Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 67
Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении" · гл. 6Статус: действует

Статья 67. Организация противоэпидемических мероприятий

Предупреждение возникновения и распространения инфекционных болезней обеспечивается посредством:

1) мероприятий по санитарной охране территории Кыргызской Республики от заноса и распространения инфекционных заболеваний;

2) осуществления эпидемиологического надзора за распространением на территории Кыргызской Республики инфекционных заболеваний и системы реагирования на осложнение эпидемиологической ситуации в порядке, определяемом Кабинетом Министров;

3) мер, принимаемых в отношении больных инфекционными заболеваниями;

4) проведения обязательных профилактических прививок по календарю прививок и прививок по эпидемиологическим показаниям при прогнозируемом ухудшении эпидемиологической ситуации;

5) организации и проведения мер инфекционного контроля в организациях здравоохранения Кыргызской Республики независимо от форм собственности;

6) разработки и реализации государственных или региональных целевых программ и научных, научно-технических программ по профилактике инфекционных заболеваний;

7) взаимодействия организаций здравоохранения и ветеринарной службы в проведении единого надзора и профилактических мер борьбы с болезнями, общими для человека и животных;

8) мероприятий, направленных на предотвращение распространения природно-очаговых и особо опасных заболеваний - проведение постоянного зоолого-эпидемиологического пространственного мониторинга, предупреждение выноса инфекции за пределы природных очагов, принятие мер по локализации и ликвидации очагов особо опасных инфекций, способных вызывать чрезвычайные ситуации;

9) принятия необходимых ограничительно-карантинных мер, обеспечивающих сдерживание распространения инфекций, локализацию и ликвидацию последствий чрезвычайных ситуаций;

10) социальной мобилизации граждан на профилактику инфекционных заболеваний.

Кыргызча
Эпидемияга каршы иш-чараларды уюштуруу Жугуштуу оорулардын келип чыгышынын алдын алуу жана анын таркап кетүүсүна жол бербөө төмөнкүлөр аркылуу камсыз кылынат: 1) Кыргыз Республикасынын аймагын жугуштуу оорулардын киришинен жана таркап кетүүсүнан санитардык коргоо боюнча иш-чаралар; 2) Кыргыз Республикасынын аймагында жугуштуу оорулардын таркап кетүүсүна эпидемиологиялык көзөмөлдү жана эпидемиологиялык кырдаалдын татаалдануусуна жооп кайтаруу системасынын ишин Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте жүзөгө ашыруу; 3) жугуштуу оорулар менен ооругандарга карата көрүлүүчү чаралар; 4) эмдөөлөрдүн календары боюнча милдеттүү алдын ала эмдөөлөрдү жана эпидемиологиялык көрсөткүчтөр боюнча эпидемиологиялык кырдаал болжолдонгондой начарлап кеткенде эмдөөлөрдү жүргүзүү; 5) менчигинин түрүнө карабастан Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарында инфекциялык контролдоо чараларын уюштуруу жана жүргүзүү; 6) жугуштуу оорулардын алдын алуу боюнча мамлекеттик же региондук максаттуу программаларды жана илимий, илимий-техникалык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу; 7) адам жана жаныбарлар үчүн жалпы ооруларга каршы күрөшүүнүн профилактикалык чараларын жана бирдиктүү көзөмөлдү жүргүзүүдө саламаттык сактоо жана ветеринардык кызматтардын өз ара аракеттенүүсү; 8) табигый-очоктук жана өзгөчө кооптуу оорулардын таркап кетүүсүн болтурбоого багытталган иш-чаралар: туруктуу зоологиялык-эпидемиологиялык мейкиндиктик мониторинг жүргүзүү, жугуштуу оорулардын табигый очокторунун сыртка чыгуусунун алдын алуу, өзгөчө кырдаалдарды жаратууга жөндөмдүү өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулардын очокторун чектөө жана жоюу - боюнча чараларды көрүү; 9) жугуштуу оорулардын таркап кетүүсүн токтотууну, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин чектөөнү жана жоюуну камсыз кылуучу зарыл болгон чектөө-карантиндик чараларды көрүү; 10) жугуштуу оорулардын алдын алууга жарандарды социалдык мобилизациялоо.