Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 19
Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе" · гл. 4Статус: действует

Статья 19. Профессиональное развитие государственного гражданского служащего и муниципального служащего

1.

Обучение служащего проводится в целях его профессионального развития, необходимого для выполнения задач государственного органа и органа местного самоуправления.

2.

Основными формами обучения служащих являются переподготовка и повышение квалификации.

3.

Переподготовка служащих осуществляется при изменении должностных и функциональных обязанностей служащего.

4.

Повышение квалификации служащего проводится в рамках одной группы должностей не реже одного раза в 3 года.

5.

Прохождение переподготовки и повышение квалификации служащих подтверждаются соответствующим документом.

6.

Служащий направляется на обучение решением руководителя государственного органа, органа местного самоуправления по инициативе:

1) служащего;

2) руководителя государственного органа, органа местного самоуправления.

7.

Вопросы обучения служащих, формирования и размещения государственного заказа по государственным программам обучения, а также его реализация возлагаются на одно из учебных заведений, определяемых Президентом.

Государственный заказ представляет собой план обучения служащих на календарный год в пределах средств, предусмотренных в государственном бюджете на эти цели.

Государственный заказ включает в себя все программы для различных категорий служащих, курсы повышения квалификации, научные исследования и учебно-методические разработки.

8.

Преимущественное право на прохождение обучения имеют служащие, находившиеся в отпуске по беременности и родам или по уходу за ребенком, или по уходу за больным.

9.

Для проведения обучения служащих выделяются финансовые средства из бюджета, из расчета не менее одного процента средств, предусмотренных для финансирования деятельности государственных органов, органов местного самоуправления. Обучение может проводиться также за счет других средств, не запрещенных законодательством.

10.

Служащий, направляемый на обучение на срок более 3 месяцев, заключает с государственным органом, органом местного самоуправления договор об обязательствах по отработке определенного срока в соответствующем государственном органе или органе местного самоуправления и возмещении затрат, связанных с обучением, если служащий прекращает службу по собственному желанию.

11.

Обучение служащих осуществляется на основе потребностей государственных органов, органов местного самоуправления. Порядок определения,планирования и прогнозирования потребностей в обучении, также порядок организации и проведения обучения, координации донорской помощи в сфере обучения, формирования государственного заказа и иные вопросы в сфере обучения определяются Кабинетом Министров.

Кыргызча
Мамлекеттик жарандык кызматчыны жана муниципалдык кызматчыны кесиптик өнүктүрүү 1. Кызматчыны окутуу мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон аны кесиптик өнүктүрүү максатында жүргүзүлөт. 2. Кызматчыларды окутуунун негизги формалары кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу болуп саналат. 3. Кызматчыларды кайра даярдоо кызматчынын кызматтык жана функциялык милдеттери өзгөргөн учурда жүзөгө ашырылат. 4. Кызматчынын квалификациясын жогорулатуу кызмат орундарынын бир тобунун алкагында 3 жылда бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт. 5. Кызматчыларды кайра даярдоодон өткөрүү жана квалификациясын жогорулатуу тиешелүү документ менен ырасталат. 6. Кызматчы мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин чечими менен төмөнкүлөрдүн демилгеси боюнча окууга жөнөтүлөт: 1) кызматчынын; 2) мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин. 7. Кызматчыларды окутуу, мамлекеттик окутуу программалары боюнча мамлекеттик заказды түзүү жана жайгаштыруу, ошондой эле аны ишке ашыруу Президент тарабынан аныкталган окуу жайларынын бирине жүктөлөт. Мамлекеттик заказ мамлекеттик бюджетте ушул максаттарга каралган каражаттардын чегинде календардык жылга карата кызматчыларды окутуунун планын билдирет. Мамлекеттик заказ кызматчылардын ар кандай категориялары үчүн бардык программаларды, квалификацияны жогорулатуу курстарын, илимий изилдөөлөрдү жана окуу-усулдук иштелмелерди өзүнө камтыйт. 8. Кош бойлуулук жана төрөт же бала багуу же оорулууну кароо боюнча өргүүдө жүргөн кызматчылар окутуудан өтүүдө артыкчылыктуу укуктарга ээ болушат. 9. Кызматчыларды окутуу үчүн мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин каржылоо үчүн каралган каражаттардын бир пайызынан кем эмес эсепте бюджеттен финансылык каражаттар бөлүнөт. Окутуу мыйзамдарда тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн. 10. Эгерде кызматчы өз каалоосу боюнча кызматты токтотсо, 3 айдан ашык мөөнөткө окууга жиберилүүчү кызматчы мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы менен тиешелүү мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында аныкталган мөөнөттү иштеп берүү жана окутууга байланышкан чыгашалардын ордун толтуруу боюнча милдеттенмелер жөнүндө келишим түзөт. 11. Кызматчыларды окутуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муктаждыктарынын негизинде жүзөгө ашырылат. Окутууга муктаждыктарды аныктоонун, пландоонун жана болжолдоонун тартиби, ошондой эле окутууну уюштуруу жана өткөрүү, окутуу чөйрөсүндө донордук жардамды координациялоо, мамлекеттик заказды түзүү тартиби жана окутуу чөйрөсүндөгү башка маселелер Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат .