Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 24
Закон КР от 22 декабря 1998 года № 153 "О государственной регистрации прав на недвижимое имущество и сделок с ним" · гл. 3Статус: действует

Статья 24. Информация о произведенной регистрации и обременениях (ограничениях) на недвижимое имущество

1.

Орган, осуществляющий государственную регистрацию прав на недвижимое имущество и сделок с ним, обязан по письменному заявлению предоставлять любому лицу, предъявившему документы, удостоверяющие личность (в отношении юридических лиц - документы, подтверждающие их регистрацию и полномочия их представителя), информацию о произведенной регистрации и зарегистрированных правах и обременениях (ограничениях) на единицу недвижимого имущества, за исключением информации, составляющей государственную или коммерческую тайну.

Данные о зарегистрированных правах могут предоставляться из единой информационной системы по недвижимости (ЕИСН) посредством сети Интернет в порядке, определяемом Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

2.

Информация о зарегистрированных правах на недвижимое имущество выдается в виде выписки из Единого государственного реестра прав на недвижимое имущество, которая содержит:

- описание объекта недвижимого имущества;

- Ф.И.О. (наименование юридического лица) правообладателя;

- сведения о правах, действительных на момент выдачи информации, и существующих ограничениях (обременениях);

- срок действия ограничений (обременений).

Дополнительно по запросу заявителя предоставляется информация:

- о ранее зарегистрированных правах на недвижимое имущество;

- об оценочной стоимости недвижимого имущества для целей налогообложения;

- копия кадастрового плана единицы недвижимого имущества.

По желанию заявителя за отдельную плату местный регистрационный орган предоставляет регистрационную карточку на единицу недвижимого имущества для просмотра.

3.

Обобщенные сведения о правах отдельного лица на имеющиеся у него объекты недвижимости, а также копии документов из регистрационного дела недвижимого имущества предоставляются только:

- самим правообладателям;

- физическим и юридическим лицам, получившим доверенность от правообладателя;

- судам и правоохранительным органам, имеющим в производстве дела, связанные с отдельными объектами недвижимости и (или) их правообладателями;

- налоговым органам;

- лицам, которым права на недвижимое имущество переходят в порядке универсального правопреемства.

4.

Орган, осуществляющий государственную регистрацию прав на недвижимое имущество, обязан по запросу правообладателя недвижимого имущества предоставлять сведения о лицах, получивших информацию об объекте недвижимого имущества, на который он имеет права.

5.

Выдача информации о зарегистрированных правах и обременениях (ограничениях) на недвижимое имущество осуществляется за соответствующую плату в порядке, установленном Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

6.

Орган, осуществляющий государственную регистрацию прав на недвижимое имущество и сделок с ним, обязан представлять органу финансовой разведки информацию о сделках с недвижимым имуществом в соответствии с законодательством Кыргызской Республики в сфере противодействия финансированию террористической деятельности и легализации (отмыванию) преступных доходов.

7.

Орган, осуществляющий государственную регистрацию прав на недвижимое имущество и сделок с ним, обязан предоставлять уполномоченному органу по контролю за использованием и охраной земель информацию о зарегистрированных правах на недвижимое имущество и сделок с ним.

8.

Орган, осуществляющий государственную регистрацию прав на недвижимое имущество и сделок с ним, обязан предоставлять уполномоченным органам, ведущим учет граждан, нуждающихся в улучшении жилищных условий, информацию о приобретении гражданами права собственности на жилое помещение или земельный участок для строительства индивидуального жилого дома в соответствии с жилищным законодательством Кыргызской Республики.

9.

Орган, осуществляющий государственную регистрацию прав на недвижимое имущество и сделок с ним, обязан предоставлять Акыйкатчы (Омбудсмену) Кыргызской Республики информацию о зарегистрированных правах на единицу недвижимого имущества по его письменному запросу на безвозмездной основе.

