Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 50
Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении" · ст. 50Статус: действует

Статья 50. Регистрация и учет

1.

Все индексные случаи туберкулеза подлежат обязательной государственной регистрации и учету на основе цифровых технологий в порядке, определяемом Кабинетом Министров.

2.

Работники медицинских служб органов внутренних дел и уголовно-исполнительной системы Кыргызской Республики обязаны информировать государственные организации здравоохранения и органы санитарно-эпидемиологического надзора по месту фактического проживания лиц, содержащихся в следственных изоляторах или находящихся в местах лишения свободы:

1) о каждом впервые выявленном случае заболевания туберкулезом;

2) о лицах, заболевших туберкулезом, освобождающихся из уголовно-исправительной системы;

3) о случаях смерти лиц от туберкулеза.

3.

Администрация уголовно-исполнительной системы в справках об освобождении обязана делать отметку о наличии туберкулеза у лиц, отбывавших наказание.

Кыргызча
Каттоо жана эсепке алуу 1. Кургак учуктун бардык индекстик учурлары Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте санариптик технологиялардын негизинде милдеттүү мамлекеттик катталууга жана эсепке алынууга тийиш. 2. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын жана жаза аткаруу системасынын медициналык кызматтарынын кызматкерлери тергөө изоляторлорунда кармалган же эркиндигинен ажыратуу жайларында жүргөн адамдардын иш жүзүндө жашаган жери боюнча саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдарына жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарына төмөнкүлөр тууралуу маалымдоого милдеттүү: 1) кургак учук менен ооруп калган ар бир алгачкы табылган учур жөнүндө; 2) жазык-түзөтүү системасынан бошотулуп жаткан, кургак учук менен ооруп калган адамдар жөнүндө; 3) кургак учуктан каза болгон адамдар жөнүндө. 3. Жаза аткаруу системасынын администрациясы бошотуу жөнүндө маалымкаттарда жазасын өтөп бүткөн адамдардын кургак учук менен ооруй тургандыгы жөнүндө белги коюуга милдеттүү.