Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 51
Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении" · ст. 51Статус: действует

Статья 51. Виды и порядок проведения медицинского обследования и освидетельствования на ВИЧ, вирусные гепатиты, передающиеся через кровь

1.

В Кыргызской Республике предусматриваются добровольное, обязательное медицинские обследования, порядок проведения которых утверждается уполномоченным органом в сфере здравоохранения.

2.

Добровольное медицинское обследование проводится анонимно и конфиденциально на основе информированного, осознанного, устного согласия обследуемого лица или его законного представителя.

3.

Обязательное медицинское обследование проводится конфиденциально. Обязательному медицинскому обследованию на ВИЧ подлежат:

1) доноры крови, биологических жидкостей, органов и тканей;

2) лица, профессиональная деятельность которых предусматривает обязательное прохождение медицинского обследования на ВИЧ. Перечень специальностей и должностей, подлежащих обязательному медицинскому обследованию, определяется Кабинетом Министров;

3) иностранные граждане и лица без гражданства в порядке, определяемом Кабинетом Министров.

4.

Работодатели не имеют права требовать от работников предоставления официального медицинского заключения обследования на ВИЧ, если это не предусмотрено законодательством Кыргызской Республики.

5.

Факт прохождения и результаты конфиденциального медицинского обследования на ВИЧ не разглашаются и не передаются третьей стороне без предварительного письменного согласия обследуемого лица, за исключением случаев, определенных Кабинетом Министров.

6.

Обследуемое лицо имеет право отказаться от проведения медицинского обследования на любой его стадии, за исключением принудительного медицинского освидетельствования.

7.

Медицинское обследование детей в возрасте до 14 лет и лиц, признанных в установленном законом порядке недееспособными, может проводиться по письменной просьбе или с письменного согласия их родителей или законных представителей, которые присутствуют при проведении медицинского обследования.

8.

Психосоциальное консультирование детей в возрасте до 18 лет проводится с участием родителей или законных представителей, которые приглашаются с согласия ребенка, а при необходимости с участием психолога.

9.

Выдача официального медицинского заключения по результатам медицинского обследования на ВИЧ по требованию граждан Кыргызской Республики, иностранных граждан и лиц без гражданства о наличии или отсутствии у них ВИЧ осуществляется государственными организациями здравоохранения в порядке, определяемом уполномоченным органом в сфере здравоохранения.

10.

Сотрудники иностранных дипломатических представительств и консульских учреждений, пользующиеся на территории Кыргызской Республики дипломатическим иммунитетом и привилегиями, могут быть обследованы на ВИЧ при их обращении.

11.

Медицинское обследование на ВИЧ проводится в организациях службы общественного здравоохранения независимо от их ведомственной подчиненности и форм собственности в порядке, определяемом уполномоченным органом в сфере здравоохранения.

12.

Сведения о заболевании или результатах медицинского освидетельствования ЛЖВ составляют врачебную тайну, охраняемую законодательством Кыргызской Республики.

13.

Обязательному медицинскому обследованию на вирусные гепатиты, передающиеся через кровь, подлежат:

1) доноры крови, биологических жидкостей, органов и тканей;

2) лица, профессиональная деятельность которых предусматривает обязательное прохождение медицинского обследования на вирусные гепатиты, передающиеся через кровь. Перечень специальностей и должностей, подлежащих обязательному медицинскому обследованию, определяется Кабинетом Министров;

3) иностранные граждане и лица без гражданства.

Кыргызча
АИВ боюнча, кан аркылуу берилүүчү вирустук гепатиттерге медициналык текшерүүнүн жана күбөлөндүрүүнүн түрлөрү жана аларды жүргүзүү тартиби 1. Кыргыз Республикасында ыктыярдуу, милдеттүү медициналык текшерүү каралат, аларды жүргүзүү тартиби саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет. 2. Ыктыярдуу медициналык текшерүү маалымдалган, баамдап түшүнгөн, текшерилүүчү адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн оозеки макулдугунун негизинде анонимдүү жана купуя жүргүзүлөт. 3. Милдеттүү медициналык текшерүү купуя жүргүзүлөт. Төмөнкүлөр АИВ боюнча милдеттүү түрдөгү медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш: 1) кандын, биологиялык суюктуктардын, органдардын жана ткандардын донорлору; 2) кесиптик иши АИВ боюнча милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүүнү караган адамдар. Милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш болгон адистиктердин жана кызмат орундардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат; 3) чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Министрлер Кабинети аныктаган тартипте. 4. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралбаса, иш берүүчүлөр кызматкерлерден АИВ боюнча текшерүүдөн өткөндүгү жөнүндө расмий медициналык корутундуну берүүнү талап кылууга укуксуз. 5. Министрлер Кабинети тарабынан табылган учурларды кошпогондо, АИВ боюнча купуя медициналык текшерүүдөн өтүү фактысы жана анын жыйынтыктары ачыкка чыгарылбайт жана текшерилип жаткан адамдын жазуу жүзүндөгү алдын ала макулдугусуз үчүнчү тарапка берилбейт. 6. Мажбурлап медициналык күбөлөндүрүүнү кошпогондо, текшерилип жаткан адам медициналык текшерүүнүн каалаган стадиясында андан өтүүдөн баш тартууга укуктуу. 7. 14 жашка чейинки курактагы балдарды жана мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамдарды медициналык текшерүү алардын ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү өтүнүчү боюнча же жазуу жүзүндөгү макулдугу менен жүргүзүлүшү мүмкүн, алар медициналык текшерүүнү жүргүзүүгө катышат. 8. 18 жашка чейинки курактагы балдарга психикалык-социалдык кеңеш берүү ата-энесинин же мыйзамдуу өкүлдөрдүн катышуусунда жүргүзүлөт, алар баланын макулдугу менен чакырылат, зарыл болгондо психолог катышат. 9. Кыргыз Республикасынын жарандарынын, чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын талаптары боюнча аларда АИВнин бар же жок экендиги жөнүндө АИВ боюнча медициналык текшерүүнүн жыйынтыктары боюнча расмий медициналык корутундуну берүү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте саламаттык сактоонун мамлекеттик уюмдары тарабынан жүргүзүлөт. 10. Кыргыз Республикасынын аймагында дипломатиялык кол тийбестиктен жана артыкчылыктардан пайдалануучу дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлери кайрылганда АИВ боюнча текшериле алат. 11. АИВ боюнча медициналык текшерүү саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган тартипте, ведомстволук баш ийүүсүнө жана менчигинин түрүнө карабастан, коомдун саламаттыгын сактоо кызматынын уюмдарында жүргүзүлөт. 12. Оору же АЖАны медициналык күбөлөндүрүүнүн жыйынтыктары жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен корголуучу дарыгерлик сырды түзөт. 13. Төмөнкүлөр кан аркылуу берилүүчү вирустук гепатиттерге милдеттүү медициналык текшерилүүгө тийиш: 1) кандын, биологиялык суюктуктардын, органдардын жана ткандардын донорлору; 2) кесиптик иши кан аркылуу берилүүчү вирустук гепатиттерге милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүүнү караган адамдар. Милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш болгон адистиктердин жана кызматтардын тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат; 3) чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар.