Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 82
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · ст. 82Статус: действует

Статья 82. Диагностика, амбулаторная помощь и динамическое наблюдение лиц с психическими и поведенческими расстройствами

1.

Диагноз психического и/или поведенческого расстройства ставится в соответствии с общепризнанными международными стандартами и классификациями и не может основываться только на несогласии гражданина с принятыми в обществе моральными, культурными, политическими или религиозными ценностями либо на иных причинах, непосредственно не связанных с состоянием его психического здоровья.

2.

Для диагностики и лечения лица с психическим и поведенческим расстройством, применяются медицинские средства и методы, разрешенные в порядке, установленном законодательством Кыргызской Республики о здравоохранении.

3.

Амбулаторная психиатрическая помощь лицу с психическим и/или поведенческим расстройством в зависимости от медицинских показаний оказывается в виде консультативно-лечебной помощи или динамического наблюдения. Консультативно-лечебная помощь оказывается врачом-психиатром, наркологом при самостоятельном обращении лица с психическим и поведенческим расстройством, по его просьбе или с его согласия, а в отношении несовершеннолетнего в возрасте до 18 лет - по просьбе или с согласия родителей либо иного законного представителя.

4.

Динамическое наблюдение может устанавливаться независимо от согласия лица с психическим и/или поведенческим расстройством или его законного представителя, при наличии хронического и затяжного психического и/или поведенческого расстройства с тяжелыми стойкими или часто обостряющимися болезненными проявлениями и предполагает наблюдение за состоянием психического здоровья лица путем регулярных осмотров врачом-психиатром и оказание ему необходимой медицинской и социальной помощи.

5.

Решение вопроса о необходимости установления динамического наблюдения и о его прекращении принимается комиссией врачей-психиатров, назначаемой администрацией психиатрической, наркологической организации, оказывающей амбулаторную психиатрическую, наркологическую помощь, или комиссией врачей-психиатров, назначаемой органом здравоохранения. Установленное ранее динамическое наблюдение прекращается при выздоровлении или значительном и стойком улучшении психического состояния лица. После прекращения динамического наблюдения амбулаторная психиатрическая, наркологическая помощь по просьбе или с согласия лица либо по просьбе или с согласия его законного представителя оказывается в консультативно-лечебном виде. При изменении психического состояния лицо с психическим и/или поведенческим расстройством может быть освидетельствовано без его согласия или без согласия его законного представителя по основаниям и в порядке, предусмотренном частью 4 статьи 85, статьями 86 и 89 настоящего Закона. Динамическое наблюдение может быть возобновлено в таких случаях по решению комиссии врачей-психиатров, наркологов.

6.

Медицинские средства и методы применяются только в диагностических и лечебных целях в соответствии с характером болезненных расстройств и не должны использоваться для наказания с лица психическим и поведенческим расстройством или в интересах других лиц.

(В редакции Закона КР от 28 октября 2025 года № 241)

Кыргызча
Психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдарга диагностика жүргүзүү, амбулатордук жардам көрсөтүү жана динамикалык байкоо жүргүзүү 1. Психиканын жана/же жүрүм-турумдун бузулуу диагнозу жалпы таанылган эл аралык стандарттарга жана классификацияларга ылайык коюлат жана жарандын коомдо кабыл алынган моралдык, маданий, саясий же диний баалуулуктарга макул эместигине же болбосо анын психикалык саламаттыгынын абалы менен түздөн-түз байланышпаган башка себептерге гана негизделиши мүмкүн эмес. 2. Психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамдын дартын аныктоо жүргүзүү жана дарылоо үчүн саламаттык сактоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте уруксат берилген медициналык каражаттар жана методдор колдонулат. 3. Психикасы жана/же жүрүм-туруму бузулган адамга амбулатордук психиатриялык жардам медициналык көрсөтмөлөргө жараша консультациялык-дарылоо жардамы же динамикалык байкоо жүргүзүү түрүндө көрсөтүлөт. Консультациялык-дарылоо жардамы врач-психиатр, нарколог тарабынан психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адам өз алдынча кайрылганда анын өтүнүчү же макулдугу боюнча, ал эми 18 жашка чейинки курактагы жашы жете электерге карата- ата-энесинин же болбосо башка мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен көрсөтүлөт. 4. Динамикалык байкоо жүргүзүү катуу туруктуу же тез-тез күчөп турган ооруткан көрүнүштөрү бар өнөкөт жана узакка созулган психикалык жана/же жүрүм-турумдук бузулуулары болгон учурда психисы жана/же жүрүм-туруму бузулган адамдын же анын мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугуна карабастан белгилениши мүмкүн жана врач-психиатрдын үзгүлтүксүз кароосу аркылуу адамдын психикалык саламаттыгынын абалына байкоо жүргүзүүнү жана ага зарыл болгон медициналык жана социалдык жардам көрсөтүүнү болжолдойт. 5. Динамикалык байкоо жүргүзүүнү белгилөө зарылдыгы жөнүндө жана аны токтотуу жөнүндө маселени чечүү амбулатордук психиатриялык, наркологиялык жардам көрсөтүүчү психиатриялык, наркологиялык уюмдун администрациясы тарабынан дайындалуучу врач-психиатрлардын комиссиясы же саламаттык сактоо органы тарабынан дайындалуучу врач-психиатрлардын комиссиясы тарабынан кабыл алынат. Мурда белгиленген динамикалык байкоо жүргүзүү адамдын психикалык абалы айыкканда же олуттуу жана туруктуу жакшырганда токтотулат. Динамикалык байкоо жүргүзүү токтотулгандан кийин амбулатордук психиатриялык, наркологиялык жардам адамдын өтүнүчү же макулдугу боюнча, же болбосо анын мыйзамдуу өкүлүнүн өтүнүчү боюнча же макулдугу менен консультациялык-дарылоо түрүндө көрсөтүлөт. Психикалык абалы өзгөргөндө психикасы жана/же жүрүм-туруму бузулган адам анын макулдугусуз же мыйзамдуу өкүлүнүн макулдугусуз ушул Мыйзамдын 85-беренесинин 4-бөлүгүндө, 86 жана 89-беренелеринде каралган негиздер боюнча жана тартипте күбөлөндүрүлүшү мүмкүн. Динамикалык байкоо жүргүзүү мындай учурларда врач-психиатрлардын комиссиясынын, наркологдордун чечими боюнча кайрадан улантылышы мүмкүн. 6. Медициналык каражаттар жана методдор оорутуп бузулуу мүнөзүнө ылайык дартын аныктоо жана дарылоо максатында гана колдонулат жана психикасы жана жүрүм-туруму бузулган адамды жазалоо же башка адамдардын кызыкчылыгы үчүн колдонулбашы керек. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 28-октябрындагы № 241 Мыйзамынын редакциясына ылайык)