Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 114 БК
БК КР · гл. 21Статус: действует

Статья 114. Принятие и регистрация бюджетных обязательств

1.

Бюджетные обязательства, возникающие в процессе деятельности государственных органов и органов местного самоуправления, подлежат учету и обязательной регистрации в уполномоченных исполнительных органах.

2.

Регистрации подлежат договоры, контракты, соглашения, заключенные бюджетными учреждениями на поставку товаров, оказание услуг, в том числе консультационных услуг, выполнение работ, за исключением обязательств бюджетных учреждений и организаций, находящихся за пределами Кыргызской Республики, и обязательств, содержащих государственную или иную охраняемую законом тайну.

3.

Заключение бюджетными учреждениями договоров, контрактов, соглашений, подлежащих исполнению за счет бюджетных средств, включая доходы от оказания платных услуг, производится в пределах бюджетных ассигнований с учетом принятых и неисполненных бюджетных обязательств.

Руководитель бюджетного учреждения обеспечивает соблюдение доведенных уполномоченным государственным органом предусмотренных бюджетных ассигнований по целевому назначению и несет персональную ответственность за состояние кредиторской и дебиторской задолженностей и образование просроченной задолженности. Просроченной задолженностью является обязательство, по которому превышен срок платежа, установленный в договоре, контракте, соглашении. При отсутствии формального договора, контракта, соглашения просроченной задолженностью является превышение 30-дневного срока со дня получения счета на оплату при условии своевременного финансирования бюджетного учреждения.

4.

В зависимости от вида приобретаемых товаров (работ, услуг, в том числе консультационных услуг) различают следующие виды бюджетных обязательств:

1) договорные обязательства;

2) бездоговорные обязательства.

Договорные бюджетные обязательства возникают при принятии бюджетными учреждениями обязательств на основании заключенных договоров, контрактов, соглашений с поставщиками товаров (работ, услуг) и консультантами.

Бездоговорные бюджетные обязательства возникают при принятии бюджетными учреждениями обязательств без заключения договоров, на основании документов, подтверждающих возникновение обязательств, предусмотренных законодательством Кыргызской Республики.

5.

(Утратила силу в соответствии с Законом КР от 18 апреля 2025 года № 77)

6.

Закупка товаров (работ, услуг, в том числе консультационных услуг) получателями бюджетных средств осуществляется в соответствии с действующим законодательством Кыргызской Республики.

7.

Обязанность по регистрации договоров, контрактов, соглашений возлагается на получателей бюджетных средств.

(В редакции Закона КР от 18 апреля 2025 года № 77)

Кыргызча
Бюджеттик милдеттенмелерди кабыл алуу жана каттоо 1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш процессинде келип чыккан бюджеттик милдеттенмелер ыйгарым укуктуу аткаруу органдарында эсепке алынууга жана милдеттүү катталууга жатат. 2. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары турган бюджеттик мекемелердин жана уюмдардын милдеттенмелерин жана мамлекеттик же мыйзам менен корголуучу башка жашыруун сырды камтыган милдеттенмелерди кошпогондо, бюджеттик мекемелер тарабынан товарларды жеткирүүгө, кызматтарды көрсөтүүгө, анын ичинде консультациялык кызматтарды көрсөтүүгө, жумуштарды аткарууга түзүлгөн келишимдер, контракттар, макулдашуулар катталууга тийиш. 3. Акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн кирешелерди кошуп алганда, бюджеттик каражаттардын эсебинен аткарылууга тийиш бюджеттик мекемелер тарабынан келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды түзүү бюджеттик ассигнованиелердин чектеринде жана кабыл алынган жана аткарылбаган бюджеттик милдеттенмелерди эске алуу менен жүргүзүлөт. Бюджеттик мекеменин жетекчиси ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жеткирилген максаттуу багыт боюнча каралган бюджеттик ассигнованиелерди сактоону камсыз кылат жана насыялык жана дебитордук карыздын абалы жана мөөнөтү өтүп кеткен карыздын түзүлүшү үчүн жеке жоопкерчилик тартат. Келишимде, контрактта, макулдашууда белгиленген төлөө мөөнөтүнөн ашып кеткен милдеттенме мөөнөтү өтүп кеткен карыз болуп саналат. Формалдуу келишим, контракт, макулдашуу болбогондо, бюджеттик мекеме өз убагында каржыланган шартта төлөөгө эсеп алган күндөн тартып 30 күндүк мөөнөтүнөн ашып кеткен карыз мөөнөтү өтүп кеткен болуп саналат. 4. Сатып алынуучу товарлардын (жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн, анын ичинде консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдүн) түрүнө жараша бюджеттик милдеттенмелердин төмөнкүдөй түрлөрүн айырмалашат: 1) келишимдик милдеттенмелер; 2) келишимсиз милдеттенмелер. Келишимдик бюджеттик милдеттенмелер товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү) жөнөтүүчүлөр жана консультанттар менен түзүлгөн келишимдердин, контракттардын, макулдашуулардын негизинде бюджеттик мекемелер тарабынан милдеттенмелер кабыл алынганда келип чыгат. Келишимсиз бюджеттик милдеттенмелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан каралган милдеттенмелердин келип чыгуусун ырастаган документтердин негизинде бюджеттик мекемелер тарабынан келишимдерди түзбөстөн милдеттенме кабыл алынганда келип чыгат. 5. (КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 6. Бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан товарларды (жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, анын ичинде консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү) сатып алуу колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат. 7. Келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды каттоо боюнча милдеттүүлүк бюджеттик каражаттарды алуучуларга жүктөлөт. (КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)