Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 25
Закон КР от 20 апреля 1998 года № 52 "О дорожном движении в Кыргызской Республике" · ст. 25Статус: действует

Статья 25. Условия получения права управления транспортными средствами

1.

Граждане Кыргызской Республики, достигшие установленного настоящей статьей возраста и не имеющие ограничений к водительской деятельности или прекращения права управления транспортными средствами, в том числе предусмотренных пунктом 3 настоящей статьи, после прохождения соответствующей подготовки могут быть допущены к сдаче экзаменов на получение права управления транспортными средствами.

2.

Право управления транспортными средствами предоставляется:

- колесными и гусеничными тракторами, самоходными технологическими машинами с двигателем мощностью до 77,2 кВт (категория "А") - лицам, достигшим шестнадцатилетнего возраста;

- колесными и гусеничными тракторами с двигателем мощностью свыше 77,2 кВт, самоходными сельскохозяйственными, мелиоративными, землеройными, дорожно-строительными машинами, в том числе экскаваторами и погрузчиками с объемом ковша до 2 куб.м (категория "В"), - лицам, достигшим семнадцатилетнего возраста, имеющим разрешительные отметки в графе "А" и непрерывный годичный стаж работы трактористом-машинистом;

- машинами мелиоративными, землеройными, дорожно-строительными, в том числе экскаваторами и погрузчиками с объемом ковша свыше 2 куб.м (категория "Г"), - лицам, достигшим восемнадцатилетнего возраста, имеющим разрешительные отметки в графах "А", "В" и непрерывный двухгодичный стаж работы трактористом-машинистом;

- мопедами с рабочим объемом двигателя, не превышающим 50 куб.см, и максимальной мощностью, не превышающей 4 кВт (подкатегория "А1"), - лицам, достигшим шестнадцатилетнего возраста;

- мотоциклами с рабочим объемом двигателя, не превышающим 50 куб.см, и максимальной мощностью, не превышающей 11 кВт (легкие мотоциклы) (подкатегория "А1"), - лицам, достигшим шестнадцатилетнего возраста;

- мотоциклами с рабочим объемом двигателя, превышающим 125 куб.см, и максимальной мощностью, не превышающей 15 кВт (категория "А"), - лицам, достигшим шестнадцатилетнего возраста;

- трициклами и квадрициклами (подкатегория "В1") - лицам, достигшим шестнадцатилетнего возраста;

- автомобилями (за исключением транспортных средств, относящихся к категории "А"), разрешенная максимальная масса которых не превышает 3500 кг, имеющими не более восьми сидячих мест, помимо сиденья водителя (категория "В"), - лицам, достигшим семнадцатилетнего возраста;

- автомобилями, за исключением относящихся к категории "D", разрешенная максимальная масса которых превышает 3500 кг, но не превышает 7500 кг (подкатегория "С1"), - лицам, достигшим восемнадцатилетнего возраста;

- автомобилями, за исключением относящихся к категории "D", разрешенная максимальная масса которых превышает 7500 кг (категория "С"), - лицам, достигшим восемнадцатилетнего возраста;

- автомобилями, предназначенными для перевозки пассажиров и имеющими от восьми до шестнадцати сидячих мест, помимо сиденья водителя (подкатегория "D1"), - лицам, достигшим двадцати одного года, имеющим непрерывный водительским стаж не менее четырех лет;

- автомобилями, предназначенными для перевозки пассажиров и имеющими более шестнадцати сидячих мест, помимо сиденья водителя (категория "D"), - лицам, достигшим двадцати одного года, имеющим непрерывный водительский стаж не менее четырех лет;

- автомобилями категории "В", сцепленными с прицепом, разрешенная максимальная масса которых превышает 750 кг и превышает массу автомобиля без нагрузки, и автомобилями категории "В", сцепленными с прицепом, разрешенная максимальная масса которых превышает 750 кг, а общая разрешенная максимальная масса такого состава превышает 3500 кг (категория "ВЕ"), - лицам, достигшим восемнадцатилетнего возраста, имеющим непрерывный водительский стаж не менее двух лет;

