Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 24
Закон КР от 13 марта 2014 года № 41 "Об охоте и охотничьем хозяйстве" · гл. 6Статус: действует

Статья 24. Правила содержания ловчих хищных птиц

1.

Для сохранения и поддержания традиционных национальных видов охоты допускается содержание хищных птиц в целях использования их в качестве ловчих.

2.

Ловчие хищные птицы изымаются из природной среды согласно части 4 статьи 12 настоящего Закона или приобретаются у владельцев зарегистрированных питомников или других законных владельцев.

3.

Держатель ловчей хищной птицы обязан иметь государственное охотничье удостоверение с указанием категории "А" и дополнительной категории "Л", подтверждающей его знания и навыки по содержанию, обращению с ловчими хищными птицами и использованию их в охоте.

4.

Держатель ловчих хищных птиц обязан создать надлежащие условия их содержания в неволе в соответствии с Правилами охоты в Кыргызской Республике и обеспечить ветеринарный контроль.

5.

Уполномоченным государственным органом в сфере охоты и охотничьего хозяйства (его территориальными структурными подразделениями) на содержащихся в неволе отловленных, приобретенных и выведенных ловчих хищных птиц оформляются идентификационные карты (паспорта).

6.

В случае гибели ловчей хищной птицы составляется акт с участием представителей органа ветеринарного надзора. При потере ловчей хищной птицы во время охоты ее владелец также оформляет соответствующий акт. Акты о гибели и потере ловчей хищной птицы регистрируются уполномоченным государственным органом в сфере охоты и охотничьего хозяйства (его территориальным структурным подразделением).

7.

Ловчие хищные птицы, не оформленные в установленном порядке, считаются незаконно добытыми и приобретенными.

8.

Ввоз/вывоз в/за пределы Кыргызской Республики ловчих хищных птиц, не подпадающих и подпадающих под действие Конвенции CITES, с целью проведения охоты, участия в выставках, соревнованиях или других мероприятиях, а также их транзитная перевозка осуществляются на основании справок, выдаваемых по заявлениям держателей ловчих хищных птиц уполномоченным государственным органом в сфере охоты и охотничьего хозяйства в соответствии с требованиями Конвенции CITES и иных нормативных правовых актов. При перевозке ловчих хищных птиц требуется наличие их идентификационных карт (паспортов) или иных соответствующих документов других стран.

9.

Держатель ловчих хищных птиц обязан допускать представителей уполномоченного государственного органа в сфере охоты и охотничьего хозяйства с целью проверки условий их содержания. Регулярность проверок должна осуществляться не чаще чем раз в год. В случае ненадлежащих условий содержания их держателю выносится предписание об устранении недостатков и нарушений, которое он должен исполнить в указанные сроки. При невыполнении предписания в указанные сроки ловчая хищная птица может быть изъята уполномоченным государственным органом в сфере охоты и охотничьего хозяйства (его территориальным структурным подразделением).

10.

В случае нахождения погибших ловчих хищных птиц, которые помечены кольцами, они сдаются в уполномоченный государственный орган в сфере охоты и охотничьего хозяйства (его территориальное структурное подразделение).

Кыргызча
Алгыр жырткыч куштарды багуунун эрежелери 1. Аңчылыктын салттуу улуттук түрлөрүн сактоо жана колдоо үчүн аларды алгыр куш катары пайдалануу максатында жырткыч куштарды багууга жол берилет. 2. Алгыр жырткыч куштар ушул Мыйзамдын 12-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык жаратылыш чөйрөсүнөн алынат же катталган питомниктердин ээлеринен же башка мыйзамдуу ээлеринен сатылып алынат. 3. Алгыр жырткыч кушту күтүүчү жырткыч куштарды багуу, аны менен алектенүү жана аларды аңчылыкта пайдалануу боюнча билими жана көндүмдөрү бар экендигин ырастаган "А" категориясын жана кошумча "Л" категориясын көрсөтүү менен мамлекеттик мергенчилик ырастамасына ээ болууга милдеттүү. 4. Алгыр жырткыч куштарды күтүүчү Кыргыз Республикасындагы Аңчылык эрежелерине ылайык аларды колдо багуунун талаптагыдай шарттарын түзүүгө жана ветеринардык контролду камсыз кылууга милдеттүү. 5. Аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү) колдо багууга кармап алынган, сатып алынган жана бастырып чыгарылган алгыр жырткыч куштарга идентификациялык карталарды (паспортторду) жол-жоболоштурат. 6. Алгыр жырткыч куш өлгөн учурда ветеринардык көзөмөл органынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен акт түзүлөт. Аңчылык убагында алгыр жырткыч куш жоголуп кеткенде, анын ээси ошондой эле тиешелүү акт түзөт. Алгыр жырткыч куштун өлүшү жана жоголушу жөнүндө актылар аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү) тарабынан катталат. 7. Белгиленген тартипте жол-жоболоштурулбаган алгыр жырткыч куштар мыйзамсыз олжолонгон жана сатып алынган деп эсептелет. 8. CITES Конвенциясынын колдонулушуна туура келбеген жана туура келген алгыр жырткыч куштарды аңчылык кылуу, көргөзмөлөргө, мелдештерге же башка иш-чараларга катышуу максатында Кыргыз Республикасынын чегине алып келүү/чегинен тышкары алып чыгуу, ошондой эле аларды транзиттик ташуу CITES Конвенциясынын жана башка ченемдик укуктук актылардын талаптарына ылайык аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алгыр жырткыч куштарды күтүүчүлөрдүн арыздары боюнча берилүүчү маалымкаттардын негизинде жүзөгө ашырылат. Алгыр жырткыч куштарды ташууда алардын идентификациялык карталарынын (паспортторунун) же башка өлкөлөрдүн тиешелүү документтеринин болушу талап кылынат. 9. Алгыр жырткыч куштарды күтүүчү аларды күтүүнүн шарттарын текшерүү максатында аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрүн киргизүүгө милдеттүү. Текшерүүлөрдүн үзгүлтүксүздүгү жылына бир жолудан көп болбогондой жүзөгө ашырылууга тийиш. Аларды күтүүнүн шарттары талаптагыдай болбогон учурда, күтүүчүгө кемчиликтерди жапа тартип бузууларды четтетүү жөнүндө жазма буйрук чыгарылат, ал аны көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылууга тийиш. Жазма буйрукту көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарбаганда алгыр жырткыч куш аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (анын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү) тарабынан алынып коюлушу мүмкүн. 10. Шакекче менен белгиленген өлүп калган алгыр жырткыч куштар табылган учурда, алар аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (анын аймактык түзүмдүк бөлүмүнө) тапшырылат.