Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 26
Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе" · гл. 5Статус: действует

Статья 26. Материальная ответственность государственных гражданских служащих и муниципальных служащих

1.

Материальная ответственность служащего за причиненный ущерб наступает в результате его виновного и противоправного поведения (действия или бездействия).

2.

Ущерб, причиненный служащим третьим лицам в результате незаконных действий (бездействия) при исполнении им должностных полномочий, подлежит возмещению государственным органом, органом местного самоуправления, в котором он состоит на службе.

3.

Государственный орган, орган местного самоуправления обязан возместить причиненный ущерб за счет средств, предусмотренных для финансирования данного органа в соответствующем разделе бюджета.

4.

Государственный орган, орган местного самоуправления, возместивший ущерб, должен предъявить обратные требования (регресс) к лицу, которым непосредственно совершены неправомерные действия.

5.

Возмещение ущерба служащим производится независимо от привлечения служащего к дисциплинарной или уголовной ответственности за действия (бездействие), которыми причинен ущерб государственному органу, органу местного самоуправления.

6.

В случае если в суде будет доказано, что лицом, принявшим решение, были нарушены трудовые права служащего и вследствие этого по решению суда гражданину выплачены предусмотренные законом выплаты, государственный орган, орган местного самоуправления на основании решения суда обязан удержать из заработной платы лица, принявшего решение, сумму причиненного им ущерба. В иных случаях возмещение нанесенного ущерба осуществляется в рамках законодательства.

7.

Порядок ведения базы данных служащих, причинивших материальный ущерб государству, определяется Кабинетом Министров.

Кыргызча
Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын материалдык жоопкерчилиги 1. Келтирилген зыян үчүн кызматчынын материалдык жоопкерчилиги анын күнөөлүү жана укукка каршы жүрүм-турумунун (аракетинин же аракетсиздигинин) натыйжасында келип чыгат. 2. Кызматчы тарабынан кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруудагы мыйзамсыз аракеттеринин (аракетсиздигинин) натыйжасында үчүнчү жактарга келтирилген зыяндын орду ал кызматта турган мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан толтурулууга тийиш. 3. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы келтирилген зыяндын ордун бюджеттин тиешелүү бөлүмүндө ушул органды каржылоо үчүн каралган каражаттардын эсебинен толтурууга милдеттүү. 4. Зыяндын ордун толтурган мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы укукка сыйбаган аракеттерди түздөн-түз жасаган кызматчыга кайтарма талаптарды (регресс) коюшу мүмкүн. 5. Мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына зыян келтирилген аракеттер (аракетсиздик) үчүн кызматчы тартиптик же кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылганына карабастан кызматчы зыяндын ордун толтурат. 6. Эгерде сотто чечим кабыл алган адам тарабынан кызматчынын эмгек укуктары бузулганы далилденген жана анын натыйжасында соттун чечими боюнча жаранга мыйзамда каралган төлөмдөр төлөнүп берилген учурда, мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы соттун чечиминин негизинде чечим кабыл алган адамдын эмгек акысынан ал келтирген зыяндын суммасын кармап калууга милдеттүү. Башка учурларда келтирилген зыяндын ордун толтуруу мыйзамдардын алкактарында жүзөгө ашырылат. 7. Мамлекетке материалдык зыян келтирген кызматчылардын маалыматтык базасын жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.