Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 106 БК
БК КР · гл. 21Статус: действует

Статья 106. Кассовое исполнение бюджетов

1.

Кассовое исполнение бюджета на основе применения казначейских процедур осуществляется уполномоченным государственным органом посредством его территориальных подразделений.

2.

Учет и контроль кассового исполнения бюджета осуществляются в автоматизированной системе в режиме реального времени. Автоматизированная система в процессе кассового исполнения бюджетов предусматривает обмен данными между участниками бюджетного процесса, включая Национальный банк, с применением электронных форм документов и электронной цифровой подписи.

3.

Кассовое обслуживание исполнения бюджетов предусматривает:

1) учет операций со средствами бюджетов на Едином казначейском счете;

2) управление средствами на Едином казначейском счете уполномоченным государственным органом в соответствии с нормативными правовыми актами Кыргызской Республики;

3) кассовые расходы из бюджета уполномоченным государственным органом на основании представленных в установленном порядке платежных документов в порядке очередности их представления и в пределах фактического наличия остатка средств на Едином казначейском счете;

4) проведение всех операций по кассовым поступлениям в бюджет и кассовым выплатам из бюджета на Едином казначейском счете и учет в соответствии с Единым планом счетов.

5) на каждую отчетную дату денежные средства в иностранной валюте пересчитываются по официальному курсу Национального банка, действующему на эту дату. Курсовая разница, возникающая при пересчете по денежным статьям, признается доходом или убытком.

4.

Территориальные подразделения уполномоченного государственного органа представляют исполнительным органам местного самоуправления информацию о кассовых операциях по исполнению соответствующих бюджетов.

5.

Все ресурсы бюджетов Кыргызской Республики подлежат незамедлительному перечислению на Единый казначейский счет за исключением средств, определяемых Кабинетом Министров.

6.

Полномочия на расходование бюджетных средств определяются по правилам, определенным Кабинетом Министров, в соответствии с требованиями настоящего Кодекса.

7.

Выполнение финансовых обязательств, превышающих бюджетные ассигнования, не допускается. При выполнении долгосрочных обязательств средства, необходимые для их погашения, предусматриваются в проектах бюджета на соответствующий бюджетный год.

8.

Предельные объемы расходования средств, утвержденные кассовым планом текущего бюджетного года, прекращают свое действие 31 декабря текущего бюджетного года.

9.

Уполномоченный государственный орган до последнего рабочего дня текущего бюджетного года включительно обязан оплатить санкционированные к оплате в установленном порядке бюджетные обязательства в пределах остатка средств соответствующего бюджета на Едином казначейском счете.

10.

Остатки бюджетных средств, находящиеся вне Единого казначейского счета, неиспользованные получателями бюджетных средств, за исключением остатков бюджетных средств по государственным внешним инвестициям, не позднее двух последних рабочих дней бюджетного года подлежат перечислению получателями бюджетных средств на счета соответствующих бюджетов.

11.

Неиспользованные остатки средств межбюджетных трансфертов, не перечисленные в доход соответствующего бюджета, подлежат взысканию в доход бюджета, из которого они были предоставлены, в порядке и с соблюдением общих требований, установленных Кабинетом Министров.

12.

Неиспользованные бюджетными учреждениями остатки средств на специальном и депозитном счетах переносятся на очередной бюджетный год как остаток на начало очередного бюджетного года.

13.

После завершения операций по принятым бюджетным обязательствам текущего бюджетного года остаток средств соответствующего бюджета на Едином казначейском счете учитывается в бюджете очередного бюджетного года в качестве остатка на начало очередного бюджетного года, за исключением средств Дорожного фонда.

Неиспользованные остатки средств Дорожного фонда переносятся на очередной бюджетный год как остаток на начало очередного бюджетного года.

(В редакции Законов КР от 18 января 2022 года № 2, 24 мая 2022 года № 35, 18 апреля 2025 года № 77)

