Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 18
Закон КР от 22 декабря 1998 года № 153 "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним" · гл. 3Статус: действует

Статья 18. Порядок приема документов, поступающих в местный регистрационный орган, и требования, предъявляемые к ним

1.

Местные регистрационные органы принимают правоустанавливающие документы на основании заявления, подаваемого правообладателем лично или лицом, имеющим право на подачу заявления в соответствии с законодательством.

Личность заявителя удостоверяется предъявлением:

- для физического лица - документа, удостоверяющего личность;

- для юридического лица - документа, подтверждающего личность и полномочия его представителя, а также свидетельства о регистрации юридического лица и учредительные документы юридического лица.

Очередность рассмотрения заявлений на государственную регистрацию прав определяется в порядке их поступления по дате и времени их подачи.

2.

К заявлению прилагается документ, содержащий технические характеристики единицы недвижимого имущества для внесения сведений об изменении правообладателя, страховой полис об обязательном страховании жилых помещений от пожара и стихийных бедствий, за исключением случаев, предусмотренных законодательством Кыргызской Республики в области обязательного страхования жилых помещений, а также предъявляется документ, подтверждающий оплату услуг регистрационного органа. Субъекты легализации не оплачивают услуги регистрационного органа по легализуемому имуществу. Государственная регистрация ипотеки в силу закона осуществляется без представления отдельного заявления и без уплаты регистрационного сбора.

3.

Правоустанавливающие документы, представляемые в регистрационный орган, принимаются в надлежаще оформленном виде и в обязательном порядке должны содержать:

а) наименование документа;

б) идентификационный код единицы недвижимого имущества, если он уже присвоен;

в) подписи всех заинтересованных сторон;

г) нотариальное заверение, если того требует законодательство Кыргызской Республики.

4.

Документы должны соответствовать требованиям законодательства Кыргызской Республики. Дополнительные требования к документам устанавливаются настоящим Законом и другими нормативными правовыми актами Кыргызской Республики.

5.

Все документы представляются в регистрационный орган в двух экземплярах, один из которых должен быть подлинником. Подлинник документа после регистрации возвращается заявителю, а копия вносится в регистрационное дело.

6.

Не принимаются документы, имеющие подчистки или приписки, зачеркнутые слова и иные не оговоренные исправления, а также документы, исполненные карандашом.

7.

Не принимаются также документы, связанные с требованием передачи, изменения, прекращения или наложения ограничений на уже зарегистрированное право без письменного согласия владельца этого зарегистрированного права, кроме следующих случаев:

а) если сделка совершается по доверенности, соответствующей требованиям законодательства Кыргызской Республики;

б) если сделка совершается доверенными лицами, опекунами или попечителями;

в) если передача, изменение, ограничение или прекращение права возникают на основании решения суда;

г) если передача права происходит вследствие смерти (юридического наследования).

8.

Документы, соответствующие требованиям настоящей статьи и другим требованиям к отдельным документам, установленным настоящим Законом и другими нормативными правовыми актами Кыргызской Республики, подлежат обязательному приему на регистрацию регистрационным органом.

9.

При принятии документов от заявителя регистрационный орган обязан зарегистрировать дату и точное время поступления документов в журнале регистрации поступающих документов.

10.

Заявителю выдается расписка о получении на регистрацию соответствующих документов с указанием даты и времени их поступления.

11.

Первоначальная государственная регистрация прав осуществляется в течение 7 рабочих дней.

Государственная регистрация прав на недвижимое имущество, право на которое ранее было зарегистрировано в местном регистрационном органе, осуществляется в течение 3 рабочих дней.

По заявлению правообладателя допускается проведение государственной регистрации прав в срок один рабочий день в порядке, определяемом Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

12.

Местные регистрационные органы также принимают заявления в режиме онлайн в порядке, определяемом Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

(В редакции Законов КР от 19 декабря 2003 года № 237, 9 августа 2007 года № 141, 30 марта 2009 года № 98, 30 марта 2009 года № 99, 8 декабря 2011 года № 230, 10 февраля 2017 года № 23, 24 апреля 2025 года № 79 )

