оценку или может ограничиться только уточнением указанных в заявлении фактов.

4.

Временная комиссия по результатам рассмотрения соответствующего заявления избирателей направляет решение в соответствующий комитет для подготовки и предварительного рассмотрения вопроса об отзыве депутатского мандата.

5.

Рассмотрение вопроса Жогорку Кенешем начинается с доклада представителя временной комиссии о результатах ее работы и проходит по процедуре полного обсуждения.

При рассмотрении вопроса в прениях участвуют представители фракций, депутатских групп и депутат Жогорку Кенеша, в отношении которого решается вопрос об отзыве депутатского мандата.

6.

Жогорку Кенеш принимает постановление об одобрении или отклонении решения временной комиссии об отзыве депутатского мандата открытым голосованием большинством голосов от общего числа депутатов.

7.

Жогорку Кенеш в 3-дневный срок направляет постановление в Центральную избирательную комиссию.

8.

Отказ Жогорку Кенеша в даче согласия на отзыв депутатского мандата означает, что заявление в отношении депутата об отзыве депутатского мандата считается отклоненным.

Кыргызча
Депутаттык мандатты кайра чакыртып алуу жөнүндө сунушту Жогорку Кеңеш тарабынан кароонун тартиби 1. Жогорку Кеңеш депутаттык мандатты кайра чакыртып алуу жөнүндө маселени карайт. 2. Жогорку Кеңеш депутаттык мандатты кайра чакыртып алуу жөнүндө тиешелүү арыз келип түшкөн күндөн тартып 3 күндөн кечиктирбестен убактылуу депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө маселени кезексиз тартипте карайт. Арызды кароонун мөөнөтү бир айдан ашпайт. 3. Убактылуу комиссия мандатты кайра чакыртып алуу жөнүндө маселени кароодо өзүнө карата мандатын кайра чакыртып алуу жөнүндө маселе каралып жаткан депутатты, шайлоочулардын чогулушунда дайындалган өкүлдөрдү, арыз берген өкүлдү угат, баа берет же арызда көрсөтүлгөн фактыларды тактоо менен гана чектелиши мүмкүн. 4. Убактылуу комиссия шайлоочулардын тиешелүү арызын кароонун натыйжалары боюнча депутаттык мандатты кайра чакыртып алуу жөнүндө маселени даярдоо жана алдын ала кароо үчүн чечимди тиешелүү комитетке жөнөтөт. 5. Жогорку Кеңеш тарабынан маселени кароо убактылуу комиссиянын өкүлүнүн ишинин натыйжалары жөнүндө анын баяндамасы менен башталат жана толук талкуулоо жол-жобосу боюнча өтөт. Маселени кароодо жарыш сөздөргө фракциялардын, депутаттык топтордун өкүлдөрү жана өзүнө карата депутаттык мандатын кайра чакыртып алуу жөнүндө маселе чечилип жаткан Жогорку Кеңештин депутаты катышат. 6. Жогорку Кеңеш депутаттык мандатты кайра чакыртып алуу жөнүндө убактылуу комиссиянын чечимин жактыруу же четке кагуу тууралуу токтомду депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен ачык добуш берүү аркылуу кабыл алат. 7. Жогорку Кеңеш токтомду 3 күндүк мөөнөттө Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтөт. 8. Жогорку Кеңештин депутаттык мандатты кайра чакыртып алууга макулдук берүүдөн баш тартуусу депутатка карата депутаттык мандатты кайра чакыртып алуу жөнүндө арыз четке кагылган болуп эсептелерин билдирет.