- автомобилями категории "С", сцепленными с прицепом, разрешенная максимальная масса которых превышает 750 кг, но не превышает массу автомобиля без нагрузки, а общая разрешенная максимальная масса такого состава не превышает 12000 кг (подкатегория "С1Е"), - лицам, достигшим двадцати одного года, имеющим непрерывный водительский стаж не менее трех лет;

- автомобилями категории "С", сцепленными с прицепом, разрешенная максимальная масса которых превышает 750 кг (категория "СЕ"), - лицам, достигшим двадцати одного года, имеющим непрерывный водительский стаж не менее трех лет;

- автомобилями подкатегории "D1", сцепленными с прицепом, не предназначенными для перевозки пассажиров, разрешенная максимальная масса которых превышает 750 кг, но не превышает массу автомобиля без нагрузки, а общая разрешенная максимальная масса такого состава не превышает 12000 кг (подкатегория "D1E"), - лицам, достигшим двадцати одного года, имеющим непрерывный водительский стаж не менее четырех лет (для международных перевозок - не менее пяти лет);

- автомобилями категории "D", сцепленными с прицепом, разрешенная максимальная масса которых превышает 750 кг (категория "DE"), - лицам, достигшим двадцати одного года, имеющим непрерывный водительский стаж не менее четырех лет (для международных перевозок - не менее пяти лет).

Управление троллейбусом разрешается лицам, достигшим двадцати одного года.

Наличие любой категории или подкатегории, перечисленной в настоящей статье, подтверждает право управления транспортными средствами категории "А1".

3.

Наличие сведений в автоматизированной информационной системе о задолженностях заявителя по штрафам за правонарушения в сфере безопасности дорожного движения и транспорта, в том числе зафиксированных в автоматическом режиме сертифицированными, специальными контрольно-измерительными техническими средствами, имеющими функции фото- и видеозаписи, является основанием для отказа в выдаче удостоверения на право управления транспортными средствами.

(В редакции Законов Кыргызской Республики от 5 февраля 2007 года № 11, 22 мая 2014 года № 73, 21 февраля 2019 года № 29, 24 февраля 2022 года № 15, 15 февраля 2023 года № 27, 5 июня 2026 года № 81 )

