Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 103 БК
БК КР · гл. 21Статус: действует

Статья 103. Основы исполнения бюджетов

1.

Исполнение утвержденных бюджетов осуществляется соответственно Кабинетом Министров, Социальным фондом, государственными органами и исполнительными органами местного самоуправления.

2.

Нормативный правовой акт о бюджете на очередной бюджетный год уполномочивает государственные органы и органы местного самоуправления на осуществление расходов и принятие бюджетных обязательств.

Исполнение утвержденных бюджетов осуществляется в денежном выражении в национальной валюте Кыргызской Республики (в сомах и тыйынах, в цифровых сомах и цифровых тыйынах);

3.

Расходы, производимые в процессе исполнения бюджета, осуществляются в пределах утвержденных бюджетов, в случаях, установленных настоящим Кодексом, - в пределах уточненных бюджетов.

4.

Исполнение республиканского и местных бюджетов осуществляется уполномоченными исполнительными органами на основе утвержденного/уточненного бюджета в порядке, установленном уполномоченным государственным органом.

5.

Расходы на содержание деятельности бюджетных учреждений осуществляются на основе соответствующих бюджетных ассигнований.

(В редакции Закона КР от 18 апреля 2025 года № 77, 29 апреля 2025 года № 88 )

Кыргызча
Бюджеттерди аткаруунун негиздери 1. Бекитилген бюджеттерди аткаруу тиешелүүлүгүнө жараша Министрлер Кабинети, Социалдык фонд, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. 2. Кезектеги бюджеттик жылдын бюджети жөнүндө ченемдик укуктук акт чыгашаларды жүзөгө ашырууга жана бюджеттик милдеттенмелерди аткарууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укук берет. Бекитилген бюджеттерди аткаруу акчалай түрдө Кыргыз Республикасынын улуттук валютасы (сомдор жана тыйындар, санарип сомдор жана санарип тыйындар) менен жүргүзүлөт. 3. Бюджетти аткаруу процессинде жүргүзүлүүчү чыгашалар бекитилген бюджеттердин чектеринде, ушул Кодекс тарабынан белгиленген учурларда такталган бюджеттердин чектеринде жүзөгө ашырылат. 4. Республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди аткаруу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте бекитилген/такталган бюджеттин негизинде ыйгарым укуктуу аткаруу орган тарабынан жүзөгө ашырылат. 5. Бюджеттик мекемелердин ишин күтүүгө чыгашалар тиешелүү бюджеттик ассигнованиелердин негизинде жүзөгө ашырылат. (КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 77 , 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 88 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)