Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 13
Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе" · гл. 3Статус: действует

Статья 13. Права государственного гражданского служащего и муниципального служащего

1.

Служащий имеет право:

1) на уважение личного достоинства, справедливое и уважительное отношение к себе со стороны руководителей, коллег и граждан;

2) в объеме установленных полномочий требовать исполнения соответствующими государственными органами, органами местного самоуправления и их должностными лицами, физическими и юридическими лицами Конституции и иных нормативных правовых актов, а также решений, принятых служащим в пределах своих должностных полномочий;

3) на обучение для повышения своей профессиональной квалификации;

4) на продвижение по службе с учетом результатов служебной деятельности, уровня образования, компетентности, профессиональной квалификации и опыта;

5) на своевременную и в полном объеме выплату заработной платы в соответствии с результатами труда;

6) на получение в установленном порядке информации, документов и других материалов, необходимых для исполнения должностных полномочий;

7) на отдых, обеспечиваемый установлением предельной продолжительности рабочего времени, перерывами в течение рабочего дня для отдыха и питания, предоставлением еженедельных выходных дней, нерабочих праздничных дней, а также ежегодных оплачиваемых отпусков;

8) на предоставление льгот в соответствии с законодательством, включая социальный пакет, определяемый Кабинетом Министров;

9) на создание безопасных для здоровья условий труда;

10) на принятие решений или участие в их подготовке и рассмотрении;

11) требовать от руководителя постановки четко определенных задач;

12) на защиту своих прав и законных интересов, а также обжалование неправомерных действий должностных лиц в установленном законодательством порядке;

13) требовать проведения служебных расследований с целью снятия безосновательных, по мнению служащего, обвинений или подозрений;

14) на освобождение от занимаемой должности по собственному желанию в установленном законодательством порядке;

15) требовать письменного подтверждения устного распоряжения руководителя в случаях возникновения сомнения в законности данного распоряжения;

16) на объединение в профессиональные союзы;

17) на обращение в установленном порядке в суд, профсоюзные и другие органы с целью защиты своих прав, социально-экономических и профессиональных интересов, разрешения споров, связанных со службой;

18) на занятие образовательной, экспертной, научной и иной творческой деятельностью в соответствующей профессиональной сфере, а также индивидуальной трудовой деятельностью согласно перечню видов деятельности, определяемому Кабинетом Министров Кыргызской Республики, дополнительно оплачиваемых из средств, не запрещенных законодательством, по согласованию с руководителем.

(Абзац 2 утратил силу в соответствии с Законом КР от 7 февраля 2024 года № 39)

18-1) на деятельность в составе общественных объединений, осуществляющих общественно полезную деятельность в сфере здравоохранения, образования, благотворительности, волонтерства и других сферах.

Осуществление видов деятельности, указанных в пунктах 18 и 18-1, не должно отражаться на количестве и качестве выполняемой работы, а также не допускать возникновения конфликта интересов по месту работы служащего;

19) на защиту от преследования со стороны руководителя;

20) на владение акциями, иными ценными бумагами (долями участия, паями в уставных (складочных) капиталах организаций) с передачей их в доверительное управление на время нахождения на службе.

2.

Служащие имеют также и иные установленные законодательством права.

3.

Руководители государственных органов и органов местного самоуправления обязаны обеспечивать реализацию прав служащего, предусмотренных настоящим Законом.

(В редакции Законов КР от 18 января 2022 года №4, 7 февраля 2024 года № 39)

Кыргызча
Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын укуктары 1. Кызматчы төмөнкүлөргө укуктуу: 1) жетекчилер, кесиптештер жана жарандар тарабынан анын жеке кадыр-баркын сыйлоого, өзүнө карата адилеттүү жана сый-урматтуу мамилеге; 2) белгиленген ыйгарым укуктарынын көлөмүндө тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан Конституциянын жана башка ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чектеринде кызматчылар кабыл алган чечимдердин аткарылышын талап кылууга; 3) өзүнүн кесиптик квалификациясын жогорулатуу үчүн окууга; 4) кызматтык ишинин натыйжаларын, билим деңгээлин, компетенттүүлүгүн, кесиптик квалификациясын жана тажрыйбасын эске алуу менен кызматы боюнча жогорулоого; 5) эмгегинин натыйжаларына ылайык эмгек акысын өз убагында жана толук көлөмдө төлөтүп алууга; 6) кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды белгиленген тартипте алууга; 7) жумуш убактысынын чектүү узактыгын белгилөө, жумуш күндүн ичинде эс алуу жана тамактануу үчүн тыныгуулар менен, жума сайын дем алыш күндөрүн, жумуш эмес майрам күндөрүн, ошондой эле ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүлөрдү берүү менен камсыз кылынуучу эс алууга; 8) мыйзамдарга ылайык жеңилдиктерди, анын ичинде Министрлер Кабинети аныктаган социалдык пакетти алууга; 9) ден соолугу үчүн коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө; 10) чечимдерди кабыл алууга же аларды даярдоого жана кароого катышууга; 11) жетекчиден так аныкталган милдеттерди коюуну талап кылууга; 12) өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле кызмат адамдарынын укукка каршы аракеттерине мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанууга; 13) кызматчынын пикири боюнча негизсиз айыптоолорду же шектенүүлөрдү алып салуу максатында кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылууга; 14) мыйзамдарда белгиленген тартипте өз каалоосу боюнча ээлеген кызмат ордунан бошоого; 15) жетекчинин оозеки тескемесинин мыйзамдуулугуна шектенүү пайда болгон учурларда ошол тескемени жазуу жүзүндө ырастоону талап кылууга; 16) кесиптик бирликтерге биригүүгө; 17) өзүнүн укуктарын, социалдык-экономикалык жана кесиптик кызыкчылыктарын коргоо, кызматка байланышкан талаш-тартыштарды чечүү максатында белгиленген тартипте сотко, кесиптик бирликке жана башка органдарга кайрылууга; 18) жетекчи менен макулдашуу боюнча мыйзамдарда тыюу салынбаган каражаттардан кошумча төлөнүүчү тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү билим берүүчүлүк, эксперттик, илимий жана башка чыгармачылык иштер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу иштин түрлөрүнүн тизмесине ылайык жекече эмгектик иш менен алектенүүгө. (Абзац КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 18-1) саламаттык сактоо, билим берүү, кайрымдуулук, ыктыярдуулук жана башка чөйрөлөрдө коомдук пайдалуу ишти жүзөгө ашыруучу коомдук бирикмелердин курамында иш жүргүзүүгө. 18 жана 18-1-пункттарда көрсөтүлгөн иштердин түрүн жүзөгө ашыруу аткарылуучу иштин санына жана сапатына таасирин тийгизбөөгө, ошондой эле кызматчынын иштеген жеринде кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөөгө тийиш; 19) жетекчи тарабынан куугунтуктоодон коргонууга; 20) кызматта жүргөн убагында акцияларды, башка баалуу кагаздарды (катышуу үлүштөрүн, уюмдардын уставдык (топтоочу) капиталдарындагы пайларды) ишенимдүү башкарууга берүү менен аларга ээлик кылууга. 2. Кызматчылар ошондой эле мыйзамдарда белгиленген башка укуктарга да ээ. 3. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери кызматчынын ушул Мыйзамда каралган укуктарын ишке ашырууну камсыз кылууга милдеттүү. (КР 2022-жылдын 18-январындагы №4, 2024-жылдын 7-февралындагы № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)