Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 15
Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе" · гл. 3Статус: действует

Статья 15. Ограничения, связанные с государственной гражданской службой и муниципальной службой

1.

Служащему запрещается:

1) государственному гражданскому служащему - состоять на муниципальной службе, муниципальному служащему - на государственной гражданской службе;

2) заниматься другой оплачиваемой деятельностью, за исключением случаев, предусмотренных настоящим Законом;

3) заниматься лично или через доверенных лиц предпринимательской деятельностью, участвовать в управлении хозяйствующими субъектами независимо от их организационно-правовых форм, а также использовать свое служебное положение для содействия физическим и юридическим лицам в осуществлении ими предпринимательской деятельности с получением в обмен за это любых выгод;

4) быть поверенным или иным представителем по делам третьих лиц в государственных органах и органах местного самоуправления, если иное не предусмотрено законами;

5) использовать в неслужебных целях информацию, средства материально-технического, финансового и информационного обеспечения, служебные автотранспортные средства и другое имущество, предназначенное только для служебной деятельности;

6) получать в связи с выполнением должностных обязанностей не предусмотренные законодательством вознаграждения (денежное и иное вознаграждение, услуги, оплату развлечений, отдыха, транспортных расходов) и подарки от физических и юридических лиц. Подарки, полученные в связи с протокольными мероприятиями, со служебными командировками и другими официальными мероприятиями, признаются собственностью соответственно государственных органов или органов местного самоуправления и передаются в соответствующий государственный орган или орган местного самоуправления в порядке, определяемом Кабинетом Министров;

7) создавать политические партии, общественные объединения и религиозные организации в связи со своей служебной деятельностью и в служебное время, а также участвовать или оказывать содействие в какой-либо форме в их деятельности; подчинять служебную деятельность партийным программам и решениям;

8) находиться на службе, связанной с непосредственной подчиненностью или подконтрольностью лицам, находящимся с ним в близких родственных отношениях;

9) брать на себя обязательства и давать обещания, связанные с его службой, на которые он не уполномочен;

10) использовать свое служебное положение для решения вопросов, которые непосредственно затрагивают личные интересы самого служащего и его близких родственников;

11) организовывать забастовки, митинги и другие мероприятия, которые препятствуют функционированию государственных органов и органов местного самоуправления, или участвовать в них;

12) разглашать или использовать в целях, не связанных с выполнением служебных обязанностей, сведения, отнесенные в соответствии с законом к информации ограниченного доступа, ставшие ему известными в связи с выполнением служебных обязанностей;

13) использовать преимущества должностного или служебного положения и иные виды административного ресурса в период референдумов и избирательных кампаний;

14) входить в состав органов управления, попечительских или наблюдательных советов, иных органов иностранных некоммерческих организаций и действующих на территории Кыргызской Республики их подразделений, если иное не предусмотрено законодательством и международными договорами, вступившими в силу в соответствии с законодательством Кыргызской Республики;

15) выезжать в служебные командировки за пределы Кыргызской Республики за счет средств физических и юридических лиц, за исключением служебных командировок, осуществляемых в соответствии с законодательством и международными договорами, вступившими в силу в соответствии с законодательством Кыргызской Республики;

16) публично осуждать действия вышестоящего органа или должностного лица;

17) осуществлять деятельность в качестве медиатора.

2.

Установление факта несоблюдения предусмотренных настоящей статьей ограничений является основанием для применения к служащему мер дисциплинарной ответственности, вплоть до освобождения от занимаемой должности.

3.

Служащий после прекращения службы в течение года не может:

1) в интересах третьих лиц обращаться по месту своей прежней работы по вопросам, которые входили в его компетенцию;

2) действовать от имени физического или юридического лица по делам, входившим в его ведение в период его нахождения на службе, что дало бы дополнительные преимущества этому физическому или юридическому лицу.

4.

Служащий не может состоять в органах управления коммерческих организаций, за исключением случаев, предусмотренных законами.

5.

