Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 30
Закон КР от 13 марта 2014 года № 41 "Об охоте и охотничьем хозяйстве" · гл. 7Статус: действует

Статья 30. Права и обязанности должностных лиц, осуществляющих государственный охотничий контроль и надзор

1.

Должностные лица уполномоченного государственного органа в сфере охоты и охотничьего хозяйства, осуществляющие государственный охотничий контроль и надзор, являются государственными охотничьими инспекторами.

2.

Государственные охотничьи инспекторы имеют право:

1) посещать в установленном законодательством Кыргызской Республики порядке предприятия, учреждения, организации, деятельность которых связана с использованием охотничьих ресурсов (добычей, сбором и переработкой) или иным воздействием на них; знакомиться с необходимыми для выполнения своих служебных обязанностей документами и материалами;

2) проверять в установленном порядке соблюдение юридическими и физическими лицами требований законодательства в сфере сохранения, воспроизводства и использования объектов животного мира, соблюдение охотпользователями условий договоров о ведении охотхозяйственной деятельности;

3) выносить предписания об устранении выявленных недостатков и нарушений;

4) составлять протоколы по выявленным нарушениям законодательства в сфере охраны окружающей среды и природопользования;

5) осуществлять задержание правонарушителей, проводя личный досмотр и осмотр вещей, изымать предметы или орудия совершения правонарушений (в том числе незаконно добытые объекты природы), осуществлять проверку транспортных средств;

6) рассматривать дела об административных правонарушениях в сфере сохранения, воспроизводства и использования объектов животного мира, налагать на виновных штрафы и иные административные взыскания, предъявлять иски о возмещении ущерба, причиненного животному и растительному миру, при необходимости передавать дела в правоохранительные и судебные органы для привлечения виновных лиц к ответственности;

7) хранить, носить и применять служебное и гражданское огнестрельное оружие и специальные средства и оборудование при исполнении служебных обязанностей в порядке, установленном законодательством Кыргызской Республики;

8) носить форменную одежду со знаками различия в соответствии с положением, утверждаемым Правительством Кыргызской Республики;

9) налагать запреты на проведение работ по использованию ресурсов животного мира, осуществляемых с нарушением требований законодательства Кыргызской Республики;

10) запрещать, приостанавливать работу и пользование природными ресурсами, которые осуществляются с грубейшими или систематическими нарушениями стандартов, норм и правил охраны и использования природных ресурсов, эксплуатации установок и сооружений природоохранного назначения;

11) запрещать ввоз, вывоз, выпуск, расселение и акклиматизацию животных и растений, могущих повлечь причинение ущерба обитающим (произрастающим) на территории республики объектам животного и растительного мира;

12) принимать иные меры, направленные на исполнение настоящего Закона и иных нормативных правовых актов по охране окружающей среды и природопользованию;

13) назначать государственную экологическую экспертизу и обеспечивать контроль за выполнением ее заключений.

3.

Государственные охотничьи инспекторы обязаны:

1) при исполнении служебных обязанностей соблюдать требования действующего законодательства Кыргызской Республики;

2) быть корректными по отношению к проверяемым лицам;

3) содействовать работникам охотпользователей в их работе по осуществлению производственного охотничьего контроля и лицам, осуществляющим общественный охотничий контроль.

Кыргызча
Мамлекеттик мергенчилик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдарынын укуктары жана милдеттери 1. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик мергенчилик контролду жана көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу кызмат адамдары мамлекеттик мергенчилик инспекторлору болуп саналышат. 2. Мамлекеттик мергенчилик инспекторлор төмөнкүлөргө укуктуу: 1) иши аңчылык ресурстарын пайдалануу (олжолоо, чогултуу жана кайра иштетүү) же аларга башка таасир көрсөтүү менен байланышкан ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте барууга, өзүлөрүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон документтер жана материалдар менен таанышууга; 2) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу чөйрөсүндө мыйзамдардын талаптарынын юридикалык жана жеке жактар тарабынан сакталышын, аңчылыкты пайдалануучулар тарабынан мергенчилик чарба ишин жүргүзүү жөнүндө келишимдердин шарттарынын сакталышын белгиленген тартипте текшерүүгө; 3) табылган кемчиликтерди жана тартип бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйруктарды чыгарууга; 4) айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу чөйрөсүндө табылган мыйзамдарды бузуулар боюнча протоколдорду түзүүгө; 5) жеке тинтүүнү жана буюмдарын карап чыгууну жүргүзүп, укук бузуучуларды кармоону жүзөгө ашырууга, укук бузууларды жасоо предметтерин же куралдарын (анын ичинде мыйзамсыз олжолонгон жаратылыш объекттерин) алын коюуга, транспорт каражаттарына текшерүүнү жүзөгө ашырууга; 6) жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин сактоо, көбөйтүү жана пайдалануу чөйрөсүндөгү администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого, күнөөлүүлөргө айып акыларды жана башка администрациялык жазаларды салууга, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө доолорду коюуга, зарыл болгондо күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу үчүн иштерди укук коргоо жана сот органдарына өткөрүп берүүгө; 7) кызматтык милдеттерин аткарууда кызматтык жана жарандык атылуучу куралды жана атайын каражаттарды жана жабдууну Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте сактоого, алып жүрүүгө жана колдонууга; 8) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген жобого ылайык айырмалык белгилери бар формалык кийим кийип жүрүүгө; 9) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен жүзөгө ашырылуучу жаныбарлар дүйнөсүнүн ресурстарын пайдалануу боюнча жумуштарды жүргүзүүгө тыюу салууга; 10) жаратылыш ресурстарын коргоо жана пайдалануу, жаратылышты коргоо багытындагы орнотмолорду жана курулмаларды эксплуатациялоо стандарттарын, ченемдерин жана эрежелерин одоно же такай бузуу менен жүзөгө ашырылган ишти жана жаратылыштык ресурстарды пайдаланууну тыюуга, токтотуп коюуга; 11) республиканын аймагында жашаган (өсүп-чоңойгон) жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерине зыян келтириши мүмкүн болгон жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү алып келүүгө, алып чыгууга, кое берүүгө, жайгаштырууга жана кайра аклиматташтырууга тыюу салууга; 12) ушул Мыйзамдын жана айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылышты пайдалануу боюнча башка ченемдик укуктук актылардын аткарылышына багытталган башка чараларды көрүүгө; 13) мамлекеттик экологиялык экспертиза дайындоого жана анын корутундуларынын аткарылышына контролду камсыз кылууга. 3. Мамлекеттик мергенчилик инспекторлор төмөнкүлөргө милдеттүү: 1) кызматтык милдеттерин аткарууда Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын сактоого; 2) текшерилип жаткан жактарга карата сыпайы мамиле жасоого; 3) аңчылыкты пайдалануучулардын кызматкерлеринин өндүрүштүк мергенчилик контролун жүзөгө ашыруу боюнча ишине жана коомдук мергенчилик контролун жүзөгө ашырып жаткан адамдарга көмөк көрсөтүүгө.