Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 31
Закон КР от 13 марта 2014 года № 41 "Об охоте и охотничьем хозяйстве" · гл. 7Статус: действует

Статья 31. Права и обязанности работников охотпользователей, осуществляющих производственный охотничий контроль

1.

Работники охотпользователей, осуществляющие производственный охотничий контроль, имеют право:

1) задерживать, устанавливать личности нарушителей законодательства Кыргызской Республики об охране, использовании и воспроизводстве объектов животного мира, проверять документы, проводить личный досмотр задержанных лиц и осмотр находящихся при них вещей, оружия и других орудий охоты, плавучих и транспортных средств, а также продукцию охоты, составлять протоколы о нарушении природоохранного законодательства;

2) изымать у нарушителей незаконно добытую продукцию охоты, оружие и другие орудия добывания объектов животного мира, а также охотничье удостоверение и другие документы с оформлением изъятия в установленном порядке.

2.

Работники охотпользователей, осуществляющие производственный охотничий контроль, обязаны:

1) передавать протоколы о нарушении природоохранного законодательства и изъятые предметы и орудия совершения правонарушения, в том числе незаконно добытые объекты природы и иную продукцию охоты, уполномоченному государственному органу в сфере охоты и охотничьего хозяйства (его территориальным структурным подразделениям);

2) представлять в уполномоченный государственный орган в сфере охоты и охотничьего хозяйства (его территориальным структурным подразделениям) информацию по всем фактам нарушений природоохранного законодательства.

Кыргызча
Өндүрүштүк мергенчилик контролун жүзөгө ашыруучу аңчылыкты пайдалануучулардын кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери 1. Өндүрүштүк мергенчилик контролун жүзөгө ашыруучу аңчылыкты пайдалануучулардын кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу; 1) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин коргоо, пайдалануу жана көбөйтүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуучуларды кармоого, инсандыгын белгилөөгө, документтерин текшерүүгө, кармалган адамдарды жеке тинтүүнү жана алардын жанында болгон буюмдарын, куралдарын жана башка аңчылык куралдарын, сууда сүзүүчү жана транспорттук каражаттарын карап чыгууну жүргүзүүгө, жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу жөнүндө протоколдорду түзүүгө; 2) укук бузуучулардан мыйзамсыз олжолонгон аңчылыктын продукцияларын, куралдарын жана жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин олжолоонун башка куралдарын, ошондой эле алып коюну белгиленген тартипте жол-жоболоштуруу менен мергенчилик ырастамасын жана башка документтерин алып коюуга. 2. Өндүрүштүк мергенчилик контролун жүзөгө ашыруучу аңчылыкты пайдалануучулардын кызматкерлери төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуу жөнүндө протоколдорду жана алынып коюлган укук бузууларды жасоо предметтерин жана куралдарын, анын ичинде мыйзамсыз олжолонгон жаратылыш объекттерин жана башка аңчылык продукцияларын аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнө) өткөрүп берүүгө; 2) аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнө) жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузуунун бардык фактылары боюнча маалыматтарды берүүгө.