Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 20
Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе" · гл. 4Статус: действует

Статья 20. Ротация государственных гражданских служащих и муниципальных служащих

1.

Ротация - перевод или перемещение служащих в системе государственной гражданской службы и муниципальной службы.

2.

Ротация проводится в целях:

1) повышения эффективности деятельности государственного органа, органа местного самоуправления;

2) рационального использования потенциала служащих;

3) повышения карьерной мотивации;

4) предотвращения конфликта интересов и снижения риска возникновения коррупции.

3.

Ротация проводится по инициативе руководителя государственного органа, органа местного самоуправления или по инициативе служащего.

4.

Перечень случаев и ситуаций, по которым имеется риск возникновения коррупции, определяется Кабинетом Министров.

5.

Ротация проводится на равнозначные должности либо в пределах одной группы. При ротации служащего на нижестоящие должности заработная плата служащего сохраняется по прежней должности до последующей реорганизации, изменения организационной структуры в связи с изменением обязанностей и функций и улучшения условий оплаты труда.

6.

Запрещается ротация служащего на должность, противопоказанную ему по состоянию здоровья.

7.

Ротация, проводимая в целях снижения риска возникновения коррупции, проводится не чаще одного раза в 2 года.

8.

Виды ротации:

1) ротация внутри государственного органа;

2) ротация внутри органа местного самоуправления;

3) ротация между государственными органами;

4) ротация между органами местного самоуправления;

5) ротация между государственным органом и органом местного самоуправления.

9.

Ротация служащих между государственными органами, между органами местного самоуправления осуществляется по совместному (межведомственному) приказу руководителей государственного органа, органа местного самоуправления соответственно.

10.

Ротация между государственным органом и органом местного самоуправления осуществляется по совместному приказу руководителей государственного органа и органа местного самоуправления.

11.

Порядок ротации служащих определяется Президентом.

(В редакции Закона КР от 29 июля 2024 года № 152 )

Кыргызча
Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды ротациялоо 1. Ротациялоо - мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын тутумунда кызматчыларды которуу же жылдыруу. 2. Ротациялоо төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт: 1) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу; 2) кызматчылардын потенциалын сарамжал пайдалануу; 3) карьералык жүйөлөштүрүүнү жогорулатуу; 4) кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин азайтуу. 3. Ротациялоо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин демилгеси же кызматчынын демилгеси боюнча жүргүзүлөт. 4. Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин Министрлер Кабинети аныктайт. 5. Ротациялоо бирдей кызмат орундарына же болбосо бир топтун чегинде жүргүзүлөт. Кызматчыны төмөн турган кызмат орундарына ротациялоодо кызматчынын эмгек акысы кийинки кайра уюштурууга, милдеттердин жана функциялардын өзгөрүшүнө байланыштуу уюштуруучулук түзүмү өзгөргөнгө жана эмгек акы төлөө шарттарынын жакшырышына чейин мурдагы кызмат орду боюнча сакталат. 6. Кызматчыны анын ден соолугунун абалы боюнча каршы көрсөтүлгөн кызмат ордуна ротациялоого тыюу салынат. 7. Коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында жүргүзүлүүчү ротациялоо 2 жылда бир жолудан көп эмес жүргүзүлөт. 8. Ротациялоонун түрлөрү: 1) мамлекеттик органдын ичиндеги ротациялоо; 2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ичиндеги ротациялоо; 3) мамлекеттик органдардын ортосундагы ротациялоо; 4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ротациялоо; 5) мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосундагы ротациялоо. 9. Мамлекеттик органдардын ортосундагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ротациялоо тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилеринин биргелешкен (ведомстволор аралык) буйругу боюнча жүзөгө ашырылат. 10. Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосундагы ротациялоо мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилеринин биргелешкен буйругу боюнча жүзөгө ашырылат. 11. Кызматчыларды ротациялоо тартибин Президент аныктайт. (КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 5 - глава. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын ишин жүйөлөштүрүү, тартиптик жоопкерчилик