Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 80
Закон КР от 12 января 2024 года № 14 "Об охране здоровья граждан в Кыргызской Республике" · ст. 80Статус: действует

Статья 80. Представительство прав и законных интересов граждан, которым оказывается психиатрическая помощь

1.

Гражданин при оказании ему психиатрической, наркологической помощи вправе пригласить по своему выбору представителя для защиты своих прав и законных интересов. Оформление представительства производится в порядке, установленном гражданским и гражданским процессуальным законодательством Кыргызской Республики.

2.

Защиту прав и законных интересов несовершеннолетнего в возрасте до 18 лет и лица, признанного в установленном законом порядке недееспособным, при оказании им психиатрической и наркологической помощи осуществляют их законные представители (родители, усыновители, опекуны), а в случаях их отсутствия - администрация психиатрического, наркологического стационара либо стационарного социального учреждения или специального обучения.

3.

Защиту прав и законных интересов гражданина при оказании ему психиатрической, наркологической помощи может осуществлять адвокат. Администрация учреждения, оказывающего психиатрическую, наркологическую помощь, обеспечивает возможность приглашения адвоката, за исключением неотложных случаев, предусмотренных частью 4 статьи 85 и частью 1 статьи 91 настоящего Закона.

4.

Гражданин при оказании ему психиатрической, наркологической помощи, освидетельствования его психического здоровья и медицинского освидетельствования вправе пройти независимое психиатрическое, наркологическое освидетельствование, которое производится в порядке, установленном гражданским и гражданским процессуальным законодательством Кыргызской Республики.

5.

Акыйкатчы (Омбудсмен) Кыргызской Республики защищает права пациентов, находящихся в психиатрических стационарах, принимает их жалобы и заявления, которые разрешает с администрацией данного психиатрического учреждения либо направляет в зависимости от их характера в органы представительной и исполнительной власти, прокуратуру или в судебные органы.

(В редакции Законов КР от 7 августа 2024 года № 163, 28 октября 2025 года № 241)

Кыргызча
Психиатриялык жардам көрсөтүлүп жаткан жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын жактоо 1. Жаран ага психиатриялык, наркологиялык жардам көрсөтүлгөндө өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн өзүнүн тандоосу боюнча өкүлдү чакырууга укуктуу. Өкүлчүлүктү тариздөө Кыргыз Республикасынын жарандык жана жарандык процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлөт. 2. 18 жашка чейинки курактагы жашы жете элек адамга жана мыйзамда белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп таанылган адамга психиатриялык жана наркологиялык жардам көрсөтүүдө алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону алардын мыйзамдуу өкүлдөрү (ата-энелер, асырап алуучулар, камкорчулар), ал эми алар жок болгон учурларда - психиатриялык, наркологиялык стационардын же болбосо стационардык социалдык мекеменин же атайын окутуунун администрациясы жүзөгө ашырат. 3. Психиатриялык, наркологиялык жардам көрсөтүүдө жарандын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону адвокат жүзөгө ашырышы мүмкүн. Ушул Мыйзамдын 85-беренесинин 4-бөлүгүндө жана 91-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кечиктирилгис учурларды кошпогондо, психиатриялык, наркологиялык жардам көрсөтүүчү мекеменин администрациясы адвокатты чакыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат. 4. Жаран ага психиатриялык, наркологиялык жардам көрсөтүүдө, анын психикалык саламаттыгын күбөлөндүрүүдө жана медициналык күбөлөндүрүүдө Кыргыз Республикасынын жарандык жана жарандык процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте жүргүзүлүүчү көз карандысыз психиатриялык, наркологиялык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө укуктуу. 5. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) психиатриялык стационарларда жаткан бейтаптардын укуктарын коргойт, алардын даттанууларын жана арыздарын кабыл алат, аларды бул психиатриялык мекеменин администрациясы менен чечет же алардын мүнөзүнө жараша өкүлчүлүктүү жана аткаруу бийлик органдарына, прокуратурага же сот органдарына жөнөтөт. (КР 2024-жылдын 7-августундагы № 163 , 2025-жылдын 28-октябрындагы N 241 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)