Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 104 БК
БК КР · гл. 21Статус: действует

Статья 104. Администрирование исполнения бюджетов

1.

Уполномоченный государственный орган обеспечивает организацию исполнения республиканского бюджета и координацию деятельности государственных органов и органов местного самоуправления по исполнению республиканского и местных бюджетов.

(Абзац утратил силу в соответствии с Законом КР от 18 января 2022 года № 2)

2.

Уполномоченный государственный орган, Социальный фонд осуществляют ежемесячный мониторинг и анализ исполнения соответствующего бюджета и ежеквартально представляют отчетность по исполнению бюджета в Кабинет Министров и направляют информацию профильному комитету Жогорку Кенеша.

3.

Администраторы ресурсов бюджета обеспечивают:

1) полный и своевременный сбор ресурсов бюджета в соответствии с принятым прогнозом администрирования ресурсов, доведенным уполномоченным государственным органом;

2) незамедлительное перечисление ресурсов бюджета на Единый казначейский счет;

3) представление отчета об исполнении бюджета и других сведений, необходимых для формирования проекта бюджета и мониторинга исполнения бюджета, в порядке и сроки, установленные уполномоченным государственным органом.

4.

Главные распорядители (распорядители, получатели) бюджетных средств представляют отчеты об исполнении бюджета и другие сведения, необходимые для формирования проекта бюджета и мониторинга исполнения бюджета, в порядке и сроки, установленные Кабинетом Министров.

(В редакции Закона КР от 18 января 2022 года № 2)

Кыргызча
Бюджеттердин аткарылышын администрациялоо 1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган республикалык бюджеттин аткарылышын уюштурууну жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди аткаруу боюнча ишин координациялоону камсыз кылат. (Абзац КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) 2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Социалдык фонд тиешелүү бюджеттин аткарылышынын ар айлык мониторингин жана талдоону жүзөгө ашырат жана бюджеттин аткарылышы боюнча отчеттуулукту Министрлер Кабинетине жана маалыматты Жогорку Кеңештин тармактык комитетине квартал сайын берет. 3. Бюджеттик ресурстардын администраторлору төмөнкүлөрдү камсыз кылат: 1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жеткирилген ресурстарды администрациялоонун кабыл алынган болжолуна ылайык бюджеттин ресурстарын толук жана өз убагында жыйноону; 2) бюджеттин ресурстарын Бирдиктүү казыналык эсепке токтоосуз которууну; 3) бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту жана бюджеттин долбоорун түзүү, бюджеттин аткарылышынын мониторинги үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө берүүнү. 4. Бюджеттик каражаттарды башкы тескөөчүлөр (тескөөчүлөр, алуучулар) бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту жана бюджеттин долбоорун түзүү, бюджеттин аткарылышынын мониторинги үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте жана мөөнөттөрдө беришет. (КР 2022-жылдын 18-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)