Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 24
Закон КР от 20 апреля 1998 года № 52 "О дорожном движении в Кыргызской Республике" · ст. 24Статус: действует

Статья 24. Цели, условия регистрации (перерегистрации) и учета транспортных средств

1.

В Кыргызской Республике государственная регистрация (перерегистрация) транспортных средств осуществляется в целях:

- допуска транспортных средств к участию в дорожном движении и (или) эксплуатации на территории Кыргызской Республики и за ее пределами;

- государственного учета транспортных средств;

- выявления и пресечения преступлений и правонарушений, связанных с использованием транспортных средств.

2.

Государственной регистрации (перерегистрации) подлежат все механические транспортные средства независимо от объема двигателя, максимальной конструктивной скорости и грузоподъемности, а также самоходные технологические машины, другие виды техники и прицепы.

3.

Все механические транспортные средства, самоходные технологические машины и другие виды техники, выпускаемые, ввозимые и эксплуатирующиеся в Кыргызской Республике, подлежат государственной регистрации (перерегистрации) в соответствии с законодательством Кыргызской Республики в сфере регистрации транспортных средств.

4.

Юридические и физические лица обязаны зарегистрировать (перерегистрировать) в уполномоченном органе в сфере регистрации транспортных средств и водительского состава принадлежащие им механические транспортные средства, самоходные технологические машины и другие виды техники независимо от их технического состояния в течение 10 рабочих дней с момента приобретения (получения) или возникновения обязательств, влекущих регистрацию (перерегистрацию) транспортных средств.

5.

Регистрация (перерегистрация) транспортных средств, указанных в пункте 2 настоящей статьи, и изменение регистрационных данных запрещаются в случае:

- отсутствия одобрения типа транспортного средства, одобрения типа шасси, а также свидетельств о безопасности конструкции транспортного средства согласно ТР ТС 018/2011 для новых транспортных средств, выданных в соответствии с требованиями вступивших в силу в установленном законодательством порядке международных договоров, участницей которых является Кыргызская Республика;

- представления на перерегистрацию транспортных средств, зарегистрированных на территории Кыргызской Республики, своевременно не прошедших обязательный технический осмотр в соответствии со статьей 16 настоящего Закона;

- отсутствия регистрационных документов, перечень которых устанавливается Кабинетом Министров Кыргызской Республики, или представления поддельных (подложных) документов;

- невозможности идентификации транспортного средства вследствие подделки, сокрытия, изменения и (или) уничтожения маркировки номерных агрегатов, нанесенных изготовителем транспортного средства до принятия уполномоченным государственным органом решения о возможности совершения его регистрации (перерегистрации) в соответствии с законодательством Кыргызской Республики в сфере регистрации транспортных средств;

- замены составляющей части конструкции, имеющей маркировочное идентификационное обозначение транспортного средства, указанное в регистрационных документах, в нарушение требований законодательства Кыргызской Республики;

- нахождения транспортного средства в розыске и (или) аресте;

- наличия сведений в автоматизированной информационной системе о задолженности владельца транспортного средства по штрафам за правонарушения в сфере обеспечения безопасности дорожного движения и транспорта (в том числе зафиксированные в автоматическом режиме сертифицированными и проверенными специальными контрольно-измерительными техническими средствами, имеющими функции фото- и видеозаписи).

При устранении нарушений, указанных в настоящей статье, разрешается регистрация (перерегистрация) транспортного средства или изменение регистрационных данных.

6.

Транспортное средство, находящееся в личной собственности граждан, регистрируется только на одного владельца.

7.

Эксплуатация указанных транспортных средств, не зарегистрированных в установленном порядке, запрещается.

Несоблюдение правил регистрации (перерегистрации) и несвоевременная постановка на учет транспортных средств, указанных в пункте 2 настоящей статьи, влекут ответственность в соответствии с Кодексом Кыргызской Республики о правонарушениях.

8.