Кыргызча
Жергиликтүү каттоо органына келип түшкөн документтерди кабыл алуу тартиби жана аларга коюлуучу талаптар 1. Жергиликтүү каттоо органдары укук белгилөөчү документтерди укук ээси жеке өзү же мыйзамдарга ылайык арыз берүүгө укуктуу болгон жак тарабынан берилген арыздын негизинде кабыл алат. Билдирүүчүнүн инсандыгы төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен ырасталат: - жеке жак үчүн - инсандыгын ырастоочу документ; - юридикалык жак үчүн-инсандын жана анын өкүлүнүн ыйгарым укугун ырастоочу документ, ошондой эле юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүгү жана юридикалык жактын уюштуруу документи. Укуктарды мамлекеттик каттоого алган арыздарды карап чыгуунун кезеги алар келип түшкөн күн жана алар берилген убакыт боюнча аныкталат. 2. Турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, арызга укук ээсинин өзгөргөндүгү жөнүндө маалыматтарды киргизүү үчүн кыймылсыз мүлк бирдигинин техникалык мүнөздөмөлөрүн камтыган документ, турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу тууралуу камсыздандыруу полиси тиркелет, ошондой эле каттоо органынын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөнгөндүгүн тастыктаган документ көрсөтүлөт. Легалдаштыруунун мүлкү боюнча каттоо органынын кызматы үчүн легализациялоонун субъекттери акы төлөшпөйт. Мыйзам күчүнөн улам келип чыгуучу ипотеканы мамлекеттик каттоо айрым арыз бербестен жана каттоо жыйындарын төлөбөстөн жүзөгө ашырылат. 3. Каттоо органына көрсөтүлүүчү укук белгилөө документтери тийиштүү түрдө кабыл алынат жана төмөнкүлөрдү сөзсүз камтууга тийиш: а) документтин аталышы; б) кыймылсыз мүлк бирдигинин коду, эгерде ал ыйгарылган болсо; в) бардык кызыкдар тараптардын колкаттары; г) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары талап кылса, нотариустук күбөлөндүрүү. 4. Документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келүүгө тийиш. Документтерге карата кошумча талаптар ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленет. 5. Каттоо органына бардык документтер эки нускада берилүүгө жана алардын бири түп нуска болууга тийиш. Документтин түп нускасы каттоодон кийин арыз ээсине кайтарылып берилип, ал эми көчүрмөсү каттоо ишине киргизилет. 6. Оңдолгон же кошумча жазуусу бар, сөздөрү чийилген жана макулдашылбаган башка оңдоолору бар документтер, ошондой эле карандаш менен жазылган документтер алынбайт. 7. Ошондой эле төмөндөгүдөй: а) бүтүм Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына талаптарына жооп берген ишеним кат боюнча жасалган; б) ишенимдүү адамдар, камкорлор же кепилдер тарабынан жасалган; в) укуктун өткөрүлүп берилиши, өзгөртүлүшү, чектелиши же токтотулушу соттун чечиминен келип чыккан; г) укук өлүмдүн айынан (юридикалык мурастоодон) өткөрүлүп берилген учурлардан тышкарыда, буга чейин катталган укуктун өткөрүлүп берилишин, өзгөртүлүшүн, токтотулушун же ага чектөө коюлушун талап кылуу менен байланышкан документтер да ошол катталган укуктун ээсинин жазуу түрүндөгү макулдугусуз кабыл алынбайт. 8. Ушул статьяга жана ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында айрым документтерге карата коюлган талаптарга ылайык келген документтер каттоо органында милдеттүү түрдө каттоого кабыл алынууга тийиш. 9. Арыз ээсинен документтерди кабыл алган учурда каттоо органы документтердин келип түшкөн күнүн жана так убактысын келген документтерди катгоо журналына каттоого милдеттүү. 10. Арыз ээсине тиешелүү документтердин келип түшкөн күнүн жана убактысын көрсөтүү менен аны каттоого алгандыгы жөнүндө тилкат берилет. 11. Укуктарды баштапкы мамлекеттик каттоодон өткөрүү 7 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт. Жергиликтүү каттоо органында укуктары мурда катталган кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөрүү 3 жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте "укук ээсинин арызы боюнча укуктарды мамлекеттик каттоодон өткөрүүнү бир жумушчу күндүн ичинде жүргүзүүгө жол берилет. 12. Жергиликтүү каттоо органдары дагы арыздарды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте, онлайн режиминде кабыл алышат. (КР 2003-жылдын 19-декабрындагы № 237, 2007-жылдын 9-августундагы № 141, 2009-жылдын 30-мартындагы № 98, 2009-жылдын 30-мартындагы № 99, 2011-жылдын 8-декабрындагы № 230, 2017-жылдын 10-февралындагы № 23 , 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 79 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)