Перейти к содержимому
GPTKG
ст. 16
Закон КР от 13 марта 2014 года № 41 "Об охоте и охотничьем хозяйстве" · гл. 4Статус: действует

Статья 16. Кадастр охотничьих животных

1.

Кадастр охотничьих животных содержит данные мониторинга по ареалам распространения, численности и структуре популяций, состоянию мест обитания, добыче в рамках охоты, фактам незаконной добычи, по содержащимся в неволе изъятым из природной среды ловчим хищным птицам (соколообразным) и другим охотничьим животным и иную информацию по охотничьим животным.

2.

Кадастр охотничьих животных ведется в целях оценки и прогнозирования их состояния и воспроизводственной способности, повышения эффективности координации их устойчивого использования, определения перспектив развития охотхозяйственной деятельности.

3.

Кадастр охотничьих животных служит в качестве основного официального источника информации для оценки состояния и характеристики животного мира как природного ресурса, имеющего определенную экономическую стоимость.

4.

Кадастр охотничьих животных ведет уполномоченный государственный орган в сфере охоты и охотничьего хозяйства.

5.

Охотпользователи и иные лица представляют кадастровые сведения в уполномоченный государственный орган в сфере охоты и охотничьего хозяйства для включения в кадастр охотничьих животных.

6.

Порядок ведения кадастра охотничьих животных утверждается Правительством Кыргызской Республики.

7.

Порядок ведения кадастра охотничьих животных входит в единую для Кыргызской Республики систему ведения государственных кадастров объектов животного мира, водных объектов, лесных и земельных ресурсов.

Кыргызча
Аңчылык жаныбарларынын кадастры 1. Аңчылык жаныбарларынын кадастры популяциялардын таралуу ареалдары, алардын саны жана түзүмү, жашаган жерлеринин абалы, аңчылык алкагындагы олжолоо, аларды мыйзамсыз олжолоо фактылар боюнча, жаратылыш чөйрөсүнөн алынган колдо багылган алгыр жырткыч куштар (шумкар сымалдар) жана башка аңчылык жаныбарлары боюнча мониторингдин маалыматтарын жана аңчылык жаныбарлары боюнча башка маалыматтарды камтыйт. 2. Аңчылык жаныбарларынын кадастры алардын абалын жана көбөйүү жөндөмдүүлүктөрүн баалоо жана божомолдоо, аларды туруктуу пайдаланууну координациялоонун натыйжалуулугун жогорулатуу, мергенчилик чарба иштерин өнүктүрүүнүн келечектүүлүгүн аныктоо максатында жүргүзүлөт. 3. Аңчылык жаныбарларынын кадастры жаныбарлар дүйнөсүнүн абалын жана мүнөздөмөсүн белгилүү бир экономикалык наркы бар жаратылыш ресурсу катары баалоо үчүн маалыматтын негизги расмий булагы катары кызмат кылат. 4. Аңчылык жаныбарларынын кадастрын аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүргүзөт. 5. Аңчылыкты пайдалануучулар жана башка адамдар аңчылык жаныбарларынын кадастрына киргизүү үчүн аңчылык жана мергенчилик чарбасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кадастрдык маалыматтарды берет. 6. Аңчылык жаныбарларынын кадастрын жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. 7. Аңчылык жаныбарларынын кадастрын жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасы үчүн бирдиктүү болгон жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттеринин, суу объекттеринин, токой жана жер ресурстарынын мамлекеттик кадастрын жүргүзүү тутумуна кирет. 5-глава. Аңчылык жаныбарларын сактоо жана көбөйтүү