Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 23
Закон КР от 13 марта 2014 года № 41 "Об охоте и охотничьем хозяйстве" · гл. 6Статус: действует

Статья 23. Правила охоты

1.

Основой для осуществления охоты являются Правила охоты в Кыргызской Республике, утверждаемые Правительством Кыргызской Республики, устанавливающие:

1) сроки, способы и орудия охоты;

2) нормы и лимиты добычи охотничьих ресурсов;

3) требования к охоте в целом и на определенные виды животных;

4) требования к охоте с ловчими хищными птицами и охотничьими собаками;

5) основные требования техники безопасности.

2.

Охотники при осуществлении охоты в Кыргызской Республике, за исключением случаев, предусмотренных частями 3 и 4 настоящей статьи, должны иметь при себе:

1) государственное охотничье удостоверение;

2) разрешения на хранение и ношение охотничьего оружия, выданные в порядке, предусмотренном Законом Кыргызской Республики "Об оружии", за исключением случаев осуществления охоты с применением орудий охоты, не относящихся в соответствии с указанным Законом к охотничьему оружию;

3) документ об оплате охотником в текущем году госпошлины на право охоты, устанавливаемой в соответствии с законодательством Кыргызской Республики;

4) в случае охоты с ловчей хищной птицей - идентификационную карту (паспорт) на используемую при осуществлении охоты ловчую хищную птицу;

5) разрешительный документ на право охоты, выданный охотнику охотпользователем, на территории которого будет осуществляться охота:

а) по нелимитируемым видам - путевку на добычу животных;

б) по лимитируемым видам - дубликат разрешения на специальное пользование охотничьими животными, выданного охотпользователю уполномоченным государственным органом в сфере охоты и охотничьего хозяйства.

3.

Требования, предусмотренные пунктами 1-3 части 2 настоящей статьи, не распространяются на приравненных к охотникам иностранных граждан, временно пребывающих в Кыргызской Республике, претендующих на осуществление охоты по договорам с охотпользователями или с третьими лицами, представляющими на договорной основе интересы охотпользователей в Кыргызской Республике и в других странах.

4.

Приравненные к охотникам иностранные граждане, осуществляющие охоту в Кыргызской Республике, обязаны иметь при себе разрешение органов внутренних дел Кыргызской Республики на ввоз и вывоз их собственного охотничьего оружия, разрешение уполномоченного государственного органа в сфере охоты и охотничьего хозяйства на ввоз и вывоз ловчих хищных птиц, используемых на охоте.

5.

Охотники Кыргызской Республики и приравненные к охотникам иностранные граждане, осуществляющие охоту в Кыргызской Республике, имеют право по договору с охотпользователем временно для охоты пользоваться охотничьим оружием охотпользователя в присутствии лица, за которым закреплено данное охотничье оружие, при наличии у охотника Кыргызской Республики разрешения органов внутренних дел Кыргызской Республики, а у иностранного гражданина (охотника) - разрешения своей страны на право хранения, ношения и использования охотничьего оружия соответствующего типа канала ствола.

6.

В Кыргызской Республике запрещается использование в целях охоты военного оружия, капканов размером более номера 3, осветительных приборов, взрывчатых веществ, ядов, клея и ям. Запрещается охота с вертолетов, автомототранспортных средств и снегоходов.

Запрещается охота в пограничной полосе, а также на расстоянии 500 метров от ее тыльной границы, на участках местности, где ширина пограничной полосы составляет 50-100 метров от линии государственной границы.

7.

Правила охоты в Кыргызской Республике обязательны для соблюдения всеми лицами, осуществляющими охоту (специальное пользование объектами животного мира) и ведение охотхозяйственной деятельности.

