Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 24
Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе" · гл. 5Статус: действует

Статья 24. Дисциплинарные взыскания, налагаемые на государственного гражданского служащего и муниципального служащего

1.

Под дисциплинарной ответственностью понимается применение к служащему мер дисциплинарного воздействия (взыскания) за виновное, противоправное поведение, неисполнение или ненадлежащее исполнение своих служебных обязанностей (совершение дисциплинарного проступка).

2.

Виды дисциплинарных взысканий:

1) замечание;

2) выговор;

3) строгий выговор;

4) понижение в должности;

5) освобождение от занимаемой должности.

3.

Дисциплинарные взыскания применяются непосредственно после обнаружения проступка, но не позднее 6 месяцев со дня его совершения. За каждое неисполнение или ненадлежащее исполнение служащим возложенных на него обязанностей может быть наложено только одно дисциплинарное взыскание.

4.

Служащий не может быть повышен в должности в период действия наложенного на него дисциплинарного взыскания.

5.

Дисциплинарное взыскание на служащего налагается руководителем государственного органа, органа местного самоуправления с учетом тяжести и характера совершенного проступка, а также обстоятельств, при которых совершен проступок. Тяжесть и характер совершенного проступка, а также другие обстоятельства определяются комиссией по проведению служебного расследования, образуемой в государственных органах и органах местного самоуправления, результатом деятельности которой является внесение руководителю государственного органа, органа местного самоуправления предложения о применении конкретного вида взыскания.

6.

Порядок проведения служебного расследования определяется Кабинетом Министров.

7.

При наложении дисциплинарного взыскания должны учитываться все обстоятельства служебной деятельности до совершения проступка.

8.

До применения дисциплинарного взыскания от служащего должно быть затребовано письменное объяснение. В случае отказа представить такое объяснение оформляется служебная записка (акт), составленная несколькими лицами через систему электронного документооборота. Отказ от предоставления объяснения не может служить препятствием для применения взыскания.

9.

Решение государственного органа, органа местного самоуправления о применении дисциплинарного взыскания объявляется служащему под роспись в течение 3 рабочих дней со дня его издания или направляется ему через систему электронного документооборота для ознакомления. В случае отказа служащего от ознакомления с указанным решением оформляется соответствующая служебная записка (акт), составленная несколькими лицами через систему электронного документооборота.

10.

Дисциплинарное взыскание действует в течение одного года со дня его применения. Если в течение этого срока служащий не будет подвергнут новому взысканию, то он считается не имеющим дисциплинарного взыскания.

11.

Руководитель государственного органа, органа местного самоуправления вправе снять дисциплинарное взыскание до истечения срока, указанного в части 10 настоящей статьи, но не ранее чем через 6 месяцев со дня наложения взыскания.

12.

Служебное расследование прекращается либо не проводится в случаях:

1) чистосердечного признания служащим своей вины в совершенном проступке - в случае соответствия фактов действительности;

2) если в совершенном проступке обнаруживаются признаки состава уголовного преступления с передачей материалов в соответствующий государственный орган.

(В редакции Закона КР от 10 июля 2025 года № 141)

Кыргызча
Мамлекеттик жарандык кызматчыга жана муниципалдык кызматчыга салынуучу тартиптик жазалар 1. Тартиптик жоопкерчилик деп күнөөлүү, укукка каршы жүрүм-туруму, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы (тартиптик жорук жасаганы) үчүн кызматчыга карата тартиптик таасир этүү (жаза) чараларын колдонуу түшүнүлөт. 2. Тартиптик жазалардын түрлөрү: 1) эскертүү; 2) сөгүш; 3) катуу сөгүш; 4) кызмат ордунан төмөндөтүү; 5) ээлеген кызмат ордунан бошотуу. 3. Тартиптик жазалар жорук түздөн-түз аныкталгандан кийин, бирок ал жасалган күндөн тартып 6 айдан кечиктирилбестен колдонулат. Кызматчы өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбаган ар бир учур үчүн же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн бир гана тартиптик жаза салынышы мүмкүн. 4. Кызматчыга салынган тартиптик жаза күчүндө турган мезгилде аны кызмат орду боюнча жогорулатуу мүмкүн эмес. 5. Тартиптик жаза кызматчыга жасалган жоруктун оордугун жана мүнөзүн, ошондой эле жорук жасалган жагдайларды эске алуу менен мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан салынат. Жасалган жоруктун оордугу жана мүнөзү, ошондой эле башка жагдайлар мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында түзүлүүчү кызматтык териштирүү жүргүзүү боюнча комиссия тарабынан аныкталат, анын ишинин натыйжасы мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине жазанын конкреттүү түрүн колдонуу жөнүндө сунушту киргизүү болуп саналат. 6. Кызматтык териштирүү жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. 7. Тартиптик жазаны салууда жорук жасалганга чейинки кызматтык иштин бардык жагдайлары эске алынууга тийиш. 8. Тартиптик жаза колдонулганга чейин кызматчыдан жазуу жүзүндөгү түшүндүрмө талап кылынууга тийиш. Мындай түшүндүрмө берүүдөн баш тартылган учурда электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу бир нече адам тарабынан түзүлгөн кызматтык кат (акт) таризделет. Түшүндүрмө берүүдөн баш тартуу жазаны колдонуу үчүн тоскоолдук боло албайт. 9. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тартиптик жаза колдонуу жөнүндө чечими ал чыккан күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде кызматчыга кол койдуруу менен жарыяланат же таанышуу үчүн ага электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу жиберилет. Кызматчы аталган чечим менен таанышуудан баш тарткан учурда, электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу бир нече адам тарабынан түзүлгөн тиешелүү кызматтык кат (акт) таризделет. 10. Тартиптик жаза салынган күндөн тартып бир жыл бою күчүндө турат. Эгерде ушул мөөнөттүн ичинде кызматчы жаңы тартиптик жазага кабылбаса, анда анын тартиптик жазасы жок деп эсептелет. 11. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси ушул берененин 10-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин, бирок жаза салынган күндөн тартып 6 айдан эрте эмес тартиптик жазаны алып салууга укуктуу. 12. Кызматтык териштирүү төмөнкү учурларда токтотулат же өткөрүлбөйт: 1) фактылар чындыкка дал келген учурда - кызматчы жорук жасагандыгы боюнча өзүнүн күнөөсүн чын дилинен моюнга алганда; 2) эгерде жасалган жорукта кылмыш-жаза курамынын белгилери аныкталса, мында материалдар тиешелүү мамлекеттик органга өткөрүп берилет. (КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)