Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 14
Закон КР от 27 октября 2021 года № 125 "О государственной гражданской службе и муниципальной службе" · гл. 3Статус: действует

Статья 14. Обязанности государственного гражданского служащего и муниципального служащего

1.

Служащий обязан:

1) добросовестно исполнять служебный долг и должностные полномочия, решения соответствующих государственных органов и органов местного самоуправления, издаваемые в пределах их полномочий, руководствуясь Конституцией и иными нормативными правовыми актами;

2) соблюдать Кодекс этики государственного гражданского служащего и муниципального служащего (далее - Кодекс этики);

3) соблюдать трудовую дисциплину;

4) не допускать нарушений прав, свобод и интересов физических и юридических лиц;

5) рассматривать обращения физических и юридических лиц, своевременно и объективно принимать по ним решения в соответствии с законодательством;

6) незамедлительно информировать руководство и соответствующие государственные органы, органы местного самоуправления о ставших ему известными фактах нарушения законодательства;

7) иметь уровень профессиональной квалификации, необходимый для исполнения своих должностных обязанностей;

8) применять в своей работе новые современные технологии, методы и инструменты электронного управления;

9) хранить государственную, служебную и иную охраняемую законом тайну в установленном законом порядке;

10) сохранять в тайне получаемые при исполнении служебных обязанностей сведения, затрагивающие личную жизнь, честь и достоинство граждан, и не требовать от них представления такой информации, за исключением случаев, предусмотренных законодательством;

11) обеспечивать бережное отношение и сохранность имущества и собственности;

12) принимать на себя ограничения, связанные с прохождением службы, установленные настоящим Законом;

13) представлять при поступлении на службу сведения об имуществе, находящемся в его собственности и собственности членов его семьи.

2.

Служащий может иметь иные обязанности в соответствии с законодательством.

3.

В случае получения поручения руководителя, противоречащего закону, служащий обязан руководствоваться положениями закона.

Кыргызча
Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын милдеттери 1. Кызматчы төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) Конституцияны жана башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алуу менен кызматтык милдетин жана кызматтык ыйгарым укуктарын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарылган чечимдерин ак ниеттүү аткарууга; 2) Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын Этика кодексин (мындан ары - Этика кодекси) сактоого; 3) эмгек тартибин сактоого; 4) жеке жана юридикалык жактардын укуктарынын, эркиндиктеринин жана кызыкчылыктарынын бузулушуна жол бербөөгө; 5) жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын кароого, алар боюнча мыйзамдарга ылайык өз учурунда жана объективдүү чечимдерди кабыл алууга; 6) жетекчиликке жана тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнө белгилүү болгон мыйзам бузуу фактылары жөнүндө дароо маалымдоого; 7) өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик квалификациянын деңгээлине ээ болууга; 8) өз ишинде электрондук башкаруунун жаңы заманбап технологияларын, методдорун жана аспаптарын колдонууга; 9) мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды мыйзамда белгиленген тартипте сактоого; 10) кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардан жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды жашыруун сактоого жана мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, алардан мындай маалыматтарды берүүнү талап кылбоого; 11) мүлккө жана менчикке аяр мамиле жасоону жана сарамжал күтүүнү камсыз кылууга; 12) өзүнө кызматты өтөөгө байланышкан, ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү кабыл алууга; 13) кызматка кирүүдө анын менчигинде же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде турган мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүгө. 2. Мыйзамдарга ылайык кызматчынын башка милдеттери болушу мүмкүн. 3. Жетекчинин мыйзамга каршы келген тапшырмасын алган учурда кызматчы мыйзамдын жоболорун жетекчиликке алууга милдеттүү.