(В редакции Закона КР от 21 февраля 2017 года № 31)

Кыргызча
Аңчылык эрежелери 1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү, төмөнкүлөрдү белгилөөчү Кыргыз Республикасындагы Аңчылык эрежелери аңчылыкты жүзөгө ашыруу үчүн негиз болуп саналат: 1) аңчылыктын мөөнөттөрү, ыкмалары жана куралдары; 2) аңчылык ресурстарын олжолоонун ченемдери жана лимиттери; 3) бүтүндөй аңчылыкка жана жаныбарлардын белгилүү бир түрлөрүнө карата талаптар; 4) алгыр жырткыч куштар жана аңчылык иттери менен аңчылыкка карата талаптар; 5) коопсуздук техникасынын негизги талаптары. 2. Ушул берененин 3 жана 4-бөлүктөрүндө каралган учурларды кошпогондо, Кыргыз Республикасында аңчылыкты жүзөгө ашырууда аңчылар төмөнкүлөрдү алып жүрүүгө тийиш: 1) мамлекеттик мергенчилик ырастаманы; 2) көрсөтүлгөн Мыйзамга ылайык мергенчилик куралына кирбеген аңчылык куралдарын колдонуу менен аңчылыкты жүзөгө ашыруу учурларын кошпогондо, "Курал жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган тартипте берилген мергенчилик куралын сактоого жана алып жүрүүгө уруксатты; 3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленүүчү аңчылык укугуна мамлекеттик алымдын аңчы тарабынан учурдагы жылда төлөнгөндүгү тууралуу документти; 4) алгыр жырткыч куш менен аңчылык учурларында - аңчылыкты жүзөгө ашырууда пайдаланылуучу алгыр жырткыч кушка идентификациялык картаны (паспортту); 5) аймагында аңчылык кылуу жүзөгө ашырыла турган аңчылыкты пайдалануучу тарабынан аңчыга берилген аңчылык укугуна уруксат документти: а) лимиттелбеген түрлөрү боюнча - жаныбарларды олжолоого жолдомону; б) лимиттелген түрлөрү боюнча - аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аңчылыкты пайдалануучуга берилген аңчылык жаныбарларын атайын пайдаланууга уруксаттын дубликатын. 3. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 1-3-пункттарында каралган талаптар Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн, аңчылыкты пайдалануучулар же Кыргыз Республикасында же башка өлкөлөрдө алардын кызыкчылыктарын келишимдик негизде билдирүүчү үчүнчү жактар менен түзүлгөн келишимдер боюнча аңчылыкты жүзөгө ашырууга талапкер болгон аңчыларга теңдештирилген чет өлкөлүк жарандарга жайылтылбайт. 4. Кыргыз Республикасында аңчылыкты жүзөгө ашыруучу, мергенчилерге теңдештирилген чет өлкөлүк жарандар өздөрүнүн мергенчилик куралын алып кирүүгө жана алып чыгууга Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын уруксатын, аңчылыкта пайдаланылуучу алгыр жырткыч куштарды алып кирүүгө жана алып чыгууга аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатын алып жүрүүгө милдеттүү. 5. Кыргыз Республикасынын аңчылары жана Кыргыз Республикасында аңчылыкты жүзөгө ашыруучу, аңчыларга теңдештирилген чет өлкөлүк жарандар аңчылыкты пайдалануучулар менен түзгөн келишим боюнча аңчыдада найынын каналынын тиешелүү тибиндеги аңчылык куралдарды сактоо, алып жүрүү жана пайдалануу укугуна Кыргыз Республикасынын Ички иштер органдарынын уруксаттары, ал эми чет өлкөлүк жаранда (аңчыда) өз өлкөсүнүн уруксаттары болгондо, ушул аңчылык куралы бекитилип берилген адамдын катышуусунда аңчылыкты пайдалануучунун аңчылык куралын аңчылык үчүн убактылуу пайдаланууга укуктуу. 6. Кыргыз Республикасында аңчылык максатында аскердик куралды, 3-номерден жогорку өлчөмдөгү капкандарды, жарык берүүчү приборлорду, жарылма заттарды, ууларды, клейлерди жана орлорду пайдаланууга тыюу салынат. Тик учактардан, автомототранспорт каражаттарынан жана авточаналардан аңчылык кылууга тыюу салынат. Чек ара тилкесинде, ошондой эле анын сырткы чегинен 500 метр аралыкта, Мамлекеттик чек ара сызыгынан чек ара тилкесинин туурасы 50-100 метрди түзгөн жерлерде аң уулоого тыюу салынат. 7. Кыргыз Республикасында аңчылык эрежелери аңчылыкты (жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдаланууну) жана мергенчилик чарба иштерин жүргүзүүнү жүзөгө ашыруучу бардык жактар тарабынан сактоо үчүн милдеттүү. (КР 2017-жылдын 21-февралындагы № 31 Мыйзамынын редакциясына ылайык)