Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 57
Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении" · гл. 6Статус: действует

Статья 57. Безопасность пищевых продуктов и питания населения

1.

Производство, хранение, транспортировка, реализация и ввоз пищевых продуктов, пищевых добавок, продовольственного сырья и контактирующих с ними материалов и изделий на территории Кыргызской Республики не должны оказывать вредное воздействие на здоровье человека и должны соответствовать техническим регламентам, санитарно-эпидемиологическим правилам и нормативам.

2.

Организация физическими и юридическими лицами независимо от форм собственности общественного питания должна быть безопасной для здоровья людей и соответствовать техническим регламентам, санитарно-эпидемиологическим правилам и нормативам.

3.

При организации питания в дошкольных и других организациях образования, лечебно-профилактических, оздоровительных организациях, а также организациях социальной защиты, установлении норм пищевого довольствия для военнослужащих, а также при установлении норм питания для лиц, находящихся в следственных изоляторах или отбывающих наказание в исправительных учреждениях, обязательно соблюдение научно-обоснованных, рекомендованных физиологических норм питания человека, разработанных и утвержденных для данного контингента.

(В редакции Закона КР от 29 октября 2025 года № 245 )

Кыргызча
Тамак-аш азыктарынын жана калктын тамактануусунун коопсуздугу 1. Кыргыз Республикасынын аймагында тамак-аш азыктарын, тамак-аш кошулмаларын, азык-түлүк чийки заттарын жана алар менен байланышта болгон материалдарды жана буюмдарды өндүрүү, сактоо, ташуу, сатуу жана алып келүү адамдын ден соолугуна зыяндуу таасир тийгизбеши керек жана техникалык регламенттерге, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык келүүгө тийиш. 2. Менчигинин түрүнө карабастан жеке жана юридикалык жактардын коомдук тамактанууну уюштуруусу адамдардын ден соолугу үчүн коопсуз болууга жана техникалык регламенттерге, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерге жана ченемдерге ылайык келүүгө тийиш. 3. Мектепке чейинки жана башка билим берүү уюмдарында, дарылоо-профилактикалык уюмдарында, ден соолукту чыңдоо уюмдарында жана социалдык коргоо уюмдарында тамактанууну уюштурууда, аскер кызматчылары үчүн тамак-аш менен камсыздаманын ченемдерин белгилөөдө, ошондой эле тергөө изоляторлорунда жүргөн же түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдар үчүн тамак-аштын ченемдерин белгилөөдө адамдын ушул контингент үчүн иштелип чыккан жана бекитилген тамактануусунун илимий негизделген, сунушталган физиологиялык ченемдери сакталууга тийиш. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 245 Мыйзамынын редакциясына ылайык)