Служащий, имеющий гражданство другого государства, не может занимать должности в государственных органах и органах местного самоуправления.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 6 июня 2022 года № 41, 7 февраля 2024 года № 39, 31 декабря 2024 года № 209)

Кыргызча
Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка байланышкан чектөөлөр 1. Кызматчыга төмөнкүлөргө тыюу салынат: 1) мамлекеттик жарандык кызматчыга - муниципалдык кызматта турууга, муниципалдык кызматчыга - мамлекеттик жарандык кызматта турууга; 2) ушул Мыйзамда каралган учурларды копшогондо, акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө; 3) өзү же ишенимдүү жактар аркылуу ишкердик иш менен алектенүүгө, уюштуруу-укуктук формаларына карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттерди башкарууга катышууга, ошондой эле бул үчүн кандай гана болбосун пайда алуу менен жеке жана юридикалык жактарга ишкердик ишин жүзөгө ашырууга көмөк көрсөтүү үчүн өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга; 4) эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында үчүнчү жактардын иштери боюнча ишеним берилген же башка өкүл болууга; 5) маалыматтарды, материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыз кылуу каражаттарын, кызматтык автотранспорт каражаттарын жана кызматтык иш үчүн гана арналган башка мүлктү кызматтык эмес максаттарга пайдаланууга; 6) кызматтык милдеттерди аткарууга байланыштуу мыйзамдарда каралбаган сыйакыларды (акчалай жана башка сыйакыларды, кызмат көрсөтүүлөрдү, көңүл ачууга, эс алууга, транспорттук чыгымдарга төлөөлөрдү) жана жеке жана юридикалык жактардан белектерди алууга. Протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектер тиешелүү түрдө мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын менчиги катары таанылат жана тиешелүү мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте өткөрүп берилет; 7) өзүнүн кызматтык ишине байланыштуу жана кызмат убагында саясий партияларды, коомдук бирикмелерди жана диний уюмдарды түзүүгө, ошондой эле алардын ишине кандайдыр бир формада катышууга же көмөктөшүүгө; кызматтык ишин партиялык программаларга жана чечимдерге баш ийдирүүгө; 8) аны менен жакын туугандык мамилелерде турган адамдардын түздөн-түз кол алдында же көзөмөлүндө болгон кызматтарда туруусуна; 9) анын кызматы менен байланышкан, ал ыйгарым укуктуу болбогон милдеттенмелерди өзүнө алууга жана убада берүүгө; 10) кызматчынын өзүнүн жана анын жакын туугандарынын түздөн-түз жеке кызыкчылыгын козгогон маселелерди чечүү үчүн өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга; 11) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине бөгөт болгон иш таштоолорго, митингдерге жана башка иш-чараларды уюштурууга же аларга катышууга; 12) кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу ага белгилүү болуп калган, мыйзамдарга ылайык жеткиликтүүлүгү чектелген маалыматтарды, кызматтык милдеттерин аткаруу менен байланышпаган максаттарда жайылтууга же пайдаланууга; 13) референдумдун жана шайлоо өнөктүктөрүнүн мезгилинде кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын жана административдик ресурстун башка түрлөрүн пайдаланууга; 14) эгерде мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, камкорчулук же байкоочу кеңештердин, чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын башка органдарынын башкаруу органдарынын жана Кыргыз Республикасынын аймагында иштеп жаткан алардын бөлүмдөрүнүн курамына кирүүгө; 15) мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылуучу кызматтык иш-сапарларды кошпогондо, жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары кызматтык иш-сапарларга чыгууга; 16) жогору турган органдын же кызмат адамынын аракеттерин көпчүлүктүн алдында сынга алууга; 17) медиатор катары иш жүргүзүүгө. 2. Ушул беренеде каралган чектөөлөр сакталбаган фактынын белгилениши кызматчыга карата ээлеген кызмат ордунан бошотууга чейин тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат. 3. Кызматчы кызматын токтоткондон кийин бир жылдын ичинде төмөнкүлөрдү жасай албайт: 1) үчүнчү жактардын кызыкчылыгында анын компетенциясына кирген маселелер боюнча өзү мурда иштеген жери боюнча кайрылууга; 2) кызматта турган мезгилинде анын карамагына кирген иштер боюнча жеке же юридикалык жактын атынан аракеттенүүгө, бул ошол жеке же юридикалык жакка кошумча артыкчылык бермек. 4. Кызматчы мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарында тура албайт. 5. Башка мамлекеттин жарандыгы бар кызматчы мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат орундарын ээлей албайт. (Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 6-июнундагы № 41, 2024-жылдын 7-февралындагы № 39, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык) 4-глава. Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты өтөө тартиби