Условия и правила регистрации (перерегистрации) транспортных средств определяются Кабинетом Министров Кыргызской Республики.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 30 июня 2018 года № 65, 21 февраля 2019 года № 29, 25 февраля 2021 года № 21, 15 февраля 2023 года № 27, 5 июня 2026 года № 81)

Кыргызча
Транспорт каражаттарын каттоонун (кайра каттоонун) жана эсепке алуунун максаттары, шарттары 1. Кыргыз Республикасында транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) төмөнкү максаттарда жүзөгө ашырылат: – транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жол кыймылына катышууга жана (же) эксплуатациялоого жол берүү; – транспорт каражаттарын мамлекеттик эсепке алуу; – транспорт каражаттарын пайдалануу менен байланышкан кылмыштарды жана укук бузууларды табуу жана бөгөт коюу. 2. Кыймылдаткычынын көлөмүнө, максималдуу конструктивдик ылдамдыгына жана жүк көтөрүмдүүлүгүнө карабастан бардык механикалык транспорт каражаттары, ошондой эле өзү жүрүүчү технологиялык машиналар, техниканын башка түрлөрү жана чиркегичтер мамлекеттик каттоого (кайра каттоого) жатат. 3. Кыргыз Республикасында чыгарылган, алып келинген жана эксплуатацияланган бардык механикалык транспорт каражаттары, өзү жүрүүчү технологиялык машиналар жана техниканын башка түрлөрү транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик катталууга (кайра катталууга) тийиш. 4. Юридикалык жана жеке жактар өздөрүнө таандык болгон механикалык транспорт каражаттарын, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды жана техниканын башка түрлөрүн алардын техникалык абалына карабастан сатып алган (алган) же транспорт каражаттарын каттоого (кайра каттоого) алып келүүчү милдеттенмелер келип чыккан учурдан тартып 10 жумуш күндүн ичинде транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда каттатууга (кайра каттатууга) милдеттүү. 5. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын каттоого (кайра каттоого), каттоо маалыматтарын өзгөртүүгө төмөнкү учурларда тыюу салынат: – Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык берилген жаңы транспорт каражаттары үчүн ББ ТР 018/2011 ылайык транспорт каражатынын тибин жактыруу, шассинин тибин жактыруу, ошондой эле транспорт каражатынын конструкциясынын коопсуздугу жөнүндө күбөлүктөр жок болгондо; – ушул Мыйзамдын 16-статьясына ылайык милдеттүү техникалык кароодон өз убагында өтпөгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган транспорт каражаттарын кайра каттоого көрсөткөндө; – тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленүүчү каттоо документтери жок болгондо же жасалма (жалган) документтер көрсөтүлгөндө; – транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аны каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин транспорт каражатын жасоочу тарабынан жазылган номердик агрегаттардын маркалоосун жасалмалоонун, жашыруунун, өзгөртүүнүн жана (же) жок кылуунун кесепетинен транспорт каражатын идентификациялоого мүмкүн болбогондо; – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен, каттоо документтеринде көрсөтүлгөн транспорт каражатынын маркалоочу идентификациялык белгиси бар конструкциянын курамдык бөлүгү алмаштырылганда; – транспорт каражаты издөөдө жана (же) камакта болгондо; – автоматташтырылган маалымат тутумунда транспорт каражатынын ээсинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу жана транспорт чөйрөсүндөгү (анын ичинде фото жана видеожазуу функциялары бар сертификатталган жана текшерилген атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарда автоматтык режимде жазылып белгиленген) укук бузуулар үчүн айып пулдар боюнча карызы жѳнүндѳ маалымат болгондо. Ушул статьяда көрсөтүлгөн бузуулар четтетилгенде, транспорт каражатын каттоого (кайра каттоого) же каттоо маалыматтарын өзгөртүүгө уруксат берилет. 6. Жарандардын жеке менчигинде турган транспорт каражаты бир гана ээлик кылуучуга катталат. 7. Белгиленген тартипте каттоодон өткөрүлбөгөн көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн транспорт каражаттарын каттоо (кайра каттоо) эрежелерин сактабоо жана өз убагында эсепке койбоо Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык жоопкерчиликке алып келет. 8. Транспорт каражаттарын каттоонун (кайра каттоонун) шарттары жана эрежелери Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат (Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 30-июнундагы № 65, 2019-жылдын 21-февралындагы № 29, 2021-жылдын 25-февралындагы № 21, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)