Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 21
Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе" · гл. 5Статус: действует

Статья 21. Материальная мотивация государственных гражданских служащих и муниципальных служащих

1.

Система оплаты труда основывается на иерархии должностей и является материальной мотивацией служащих.

2.

Заработная плата включает в себя должностной оклад, надбавки за выслугу лет, классный чин и ненормированный рабочий день и компенсационные суммы за транспортные расходы, а также расходы на питание.

3.

Порядок начисления заработной платы, размеры должностного оклада, надбавок и компенсационных сумм определяются Президентом.

4.

(Утратила силу в соответствии с Законом КР от 30 июля 2024 года N 156)

5.

Служащему предоставляется социальный пакет в порядке и объеме, определяемых Кабинетом Министров.

6.

Стаж государственной и муниципальной службы для выплаты процентных надбавок за выслугу лет исчисляется в порядке, определяемом Президентом. При исчислении стажа работы деятельность граждан в аппаратах партийных, советских, профсоюзных и комсомольских органов, в министерствах, ведомствах, предприятиях, учреждениях и организациях, связанных с исполнительно-распорядительными функциями и состоящих на государственном бюджете бывшего СССР, срочная служба в Вооруженных Силах СССР и Кыргызской Республики, исполнение депутатских обязанностей на постоянной основе, период прохождения переподготовки и повышения квалификации по направлению государственного органа, органа местного самоуправления учитываются как государственная и муниципальная служба.

7.

Трудовая деятельность по замещению временно отсутствующего служащего засчитывается в стаж государственной и муниципальной службы. При этом для замещения временно отсутствующего служащего приглашается лицо, соответствующее квалификационным требованиям, либо обязательно временно возлагаются на одного или нескольких сотрудников функциональные обязанности отсутствующего служащего с выплатой им надбавки в размере не меньше 25 процентов от их должностного оклада. О временном возложении функциональных обязанностей издается приказ руководителя органа. Не допускается перераспределять объем работы временно отсутствующего служащего между другими служащими.

8.

Для решения социально-бытовых вопросов служащим оказывается материальная помощь, в том числе в виде предоставления жилья, из средств государственного бюджета и иных источников, не запрещенных законодательством.

9.

Период работы должностных лиц и сотрудников Евразийской экономической комиссии засчитывается в стаж государственной службы и муниципальной службы. При этом перечень соответствия должностей должностных лиц и сотрудников Евразийской экономической комиссии с должностями государственной службы и муниципальной службы определяется Кабинетом Министров.

(В редакции Законов КР от25 января 2023 года № 14, 29 июля 2024 года № 152, 30 июля 2024 года № 156)

Кыргызча
Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды материалдык жүйөлөштүрүү 1. Эмгек акы төлөө тутуму кызмат орундарынын иерархиясында негизделет жана кызматчылардын материалдык жүйөсү болуп саналат. 2. Эмгек акы өзүнө кызматтык маянаны, иштеген жылдары, класстык чен жана ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн үстөктөрдү жана транспорттук чыгымдар үчүн компенсациялык суммаларды, ошондой эле тамактанууга чыгымдарды камтыйт. 3. Эмгек акыны эсептөө тартиби, кызматтык маянанын, үстөктөрдүн жана компенсациялык суммалардын өлчөмдөрү Президент тарабынан аныкталат. 4. (КР 2024-жылдын 30-июлундагы № 156 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 5. Кызматчыга Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жана көлөмдө социалдык пакет берилет. 6. Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдү төлөө үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажы Президент тарабынан аныкталган тартипте эсептелет. Иш стажын эсептөөдө жарандардын мурдагы СССРдин мамлекеттик бюджетинде турган партиялык, советтик, профсоюздук жана комсомолдук органдардын аппараттарындагы, министрликтердеги, ведомстволордогу, ишканалардагы, мекемелердеги жана уюмдардагы аткаруу-тескөө функциялары менен байланышкан иши, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө мөөнөттүү кызмат өтөө, туруктуу негизде депутаттык милдеттерди аткаруу, мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жолдомосу боюнча кайра даярдоодон жана квалификацияны жогорулатуудан өткөн мезгил мамлекеттик жана муниципалдык кызмат катары эсептелет. 7. Убактылуу жок болгон кызматчыны алмаштыруу боюнча эмгектик иш мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы стажга эсептелинет. Мында убактылуу жок болгон кызматчыны алмаштыруу үчүн квалификациялык талаптарга ылайык адам чакырылат же жок болгон кызматчынын функциялык милдеттери бир же бир нече кызматкерге милдеттүү түрдө жүктөлөт жана аларга кызматтык маянасынын 25 пайызынан кем эмес өлчөмдө үстөк төлөп берилет. Функциялык милдеттерди убактылуу жүктөө жөнүндө органдын жетекчисинин буйругу чыгарылат. Убактылуу жок болгон кызматчынын ишинин көлөмүн башка кызматчылардын ортосунда кайра бөлүштүрүүгө жол берилбейт. 8. Социалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн кызматчыларга мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан жана мыйзам менен тыюу салынбаган башка булактардан материалдык жардам, анын ичинде турак жай берүү түрүндө жардам көрсөтүлөт. 9. Евразия экономикалык комиссиясынын кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин иштеген мезгили мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажына эсептелет. Мында Евразия экономикалык комиссиясынын кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин кызмат орундарынын мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын кызмат орундарына шайкеш келүүсүнүн тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (КР 2023-жылдын 25-январындагы № 14 , 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2024-жылдын 30-июлундагы № 156 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)