Кыргызча
Транспорт каражаттарын башкаруу укугун алуунун шарттары 1. Ушул статьяда белгиленген куракка жеткен жана айдоочулук ишке чектөөлөрү же транспорт каражаттарын башкаруу укугун токтотуу, анын ичинде ушул статьянын 3-пунктунда каралган чектөөлөр болбогон Кыргыз Республикасынын жарандары тийиштүү даярдыктан ѳткѳндѳн кийин транспорт каражаттарын башкаруу укугун алуу сынактарына киргизилиши мүмкүн. 2. Транспорт каражаттарын башкаруу укугу төмөнкүлөргө берилет: – кыймылдаткычынын кубаттуулугу 77,2 кВтка чейинки дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлорду, өзү жүрүүчү технологиялык машиналарды («А» категориясы) – он алты жашка чыккан адамдарга; – кыймылдаткычынын кубаттуулугу 77,2 кВттан ашкан дөңгөлөктүү жана каз тамандуу тракторлорду, өзү жүрүүчү айыл чарба, мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуш машиналарын, анын ичинде сузгучунун көлөмү 2 куб. м чейинки экскаваторлорду жана жүктөгүчтөрдү («В» категориясы) – «А» графасында уруксат берилген белгилери жана тракторист-машинист болуп иштеген үзгүлтүксүз бир жылдык стажы бар он жети жашка чыккан адамдарга; – мелиоративдик, жер казуучу, жол-курулуш машиналары, анын ичинде сузгучунун көлөмү 2 куб. м жогору экскаваторлорду жана жүктөгүчтөрдү («Г» категориясы) – «А», «В» графаларында уруксат белгилери жана тракторист-машинист болуп иштеген үзгүлтүксүз эки жылдык стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга; – кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 50 куб. смдан ашпаган жана максималдуу кубаттуулугу 4 кВттан ашпаган мопеддерди («А1» категориячасы) – он алты жашка чыккан адамдарга; – кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 50 куб. смдан ашпаган жана максималдуу кубаттуулугу 11 кВттан ашпаган мотоциклдерди (жеңил мотоциклдер) («А1» категориячасы) – он алты жашка чыккан адамдарга; – кыймылдаткычынын жумушчу көлөмү 125 куб. смдан ашкан жана максималдуу кубаттуулугу 15 кВттан ашпаган мотоциклдерди («А» категориясы) – он алты жашка чыккан адамдарга; – трициклдерди жана квадроциклдерди («В1» категориячасы) – он алты жашка чыккан адамдарга; – уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кгдан ашпаган, айдоочунун орундугунан тышкары, сегизден көп эмес орундугу бар автомобилдерди («А» категориясына кирген транспорт каражаттарын кошпогондо) («В» категориясы) – он жети жашка чыккан адамдарга; – «D» категориясына кирген автомобилдерди кошпогондо, уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кгдан ашкан, бирок 7500 кгдан ашпаган автомобилдерди («С1» категориячасы) – он сегиз жашка чыккан адамдарга; – «D» категориясына кирген автомобилдерди кошпогондо, уруксат берилген максималдуу массасы 7500 кгдан ашкан автомобилдерди («С» категориясы) – он сегиз жашка чыккан адамдарга; – жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун орундугунан тышкары сегизден он алтыга чейинки орундугу бар автомобилдерди («D1» категориячасы) – төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга; – жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн арналган жана айдоочунун орундугунан тышкары он алтыдан көп орундугу бар автомобилдерди («D» категориясы) – төрт жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга; – чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан жана жүгү жок автомобилдин массасынан ашкан «В» категориясындагы автомобилдерди жана чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 3500 кгдан ашкан «В» категориясындагы автомобилдерди («ВЕ» категориясы) – эки жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар он сегиз жашка чыккан адамдарга; – чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан, бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 12000 кгдан ашпаган «С» категориясындагы автомобилдерди («С1Е» категориячасы) – үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга; – чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан, «С» категориясындагы автомобилдерди («СЕ» категориясы) – үч жылдан кем эмес үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга; – чиркеме чиркелген, жүргүнчүлөрдү ташууга арналбаган, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан, бирок жүгү жок автомобилдин массасынан ашпаган, ал эми мындай курамдын жалпы уруксат берилген максималдуу массасы 12000 кгдан ашпаган «D1» категориясындагы автомобилдерди («D1E» категориячасы) – төрт жылдан кем эмес (эл аралык ташуулар үчүн – беш жылдан кем эмес) үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга; – чиркеме чиркелген, уруксат берилген максималдуу массасы 750 кгдан ашкан «D» категориясындагы автомобилдерди («DE» категориясы) – төрт жылдан кем эмес (эл аралык ташуулар үчүн – беш жылдан кем эмес) үзгүлтүксүз айдоочулук стажы бар жыйырма бир жашка чыккан адамдарга. Троллейбус айдоого жыйырма бир жашка чыккан адамдарга уруксат берилет. Ушул статьяда саналып өткөн кайсы болбосун категориянын же категориячанын бар болушу «А1» категориясындагы транспорт каражаттарын башкаруу укугун ырастайт. 3. Жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорт чөйрөсүндөгү, анын ичинде фото жана видеожазуу функциялары бар сертификатталган, атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттар менен автоматтык режимде жазылып белгиленген укук бузуулар үчүн айып пулдар боюнча арыз ээсинин карыздары жѳнүндѳ маалыматтардын автоматташтырылган маалымат тутумунда болуусу транспорт каражаттарын башкаруу укугуна күбөлүктү берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат. (Кыргыз Республикасынын 2007-жылдын 5-февралындагы № 11, 2014-жылдын 22-майындагы № 73, 2019-жылдын 21-февралындагы № 29, 2022-жылдын 24-февралындагы № 15, 2023-жылдын 15-февралындагы № 27 , 2026-жылдын 5-июнундагы № 81 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)