(В редакции Законов КР от 16 февраля 2006 года №58, 17 октября 2008 года № 228, 8 августа 2012 года № 155, 16 ноября 2012 года № 183, 9 июля 2013 года № 124, 6 августа 2018 года № 88, 22 сентября 2025 года № 204 )

Кыргызча
Кыймылсыз мүлккө каттоону жүргүзүү жана түйшүккө салуулар (чектөөлөр) жөнүндө маалымат 1. Мамлекеттик же коммерциялык сырды камтыган маалыматтарды кошпогондо, кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү каттоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган инсандыкты ырастаган документин (юридикалык жактарга карата - алардын каттоодон өткөнүн жана алардын өкүлүнүн ыйгарым укуктарын тастыктоочу документтерди) көрсөткөн кимге гана болбосун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча кыймылсыз мүлк бирдигине катталган укуктар жана түйшүккө салуулар (чектөөлөр) жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү. Катталган укуктар жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте кыймылсыз мүлк боюнча бирдиктүү маалыматтар тутумунан (КБМС) Интернет тармагы аркылуу берилиши мүмкүн. 2. Кыймылсыз мүлккө карата катталган укуктар жөнүндө маалымат кыймылсыз мүлккө укуктардын Бирдиктүү мамлекеттик реестринен көчүрмө түрүндө берилет, анда төмөнкүлөр камтылат: - кыймылсыз мүлк объектисинин сыпаттамасы; - укук ээсинин аты-жөнү (юридикалык жактын аталышы); - маалымат берилип жаткан учурга карата чыныгы укуктар жана түйшүккө салуулар (чектөөлөр) жөнүндө маалыматтар; - чектөөлөр (түйшүккө салуулар) коюлган мөөнөт. Арыз берүүчүнүн өтүнүчү боюнча төмөнкүдөй кошумча маалымат бсрилет: - кыймылсыз мүлккө карата мурда катталган укуктар жөнүндө; - салык салуу максатында кыймылсыз мүлктүн нарктык баасы жөнүндө; - кыймылсыз мүлк бирдигинин кадастрлык планынын көчүрмөсү. Жергиликтүү каттоочу орган арыз ээсинин каалоосу боюнча өзүнчө акы алуу менен кыймылсыз мүлк бирдигинин каттоо баракчасын берет. 3. Айрым жактын өзүнө таандык кыймылсыз мүлк объекттери жөнүндө жалпыланган маалыматтар, ошондой эле кыймылсыз мүлктүн каттоо китепчесиндеги документтердин көчүрмөлөрү төмөнкүлөргө гана берилет: - укук ээсинин өздөрүнө; - укук ээсинен ишеним кат алган жеке жана юридикалык жактарга; - өндүрүшүндө айрым кыймылсыз мүлк объекттерине жана (же) алардын укук ээлерине байланыштуу иштер турган сотторго жана укук коргоо органдарына; - салык органдарына; - кыймылсыз мүлккө укук универсал укук мураскорлугу иретинде өткөн жактарга. 4. Кыймылсыз мүлккө укуктарды мамлекеттик каттоочу орган кыймылсыз мүлктүн укук ээсинин суроо-талабы боюнча анын укугу бар кыймылсыз мүлк объектиси жөнүндө маалыматтарды алышкан жактар жөнүндө маалыматтарды берүүгө милдеттүү. 5. Кыймылсыз мүлккө катталган укуктар жана түйшүккө салуулар (чектөөлөр) жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилөөчү тартипте тийиштүү акы төлөө менен берилет. 6. Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана аны менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган террористтик ишти финансылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык чалгындоо органына кыймылсыз мүлк менен болгон бүтүмдөр жөнүндө маалыматты берүүгө милдеттүү. 7. Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө катталган укуктар жөнүндө маалыматтарды жерлерди пайдаланууну жана коргоону көзөмөлдөө боюнча ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү. 8. Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырган орган турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж жарандардын эсебин жүргүзгөн ыйгарым укуктуу органдарга жарандар тарабынан турак жайына менчик укугун же Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарына ылайык жекече турак жай үйүн куруу үчүн жер участогун алгандыгы жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү. 9. Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөргө укуктарды мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу орган Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) анын жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча кыймылсыз мүлк бирдигине катталган укуктар жөнүндө маалыматты акысыз негизде берүүгө милдеттүү. (КР 2006-жылдын 16-февралындагы № 58, 2008-жылдын 17-октябрындагы № 228, 2012-жылдын 8-августундагы № 155, 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 183, 2013-жылдын 9-июлундагы № 124, 2018-жылдын 6-августундагы № 88, 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 204 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)