Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 28
Закон КР от 13 марта 2014 года № 41 "Об охоте и охотничьем хозяйстве" · гл. 6Статус: действует

Статья 28. Учет добычи охотничьих животных

1.

Охотпользователи обязаны вести учет добычи охотничьих животных в охотничьих угодьях, на которых им предоставлено право ведения охотхозяйственной деятельности, с указанием вида животного, места и даты добычи, примерного возраста и пола, иных параметров, устанавливаемых уполномоченным государственным органом в сфере охоты и охотничьего хозяйства.

2.

Данные учета добычи охотничьих животных представляются охотпользователями уполномоченному государственному органу в сфере охоты и охотничьего хозяйства в установленном порядке, хранятся и анализируются в рамках мониторинга охотничьих животных.

3.

Добытые копытные животные маркируются на месте охоты представителем охотпользователя или охотником пломбами (бирками, микрочипами, клеймами).

4.

Изъятые из природной среды и (или) выведенные в неволе ловчие хищные птицы должны быть помечены несъемными кольцами либо микрочипами представителем охотпользователя или ловцом за их счет. Держатель отловленной ловчей хищной птицы обязан оставлять бессрочно кольцо и (или) микрочип на птице.

5.

Пломбы (бирки, кольца, микрочипы, клейма) являются предметами единого государственного образца, строгой отчетности, имеют учетные серию и номер, выдача которых осуществляется уполномоченным государственным органом в сфере охоты и охотничьего хозяйства (его территориальным структурным подразделением).

6.

Порядок маркирования пломбами (бирками, кольцами, микрочипами, клеймами) регулируется Правилами охоты в Кыргызской Республике.

Кыргызча
Аңчылык жаныбарларын олжолоонун эсебин алуу 1. Аңчылыкты пайдалануучулар өздөрүнө мергенчилик чарба ишин жүргүзүү укугу берилген мергенчилик кылуучу жерлерде жаныбардын түрүн, олжолонгон жерин жана датасын, жаныбардын болжолдуу жашын жана эркек-ургаачы экендигин, аңчылык жана мергенчилик чарба чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленүүчү башка параметрлерин көрсөтүү менен аңчылык жаныбарларын олжолоонун эсебин алууну жүргүзүүгө милдеттүү. 2. Аңчылык жаныбарларын олжолоонун эсебин алуунун маалыматтары аңчылыкты пайдалануучулар тарабынан аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга белгиленген тартипте берилет, аңчылык жаныбарларынын мониторингинин алкагында сакталат жана талдоого алынат. 3. Олжолонгон туяктуу жаныбарлар мергенчилик кылуучу жеринде аңчылыкты пайдалануучунун өкүлү же аңчы тарабынан пломбалар (биркалар, микрочиптер, эн тамгалар) менен маркирленет. 4. Жаратылыш чөйрөсүнөн алынган жана (же) колдо бастырылып чыгарылган алгыр жырткыч куштар аңчылыкты пайдалануучунун өкүлү же кармоочу тарабынан алардын эсебинен түшпөс шакекчелер же болбосо микрочиптер менен белгиленүүгө тийиш. Кармалган алгыр кушту күтүүчү куштагы шакекчени жана (же) микрочипти мөөнөтсүз калтырууга милдеттүү. 5. Пломбалар (биркалар, шакекчелер, микрочиптер, эн тамгалар) катуу отчеттуулуктагы, эсепке алуу сериясы жана номери бар бирдиктүү мамлекеттик үлгүнүн предметтери болуп саналат, аларды берүү аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (анын аймактык түзүмдүк бөлүмү) тарабынан жүзөгө ашырылат. 6. Пломбалар (биркалар, шакекчелер, микрочиптер, эн тамгалар) менен маркирлөөнүн тартиби Кыргыз Республикасындагы Аңчылык эрежелери менен жөнгө салынат. 7-глава. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү контроль жана көзөмөл