Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 70
Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении" · гл. 6Статус: действует

Статья 70. Меры в отношении лиц, заболевших инфекционными заболеваниями

1.

Все случаи инфекционных заболеваний и массовых отравлений подлежат обязательной регистрации организациями здравоохранения независимо от форм собственности по месту выявления, государственному учету и ведению отчетности по ним на основе цифровых технологий в соответствии с порядком, установленным Кабинетом Министров.

2.

Перечень инфекционных заболеваний, при которых проводятся эпидемиологические расследования, порядок расследования устанавливаются Кабинетом Министров.

3.

Больные инфекционными заболеваниями, лица с подозрением на такие заболевания и лица, контактировавшие с ними, а также лица, являющиеся носителями возбудителей инфекционных заболеваний в случае, если они представляют особую опасность для окружающих, подлежат обязательной госпитализации и/или изоляции в соответствии с требованиями нормативных правовых актов Кыргызской Республики в сфере санитарно-эпидемиологического благополучия населения.

4.

На лиц, у которых впервые обнаружены микобактерии туберкулеза, кроме регистрации их в противотуберкулезной организации, подается экстренное извещение в органы санитарно-эпидемиологического надзора как на больных инфекционным заболеванием в порядке, установленном Кабинетом Министров. Экстренное извещение в органы санитарно-эпидемиологического надзора подается также при каждом случае смерти, когда при вскрытии трупа установлено, что умерший при жизни страдал туберкулезом, но на учете не состоял.

5.

Работники медицинских служб органов обороны, национальной безопасности, внутренних дел, пограничной службы обязаны информировать органы санитарно-эпидемиологического надзора по месту жительства инфицированного в случае выявления у него туберкулеза.

Кыргызча
Жугуштуу оорулар менен ооруган адамдарга карата чаралар 1. Жугуштуу оорулардын жана массалык уулануулардын бардык учурлары аныкталган жери боюнча менчигинин түрүнө карабастан саламаттык сактоо уюмдары тарабынан милдеттүү түрдө катталууга, Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипке ылайык санариптик технологиялардын негизинде мамлекеттик эсепке алынууга жана алар боюнча отчет берилүүгө тийиш. 2. Эпидемиологиялык иликтөө жүргүзүлүүчү жугуштуу оорулардын тизмеги, иликтөө жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет. 3. Жугуштуу оорулар менен ооругандар, мындай ооруларга шектүү адамдар жана алар менен байланышта болгон адамдар, ошондой эле жугуштуу оорулардын козгогучтарын алып жүрүүчү болуп саналган адамдар, эгерде алар айланасындагылар үчүн өзгөчө кооптуулукту жаратса, калктын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдиги чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына ылайык милдеттүү түрдө ооруканага жаткырылууга жана/же обочолонууга тийиш. 4. Кургак учуктун микобактериясы биринчи жолу табылган адамдарга карата, аларды кургак учукка каршы уюмда каттоодон тышкары, жугуштуу оору менен ооругандар катары санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарына Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте чукул билдирүү берилет. Ар бир өлүм учуру болгондо да, каза болгон адам тирүүсүндө кургак учук менен ооругандыгы, бирок каттоодо турбагандыгы өлүктү союуда аныкталганда, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарына чукул билдирүү берилет. 5. Коргоо, улуттук коопсуздук, ички иштер, чек ара кызматы органдарынын медициналык кызматтарынын кызматкерлери, аларда кургак учук табылган учурда, жугуштуу оору жуккан адамдын жашаган жери боюнча санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарына маалымдоого милдеттүү.