Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 95
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · ст. 95Статус: действует

Статья 95. Контроль общественных объединений за соблюдением прав и законных интересов граждан при оказании психиатрической/наркологической помощи

1.

Общественные объединения врачей-психиатров, иные общественные объединения в соответствии со своими уставами (положениями) могут осуществлять контроль за соблюдением прав и законных интересов граждан по их просьбе или с их согласия при оказании им психиатрической, наркологической помощи. Право посещения психиатрических, наркологических и социальных стационарных учреждений должно быть отражено в уставах (положениях) этих объединений и согласовано с органами, в ведении которых находятся психиатрические и психоневрологические учреждения.

2.

Представители общественных объединений обязаны согласовать условия посещения с администрацией психиатрического или социального стационарного учреждения, ознакомиться с правилами, действующими в нем, выполнять их и подписать обязательство о неразглашении врачебной тайны.

Кыргызча
Психиатриялык/наркологиялык жардам көрсөтүүдө жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына коомдук бирикмелердин контролу 1. Врач-психиатрлардын коомдук бирикмелери, башка коомдук бирикмелер өздөрүнүн уставдарына (жоболоруна) ылайык жарандардын өтүнүчү боюнча же алардын макулдугу менен аларга психиатриялык, наркологиялык жардам көрсөтүүдө укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына контролду жүзөгө ашыра алат. Психиатриялык, наркологиялык жана социалдык стационардык мекемелерге баруу укугу бул бирикмелердин уставдарында (жоболорунда) чагылдырылууга жана карамагында психиатриялык жана психоневрологиялык мекемелер турган органдар менен макулдашылууга тийиш. 2. Коомдук бирикмелердин өкүлдөрү баруунун шарттарын психиатриялык же социалдык стационардык мекеменин администрациясы менен макулдашууга, анда колдонулган эрежелер менен таанышууга, аларды аткарууга жана врачтык жашыруун сырды ачыкка чыгарбоо жөнүндө милдеттенмеге кол коюуга милдеттүү.