Кыргызча
Бюджеттердин кассалык аткарылышы 1. Казыналык жол-жоболорду колдонуунун негизинде бюджетти кассалык аткаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан анын аймактык бөлүкчөлөрүнүн жардамы менен жүзөгө ашырылат. 2. Бюджеттин кассалык аткарылышын эсепке алуу жана контролдоо реалдуу убакыттын режиминде автоматташтырылган тутумда жүзөгө ашырылат. Бюджеттерди кассалык аткаруу процессинде автоматташтырылган тутум Улуттук банкты кошуп алганда, бюджеттик процесстин катышуучуларынын ортосундагы маалыматтарды документтердин электрондук формасын жана электрондук сандык кол тамгаларды колдонуу менен алмаштырууну карайт. 3. Бюджеттердин аткарылышынын кассалык тейлөөсү төмөнкүлөрдү карайт: 1) Бирдиктүү казыналык эсепте бюджеттердин каражаттары менен операцияларды эсепке алууну; 2) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Бирдиктүү казыналык эсептеги каражаттарды башкаруусун; 3) төлөм документтерин берүүнүн кезектүүлүгүнү тартибинде аларды белгиленген тартипте берүүнүн негизинде жана Бирдиктүү казыналык эсепте каражаттардын калдыгынын иш жүзүндө болгон чектеринде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бюджеттен кассалык чыгашаларын; 4) бюджетке кассалык түшүүлөр жана Бирдиктүү казыналык эсептеги бюджеттен кассалык төлөөлөр боюнча бардык операцияларды жүргүзүүсүн жана Эсептердин бирдиктүү планына ылайык эсепке алуусун; 5) ар бир отчеттук датага чет өлкөлүк валютадагы акчалай каражаттар, ошол датага карата Улуттук банктын расмий курсу боюнча кайра саналат. Акчалай беренелер боюнча кайра саноодо пайда болгон курстук айырма киреше же чыгаша деп таанылат. 4. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына тиешелүү бюджеттердин аткарылышы боюнча кассалык операциялар жөнүндө маалыматтарды берет. 5. Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу каражаттарды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын бюджеттеринин бардык ресурстары Бирдиктүү казыналык эсепке токтоосуз чегерилүүгө тийиш. 6. Бюджеттик каражаттарды чыгашалоого ыйгарым укуктар ушул Кодекстин талаптарына ылайык Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган эрежелер боюнча аныкталат. 7. Бюджеттик ассигнованиелерден ашуучу каржылык милдеттенмелерди аткарууга жол берилбейт. Узак мөөнөттүү милдеттенмелерди аткарууда аларды тындыруу үчүн зарыл болгон каражаттар тиешелүү бюджеттик жылга бюджеттин долбоорунда каралат. 8. Учурдагы бюджеттик жылдын кассалык планында бекитилген каражаттарды чыгымдоонун чектик көлөмдөрү өз колдонулушун учурдагы бюджеттик жылдын 31-декабрында токтотот. 9. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Бирдиктүү казыналык эсептеги тиешелүү бюджеттин каражаттарынын калдыгынын чектеринде учурдагы бюджеттик милдеттенмелерди белгиленген тартипте санкцияларды бюджеттик жылдын акыркы жумуш күнүн кошуп алганга чейин төлөөгө милдеттүү. 10. Бирдиктүү казыналык эсептен тышкары турган, бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан пайдаланылбаган бюджеттик каражаттардын калдыктары, мамлекеттик тышкы инвестициялар боюнча бюджеттик каражаттардын калдыктарын кошпогондо, бюджеттик каражаттарды алуучулар тарабынан тиешелүү бюджеттердин эсебине бюджеттик жылдын акыркы эки жумуш күнүнөн кечиктирилбестен которулууга тийиш. 11. Тиешелүү бюджеттин кирешесине которулбаган бюджеттер аралык трансферттердин каражаттарынын пайдаланылбаган калдыктары Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана жалпы талаптарды сактоо менен алар берилген бюджеттин кирешесине өндүрүп алынууга жатат. 12. Бюджеттик мекемелердин атайын жана депозиттик эсептерде пайдаланбай калган каражаттарынын калдыгы кезектеги бюджеттик жылдын башталышындагы калдык катары кезектеги бюджеттик жылдын эсептерине өткөрүлөт. 13. Учурдагы бюджеттик жылдын кабыл алынган бюджеттик милдеттенмелери боюнча операциялар аяктагандан кийин, Жол фондунун каражаттарын кошпогондо, Бирдиктүү казыналык эсептеги тиешелүү бюджеттик каражаттардын калдыгы кезектеги бюджеттик жылдын бюджетинде кезектеги бюджеттик жылдын башталышындагы калдык катары эсепке алынат. Жол фондунун каражаттарынын пайдаланылбаган калдыктары кезектеги бюджеттик жылга кезектеги бюджеттик жылдын башталышындагы калдык катары которулат. (КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2, 2022-жылдын 24-майындагы № 35, 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)