Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 25-1
Закон КР от 21 июля 1997 года № 57 "О государственном пенсионном социальном страховании" · ст. 25-1Статус: действует

Статья 25-1. Сроки назначения пенсий

1.

Пенсия назначается со дня обращения застрахованного лица за пенсией, но не ранее чем со дня возникновения права застрахованного лица на пенсию.

2.

Днем обращения застрахованного лица за пенсией считается день приема органом, осуществляющим государственное пенсионное страхование, заявления о назначении пенсии со всеми необходимыми документами. Если указанное заявление пересылается по почте и при этом прилагаются все необходимые документы, то днем обращения за пенсией считается дата, указанная на почтовом штемпеле места отправления данного заявления.

3.

В случае если в представленных документах и в данных персонифицированного (индивидуального) учета для целей обязательного государственного социального страхования отсутствуют необходимые данные для назначения пенсии, орган, осуществляющий государственное пенсионное страхование, дает обратившемуся застрахованному лицу разъяснения о документах, которые он должен представить дополнительно. Если такие документы будут представлены не позднее чем через три месяца со дня получения соответствующего разъяснения, днем обращения за пенсией считается день приема заявления о назначении пенсии или дата, указанная на почтовом штемпеле места отправления данного заявления.

Территориальные органы Социального фонда обязаны консультировать и оказывать помощь застрахованному лицу в получении и оформлении необходимых документов для назначения пенсии.

4.

Ранее дня обращения застрахованного лица за пенсией, определенного пунктом 2 настоящей статьи, назначаются:

а) пенсия по инвалидности - со дня признания застрахованного лица инвалидом, если обращение за пенсией последовало не позднее чем через три месяца с этого дня, а при превышении этого срока - на три месяца раньше того дня, когда последовало обращение за пенсией;

б) пенсия по случаю потери кормильца - со дня смерти кормильца, если обращение последовало не позднее чем через шесть месяцев со дня смерти, а при превышении этого срока - на шесть месяцев раньше того дня, когда последовало обращение за пенсией.

5.

Заявление о назначении пенсии или переходе с одного вида пенсии на другой рассматривается не позднее 15 дней со дня приема этого заявления либо со дня представления дополнительных документов в соответствии с пунктом 3 настоящей статьи. В случае отказа в удовлетворении указанного заявления орган, осуществляющий государственное пенсионное страхование, не позднее пяти дней после вынесения соответствующего решения извещает об этом заявителя с указанием причины отказа и порядка обжалования и одновременно возвращает заявителю документы.

6.

Пенсионеру выдается пенсионное удостоверение установленного образца.

(В редакции Законов КР от 4 ноября 2003 года № 220, 28 декабря 2006 года № 218)

Кыргызча
Пенсияларды дайындоонун мөөнөттөрү 1. Пенсия камсыздандырылган адам пенсия алуу үчүн кайрылган күндөн тартып дайындалат, бирок ал камсыздандырылган адамдын пенсияга чыгуу укугу пайда болгон күндөн мурда болушу мүмкүн эмес. 2. Камсыздандырылган адам пенсия алам деп кайрылган күн мамлекеттик пенсиялык камсыздандырууну жүзөгө ашыруучу органдын пенсия дайындоого арызды керек болуучу бардык документтер менен кабыл алган күн эсептелет. Эгерде аталган арыз почта аркылуу жөнөтүлсө жана керек болуучу бардык документтер тиркелсе, пенсия алуу үчүн кайрылган күн деп ал арыз жөнөтүлгөн жердин почталык штемпелинде көрсөтүлгөн күн эсептелинет. 3. Эгерде берилген документтерде жана милдеттүү мамлекеттик социалдык камсыздандыруу максатында жекече (индивидуалдык) эсепке алуунун маалыматтарында пенсия дайындоого керек болгон маалыматтар жок болсо, мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруучу орган кайрылган камсыздандырылган адамга анын кандай документтерди кошумча бериши керектигин түшүндүрөт. Эгерде мындай документтер тиешелүү түшүнүк алынган күндөн тартып үч айдан кечиктирилбестен берилсе, пенсия алуу үчүн кайрылган күн деп пенсия дайындоо жөнүндө арыз кабыл алынган күн же ушул арыз жөнөтүлгөн жердин почталык штемпелинде көрсөтүлгөн күн эсептелинет. Социалдык фонддун аймактык органдары камсыздандырылган адамга пенсия дайындоого керек болгон документтерди алууда жана жол-жоболоштурууда консультация берүүгө жана жардам көрсөтүүгө милдеттүү. 4. Пенсия алам деп кайрылган камсыздандырылган адамга ушул статьянын 2-пунктунда аныкталган күндөн мурдараак пенсиялар төмөндөгүдөй дайындалат: а) майыптыгы боюнча пенсия - камсыздандырылган адам майып деп табылган күндөн тартып, эгерде пенсия алам деп ошол күндөн тартып үч айдан кечиктирбестен кайрылса, ал эми бул мөөнөттү өткөрүп жибергенде пенсия алам деп кайрылган күндөн үч ай мурун; б) багар-көрөрүнөн айрылгандыгына байланыштуу - баккан адамы өлгөн күндөн тартып, эгерде ал адам өлгөн күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен кайрылса дайындалат, ал эми бул мөөнөт өтүп кеткенде - пенсия алам деп кайрылган күндөн алты ай мурда. 5. Пенсия дайындоо же пенсиянын бир түрүнөн экинчи түрүнө өтүү жөнүндөгү арыз ал кабыл алынган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирилбестен же ушул статьянын 3-пунктуна ылайык кошумча документтер берилген күндөн тартып каралат. Аталган арызды канааттандыруудан баш тарткан учурда мамлекеттик пенсиялык камсыздандыруучу орган тиешелүү чечим чыгарылган күндөн тартып беш күндөн кечиктирбестен бул тууралу арыздануучуга кабарлайт, анда баш тартуунун себептери жана ал боюнча даттануунун тартиби көрсөтүлөт жана ошол эле мезгилде кайрылган адамга документтерди кайтарып берет. (КР 2003-жылдын 4-ноябрындагы № 220, 2006-жылдын 28-декабрындагы № 218 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)