Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 26-1
Закон КР от 20 апреля 1998 года № 52 "О дорожном движении в Кыргызской Республике" · ст. 26-1Статус: действует

Статья 26-1. Требования, предъявляемые к организациям (автошколам), обучающим навыкам вождения

1.

Организация (автошкола), обучающая навыкам вождения, обязана иметь лицензию, выдаваемую уполномоченным государственным органом в сфере обеспечения безопасности дорожного движения по согласованию с уполномоченным государственным органом в сфере образования, а также соответствовать следующим требованиям:

- сотрудники (инструкторы) организации, обучающие теории и практике вождения, должны иметь стаж вождения не менее трех лет;

- иметь в наличии (в собственности или на арендной основе) в необходимом количестве и исправном состоянии оснащенный средствами видеонаблюдения автомобильный транспорт, на котором осуществляется обучение навыкам вождения;

- иметь в собственности или на арендной основе, в рабочем состоянии компьютерную технику, на которой проверяются теоретические навыки вождения;

- иметь собственное или арендуемое здание (учебные помещения, классы) для обучения, оснащенное средствами видеонаблюдения, а также автоплощадки (места для проверки практических навыков вождения автомобильным транспортом).

2.

Автошкола обязана вести журнал регистрации, в котором отражаются оценки знаний обучающихся Правил дорожного движения. Порядок ведения журнала регистрации устанавливается Кабинетом Министров Кыргызской Республики. Выписки из данного журнала и, при необходимости, записи видеонаблюдения из мест, где проводились теоретические и практические занятия, представляются в уполномоченный государственный орган, осуществляющий прием квалификационных экзаменов на право управления транспортным средством.

(В редакции Закона Кыргызской Республики от 15 февраля 2023 года № 27)

Кыргызча
Айдоо көндүмдөрүнө үйрөтүүчү уюмдарга (автомектептерге) коюлуучу талаптар 1. Айдоо көндүмдөрүнө үйрөтүүчү уюм (автомектеп) билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү лицензияга ээ болууга милдеттүү, ошондой эле алар төмөнкүдөй талаптарга ылайык келүүгө тийиш: - айдоонун теориясын жана практикасын үйрөтүүчү уюмдун кызматкерлеринде (инструкторлорунда) үч жылдан кем эмес айдоо стажынын болушуна; - айдоонун көндүмдөрүн үйрөтүүчү керектүү сандагы жана оң абалдагы видеобайкоо жабдуулары менен жабдылган автомобиль транспортунун (менчик же ижаралык негиздеги) болушуна; - айдоонун теориялык көндүмдөрү текшериле турган менчик же ижаралык негиздеги иш абалындагы компьютердик техниканын болушуна; - окуу үчүн жеке же ижарага алынган видеобайкоо каражаттары менен жабдылган имараттын (окуу жайы, класстар), ошондой эле автоаянтчанын (автомобиль транспортун айдоонун практикалык көндүмдөрүн текшерүү үчүн жерлер) болушуна. 2. Автомектеп Жол кыймылынын эрежелерине окугандардын билимдеринин баалары чагылдырылган каттоо журналын жүргүзүүгө милдеттүү. Каттоо журналын жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. Ушул журналдан көчүрмөдөн жана зарыл болгон учурда теориялык жана практикалык окуулар өткөрүлгөн жайлардан видеобайкоо жазуулары транспорт каражатын башкаруу укугуна квалификациялык экзамендерди кабыл алган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилет. (Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 Мыйзамынын редакциясына ылайык)