Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 49
Закон КР от 12 января 2024 года № 10 "Об общественном здравоохранении" · ст. 49Статус: действует

Статья 49. Противотуберкулезные мероприятия и принципы их проведения

1.

Противотуберкулезные мероприятия в Кыргызской Республике (санитарно-оздоровительные, противоэпидемические, профилактические, диагностические) проводятся на основании и в порядке, установленном настоящим Законом, законодательством в сфере здравоохранения и вступившими в силу в установленном законодательством порядке международными договорами, участницей которых является Кыргызская Республика.

2.

Профилактика туберкулеза осуществляется на принципах бесплатности, общедоступности и равных возможностей для всех граждан и лиц без гражданства, проживающих на территории Кыргызской Республики.

3.

Профилактика туберкулеза включает:

1) противотуберкулезную вакцинацию новорожденных, которая является обязательной и проводится в сроки, установленные Календарем профилактических прививок в соответствии с настоящим Законом;

2) профилактическое лечение, проводимое в соответствии с ПГГ;

3) медицинское обследование лиц, имевших контакт с заболевшим туберкулезом;

4) диагностику туберкулеза, проводимую лицам из групп риска.

4.

Лица, представляющие опасность распространения туберкулеза, не допускаются к работам, перечень которых утверждается Кабинетом Министров. Запрещается допуск лиц, не прошедших медицинское обследование, к работе, входящей в указанный перечень.

5.

Лица, имевшие контакт с заболевшим туберкулезом, и/или лица из группы риска проходят обязательное медицинское обследование с целью диагностики туберкулеза, определяемое уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения.

6.

Для выявления лиц, представляющих риск инфицирования окружающих туберкулезом, осуществляются бесплатные обязательные лабораторные исследования, а также их медицинское обследование на наличие микобактерий туберкулеза, с периодичностью, определяемой уполномоченным государственным органом в сфере здравоохранения.

7.

Иностранным гражданам, обращающимся за медицинской услугой в организации здравоохранения Кыргызской Республики, медицинское обследование с целью диагностики туберкулеза проводится в соответствии с законодательством в области здравоохранения и вступившими в силу в установленном законодательством порядке международными договорами, участницей которых является Кыргызская Республика.

Кыргызча
Кургак учукка каршы иш-чаралар жана аларды жүргүзүү принциптери 1. Кыргыз Республикасында кургак учукка каршы иш-чаралар (санитардык-ден соолукту чыңдоо, эпидемияга каршы, алдын алуу, диагностикалык) ушул Мыйзамда, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарда жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин негизинде жана аларда белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 2. Кургак учуктун алдын алуу Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган бардык жарандар жана жарандыгы жок адамдар үчүн акысыз, жалпыга жеткиликтүүлүк жана бирдей мүмкүнчүлүктөр принциптеринде жүзөгө ашырылат. 3. Кургак учуктун алдын алуу төмөнкүлөрдү камтыйт: 1) жаңы төрөлгөндөрдү кургак учукка каршы вакцинациялоону - ал милдеттүү болуп саналат жана ушул Мыйзамга ылайык Алдын ала эмдөөлөрдүн календарында белгиленген мөөнөттөрдө жүргүзүлөт; 2) МКПга ылайык жүргүзүлүүчү профилактикалык дарылоо; 3) кургак учук менен ооругандар менен байланышта болгон адамдарды медициналык текшерүү; 4) тобокелдик тобундагы адамдарга жүргүзүлүүчү кургак учукту диагностикалоо. 4. Кургак учуктун таркап кетүү коркунучун жараткан адамдарга тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү жумуштарда иштөөгө жол берилбейт. Көрсөтүлгөн тизмекке кирүүчү жумушта медициналык текшерүүдөн өтпөгөн адамдардын иштөөсүнө тыюу салынат. 5. Кургак учук менен ооругандар менен байланышта болгон адамдар жана/же тобокелдик тобундагы адамдар кургак учукту диагностикалоо максатында саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтөт. 6. Айланасындагыларга кургак учукту жугузуу тобокелдигин жараткан адамдарды аныктоо үчүн акысыз милдеттүү лабораториялык изилдөөлөр, ошондой эле саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу мезгилдүүлүк менен кургак учуктун микобактерияларынын болушуна медициналык текшерүү жүргүзүлөт. 7. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо уюмдарына медициналык кызмат көрсөтүү үчүн кайрылган чет өлкөлүк жарандарга кургак учукту диагностикалоо максатында медициналык текшерүү саламаттык сактоо жаатындагы мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүргүзүлөт.