Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 22
Закон КР от 22 декабря 1998 года № 153 "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним" · гл. 3Статус: действует

Статья 22. Основания для приостановления или отказа в регистрации

1.

Основанием для приостановления регистрации права фактического владельца недвижимого имущества на срок не более 10 дней является заявление лица, оспаривающего это право.

Приостановление регистрации на срок более 10 дней производится на основании определения суда о приостановлении регистрации оспариваемого права.

В случае непоступления в течение 10 дней определения суда о приостановлении регистрации заявленное право подлежит регистрации.

2.

(Утратил силу в соответствии с Законом КР от 19 декабря 2003 года № 237)

2-1.

Основанием для приостановления регистрации сделок с недвижимым имуществом на срок не более 10 календарных дней является заявление лица, оспаривающего это право.

Приостановление регистрации сделок с недвижимым имуществом на срок более 10 дней производится на основании определения суда.

В случае непредоставления соответствующего судебного акта в течение 10 календарных дней с момента поступления заявления о приостановлении оно оставляется без рассмотрения.

3.

Отказ в регистрации прав на недвижимое имущество может быть произведен по следующим основаниям:

а) если представленные документы не соответствуют требованиям, установленным настоящим Законом и другими нормативными правовыми актами Кыргызской Республики;

б) если с заявлением о регистрации права обратился недееспособный гражданин;

в) если организация или лицо, выдавшее представленный документ, или тот, кого касается данный документ, не уполномочены распоряжаться правами, регистрации которых они добиваются по отношению к данной единице недвижимого имущества;

г) если лицо, которое имеет права, обремененные (ограниченные) определенными условиями, составило документ без указания этих условий;

д) если представленные документы о единице недвижимого имущества свидетельствуют об отсутствии у заявителя прав на данный объект недвижимости;

е) если право, обременение (ограничение) на объект недвижимости, о государственной регистрации прав которого просит заявитель, не является правом, подлежащим регистрации;

ж) (Исключен в соответствии с Законом КР от 16 февраля 2006 года № 58).

4.

В случае отказа в регистрации заявителю направляется сообщение о причине отказа. Копия письма помещается в регистрационное дело, заведенное ранее на данную единицу недвижимого имущества, а в регистрационном журнале производится соответствующая запись.

5.

Отказ в государственной регистрации прав на недвижимое имущество или сделок с ним либо уклонение регистрационного органа от регистрации могут быть обжалованы в вышестоящем органе государственной регистрации или в суд.

(В редакции Законов КР от 19 декабря 2003 года № 237, 16 февраля 2006 года № 58, 10 февраля 2017 года № 23)

Кыргызча
Каттоону токтотууга же андан баш тартууга негиз 1. Кыймылсыз мүлктүн иш жүзүндөгү ээсинин укугун каттоону 10 күндөн ашпаган мөөнөткө токтото турууга мындай укукту талашып жаткан адамдын арызы негиз болуп саналат. Каттоону 10 күндөн ашык мөөнөткө токтото туруу соттун талаш укукту каттоону токтото туруу жөнүндө аныктамасынын негизинде жүргүзүлөт. Каттоону токтото туруу жөнүндө соттун аныктамасы 10 күндүн ичинде келип түшпөсө өтүнүч билдирилген укук катталууга тийиш. 2. (КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237 мыйзамына ылайык күчүн жоготту деп табылган) 2-1. Кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү каттоону 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө токтото турууга, мындай укукту талашып жаткан адамдын арызы негиз болуп саналат. Кыймылсыз мүлк менен бүтүмдөрдү каттоону 10 күндөн ашык мөөнөткө токтото туруу соттун аныктамасынын негизинде жүргүзүлөт. Токтото туруу жөнүндө арыз келип түшкөн учурдан тартып 10 календардык күндүн ичинде соттун тиешелүү актысы берилбеген учурда ал кароосуз калтырылат. 3. Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоодон төмөнкүдөй негиздер болгондо баш тартылышы мүмкүн: а) эгерде көрсөтүлгөн документтер ушул Мыйзамда белгиленген талаптарга жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык келбесе; б) эгерде каттоо жөнүндө арыз менен кудуретсиз жаран кайрылса; в) эгерде кыймылсыз мүлк бирдигине укуктарды каттоону талап кылган, ошол көрсөтүлгөн документти берген уюм же жак, же болбосо документке тиешеси бар тарап ошол укуктарга ээлик кылууга укуксуз болсо. г) эгерде белгилүү бир шарттар менен түйшүккө салынган (чектелген) укуктары бар жак бул шарттарды көрсөтпөстөн документтерди түзсө; д) эгерде кыймылсыз мүлк бирдиги жөнүндөгү берилген документтер арыз ээсинин бул кыймылсыз мүлктүн объектине укуктарынын жок экендигин көрсөтүп турса; е) эгерде кыймылсыз мүлктүн объектине болгон укук, түйшүккө салуу (чектөө) укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү тууралу арыз ээсинин өтүнүчү катталбоого тийиш болгон укуктан болсо; ж) (КР 2006-жылдын 16-февралындагы № 58 Мыйзамына ылайык алынып салынды) 4. Каттодон баш тартылган учурда арыз ээсине баш тартуунун себеби жазуу түрүндө билдирилет. Бул жөнүндө каттын көчүрмөсү аталган кыймылсыз мүлк бирдигине карата мурдатан жүргүзүлгөн каттоо ишине жайгаштырылып, ал эми каттоо журналына тийиштүү жазуу жазылат. 5. Кыймылсыз мүлккө укуктарды же алар менен бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоодон баш тартуу же каттоо органынын каттоодон четтешине мамлекеттик каттоонун жогору турган органына же сотко даттанылышы мүмкүн. (КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237, 2006-жылдын 16-февралындагы № 58, 2017-жылдын 10-февралындагы № 23 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)