Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 16
Закон КР от 20 апреля 1998 года № 52 "О дорожном движении в Кыргызской Республике" · ст. 16Статус: действует

Статья 16. Технический осмотр транспортных средств

1.

Техническому осмотру подлежат наземные транспортные средства:

1) используемые в предпринимательской деятельности по перевозке:

- пассажиров (в том числе легковые автомашины (такси);

- грузов;

- опасных грузов;

2) специальные и специализированные транспортные средства (автомобили скорой медицинской помощи, пожарные автомобили, автокраны, автолесовозы, автосамосвалы, автоцементовозы, автоэвакуаторы, транспортные средства для перевозки длинномерных грузов, тракторы сельскохозяйственные и лесохозяйственные, самоходные специальные технологические машины (СТМ) и транспортные средства для перевозки денежной выручки и ценных грузов).

2.

Периодичность прохождения технического осмотра транспортных средств:

1) по перевозке пассажиров, опасных и специальных грузов - два раза в год;

2) легковые (такси), оказывающие услуги по перевозке пассажиров, грузопассажирские, грузовые, тракторы сельскохозяйственные и лесохозяйственные, самоходные специальные технологические машины (СТМ), специальные и специализированные транспортные средства, с годом выпуска:

до 3 лет - не подлежат;

от 3 до 7 лет - раз в 2 года;

старше 7 лет - ежегодно.

Все другие наземные транспортные средства проходят технический осмотр в добровольном порядке.

3.

Технический осмотр осуществляют диагностические центры, аккредитованные в установленном законодательством Кыргызской Республики порядке.

Диагностические центры проводят технический осмотр транспортных средств согласно требованиям, указанным в нормативных правовых актах Кыргызской Республики и технических регламентах. Выданные диагностическими центрами положительные заключения должны подтверждать, что транспортное средство полностью отвечает всем требованиям, не имеет отклонений, не загрязняет воздух и полностью готово к эксплуатации.

Станции технического обслуживания, осуществляющие диагностические услуги, не имеют права проводить технический осмотр.

4.

Ответственность за проведение обязательного технического осмотра, предусмотренного настоящим Законом, возлагается на владельцев транспортных средств и руководителей организаций, эксплуатирующих данный транспорт независимо от форм собственности в течение эксплуатации данного транспортного средства.

5.

Порядок проведения технического осмотра определяется Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 15 января 2015 года № 13, 12 августа 2020 года № 122, 15 февраля 2023 года № 27)

Кыргызча
Транспорт каражаттарын техникалык кароо 1. Жер үстүндө жүрүүчү төмөнкү транспорт каражаттары техникалык кароодон өтүүгө жатат: 1) ташуу боюнча ишкердик иште пайдаланылуучу: - жүргүнчүлөрдү (анын ичинде жеңил автомашиналар (таксилер); - жүктөрдү; - коркунучтуу жүктөрдү; 2) атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары (медициналык тез жардам автомобилдери, өрт өчүрүүчү автомобилдер, автокрандар, карагай ташуучу автомобилдер, өзү төгүүчү автомобилдер, цемент ташуучу автомобилдер, автоэвакуаторлор, өлчөмү узун жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттары, айыл чарба жана токой чарба тракторлору, өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналар (АТМ) жана түшкөн акчаны жана баалуу жүктөрдү ташуу үчүн транспорт каражаттары). 2. Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү: 1) жүргүнчүлөрдү, коркунучтуу жана атайын жүктөрдү ташуу боюнча - жылына эки жолу; 2) жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча кызмат көрсөтүүчү жеңил автомашиналар (таксилер), жүк-жүргүнчү ташуучулар, жүк ташуучулар, айыл чарба жана токой чарба тракторлору, өзү жүрүүчү атайын технологиялык машиналар (АТМ), атайын жана адистештирилген транспорт каражаттары, чыгарылган жылы менен: 3 жылга чейин - кароого жатпайт; 3 жылдан 7 жылга чейин - 2 жылда бир жолу; 7 жылдан ашык - жыл сайын. Жер үстүндө жүрүүчү башка бардык транспорт каражаттары ыктыярдуу тартипте техникалык кароодон өтөт. 3. Техникалык кароону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аккредиттелген диагностикалык борборлор жүзөгө ашырат. Диагностикалык борборлор транспорт каражаттарын техникалык кароону Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында жана техникалык регламенттерде көрсөтүлгөн талаптарга ылайык жүргүзөт. Диагностикалык борборлор тарабынан берилген оң корутундулар транспорт каражаты бардык талаптарга жооп берээрин, чектөөлөрү жок экендигин, абаны булгабаганын жана эксплуатациялоого толук даяр экендигин ырастоого тийиш. Диагностикалык кызмат көрсөтүүнү жүзөгө ашыруучу техникалык тейлөө станциялары техникалык кароону өткөрүүгө укуксуз. 4. Ушул Мыйзамда каралган милдеттүү техникалык кароону өткөрүү үчүн жоопкерчилик транспорт каражаттарынын ээлерине жана менчигинин формасына карабастан бул транспорт каражатын пайдалануунун ичинде транспорт каражаты пайдалануучу уюмдардын жетекчилерине жүктөлөт. 5. Техникалык кароону өткөрүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат. (Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 15-январындагы № 13, 2020-жылдын 12-августундагы № 122, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)